АК+КАРА (балеринанын тагдырын талкалаган ата-баланын баяны)

(Башы өткөн сандарда)

Аскардын мындай бошогонун биринчи көрүшү Алмаздын. Адатынча күлүп досун далыга таптады.

– Баягы “Сынган кылыч” китебиндеги Мусулманкул аталыкка окшоп ичиңде дагы деле бир амал бардай жүрчү элең. Бул жолу амалыңдын баары түгөндүбү, досум? Чындап түгөндүбү?

– Сонун кез эле, китептерибизди алып койду жайымыш болуп, китеп окугандан тажасак ат чаап, атыбыз чарчаганда бири-бирибизди ат кылып минип күн кандай өткөнүн билбей калчу элек.

– Сен бардык оюнда чырдап жатып утуп кетчү элең, эсиңдеби?

– А сен оозуңду ачып мага макул боло берчүсүң.

– Мен сени менен жөн эле талашкым келчү эмес. Жеңиш деген талашып чечилчү нерсе эмес.

Аскар ойлонуп калды. Ойлонуп көрсө Аскар ошол убакта жеңдим дегени менен, акыйкатында Алмаз жеңчү экен. Жашоодо ар дайым Алмаз жеңиптир. Өзүн андан акылдуу деп эсептеген менен, кыйын деп эсептеген менен тагдырда да, оюнда да, жашоодо да Алмаздан утулуп эле басып жүрчү тура. Өмүр бою чындап сүйгөн аял да Алмаздыкы болду. Ушул устаканасында туруп эле Алмаз аны утуптур. Ааламды кыдырып, эл алдында бакылдап депутат болуп, масштабдуу маселелерди чечимиш болуп жүргөн, аялдардан гарем куруп жүргөн Аскарды утуп жүрүптүр. Бул акыйкат өзүнөн-өзү калкып чыкты. Таң калды!

– Сен кыйынсың, Алмаз,- деп койду өкүт менен.

– Сен да кыйын болчусуң. Экөөбүздүн айырмабыз – сен эгоңдун курмандыгы болдуң. А мага аз нерсе жетиштүү болду. Эң негизгиси, Гүлүм жетиштүү болду. Өспүрүм кезимде “Гүлүм мага турмушка чыкса башка эч нерсени каалабайм” деп ойлочумун. Чындап андан башка эч нерсе каалаган жокмун. Башкасын Кудай мага өзү берди.

Аскар көзүн жума берди. Эми гана Гүлүм эмнеге аны тандабай, өзүнүн түшүнүгүндө көрүнүксүз эле Алмазды тандаганын түшүндү. Акылдуу кыз болчу ал. Аскар аны алса “мага ушул эле жетет” деп токтоп калмак эмес. Гүлүм деп сыздаганы менен, анын чыныгы баркын Алмазчалык түшүнмөк эмес, барктамак эмес, ага баары аз болчу. Куду ичинде бир ажыдаар бар сыяктуу тойбойт эле. Көз кычыктарына жаш келе түштү. Эрки менен силкип токтотту.

– Комузуң кайда, Алмаз?- деди.

– Тигине, илинип турат, эриккенде кыңгыратып коём.

Аскар комузду колуна алды. Алмаз экөө чогуу үйрөнгөн, бирок Аскар мыкты чертчү, мыкты ырдачу, келишимдүү эле, кимдин болсо да көңүлүн бура алчу. Кыңгыратып отуруп чертип кетти. Колу бир аз унута түшкөн экен, бирок тез эле эстетти. Муңдуу күү чакан устакананын ичине толуп чыкты. Көз алдына атасы, апасы тартылды. Жүрөгү сыздап чыкты, болбой эле черте берди. Алмаз элейип кулак төшөдү. Бир маалда Аскардын жүзүн карады. Купкуу болуп чыккан экен.

– Ээ-эй, эмне болду?

– Жүрөгүм...- дей берди кубарып.

Эсин жоготуп бара жатты, эсинде калганы Алмаздын корккон көздөрү эле.

ххх

Айсулуу үйүнө келип эмне кыларын билбей ары-бери баса берди. Кыргызстанга келгенден бери эки күн өттү. Эми чоң коркунучу менен бетме-бет келиши керек эле. Эрик менен сүйлөшүш керек. Саат чакылдап убакыт жакындап жатты. Банктагы акчасын топтоп, машинасын сатып Эрик каалаган акчаны чогултуп койгон. Бүгүн акчаны берет да, чындыктын баарын угат. Андан кийин эмне болорун бир Кудай билет. Телефонуна СМС келди. “Келдим” дептир да, даректи жазыптыр. Сумкасын алып бир саамга ойлонуп турду да, шарт чыгып кетти. Ээн кафелердин бири болчу. Кара күрмө кийип, кепкасын чекесине чейин түшүргөн эңгезердей болгон жигит экенин тааныды. Эмнегедир коркууну унутту. Тез жанына барды.

– Отур,- деди тиги столду көрсөтүп.

– Баарын башынан айтып бер.

– Жалгыз келдиңби?

– Ооба.

– 7 жыл мурун... Кыскасы, бул окуяда сен, Эркин, мен, баарыбыз курмандыкпыз. Баары бизден мурун башталган. Эркиндин атасы Аскар мурунку депутат, байлыгы бар, авторитети бар адам. Аялдарга аябай жакын эле, ошол себептен сенин апаң менен...

– Эмне-е?

– Ооба, Альфия менен Аскар бир нече жыл көңүлдөш болуп жашашат. Атаң аны билген менен, эмнегедир ажырашып кетпептир. Ал жагын мен билбейм. Альфиядан тажай баштаганда Аскар анын кызын кокустан көрүп калат. Балерина, ажарлуу, сулуу кызга, кыскасы, сага...

Айсулуунун үстүнөн бирөө кусунду төгүп жаткандай болду. Эмне деген окуя бул? Эмнеге ушунун баарын сезген жок?

Эрик көзүн ылдый каратып, бирок так, түшүнүктүү сүйлөп жатты.

– Аны Эркиндин апасы билип калат, уулуна арызданып ыйлайт, алардын колунда болгону сенин социалдык тармактагы сүрөтүң болгон. Эркин апасы үчүн сенден өч алгысы келет, сени жазалаш үчүн мени жана Санжарды пайдаланат. Мен да келесоо болчумун, болбосо эмнеге анын сөзү менен бул ишке бардым дейм да? 7 жыл түрмөдө жатып чыктым. Сен ал жактын кандай экенин билбейсиң. Менин статьям менен жаткандарга тынчтык жок. Кордук көрүп жатканда миң жолу Эркинден өч алам деп каргандым. Өч алам! Бирок сен анын атасынан өч аласың!

– Атасы?

– Сенин атаңды Аскар өлтүрдү. Атаң чындыкты билген, Эркиндин да тиешеси бар экенин билген. Далили да бар болчу. Бирок аны жолдон алып салышты. Ким кылды аны да айтып берейинби?

Айсулуу ооз ача албай калды. Куду коркунучтуу сериал көрүп жаткандай сезилди. Аптыга башын ийкеди.

– Аскардын буйругу менен менин атам өлтүрдү! Менин далилим жок, бирок бул иште менин атамдын тиешеси бар экенин сезем. Анткени акча үчүн өз уулун саткандан да артка кайткан жок. Бул чындык! Сен барып так Эркинге турмушка чыкканыңды билгенде “оп бали!” дедим. Мындан артык кандай өч алмакмын? Башында акчасын саап жүрдүм. Кийин кыйшаңдай баштады. Ал ошондой неме...

– Эркин мунун баарын билчү беле?- деди араң чыккан үнү менен Айсулуу.

– Албетте, тагдырдын тамашасы менен сени сүйүп калыптыр. Санжар айтты “Айсулууга чындыкты айтсаң, ал андан кетсе, андан артык өч ала албайсың. Анткени анык жашоосу ошондо бүтөт Эркиндин” деди. Жашоосу бүттү! Эми суицид кылабы, же башка кылабы, ал жагына башым оорубайт.

Айсулуу эч нерсе дей албады. Дарманы калбаганын сезди. Бирок ушул коркунучтуу адамдын жанынан кетиши керек. Араң ордунан турду.

– Э-эй, кана акча?

– Аа, азыр...- сумкасындагы конвертти алып араң сунду. Эрик мылжыйган боюнча акчаны алып ичин ачып купшуңдап сүйүнүп алды. Айсулуу чыгып кетти. Кайда барарын, кимге барарын билген жок. Чарчап калганча эле баса берди. Акылы чар-жайыт. Сезимдери баш аламан. Бир кезде чарчаганынан бир жерге отура калды.

– Айсулуу?- деди бирөө чыканактан кармай. Көзүн араң көтөрдү, атасынын жакын досу, кесиптеши Тилек байкеси экен.

– Машинадан сенби же сен эмеспи деп... Айсулуу, сен Москвада эмес белең? Качан келдиң?

– Тилек байке...- кыздын көздөрү коркунучтуу бакырайып кетти. Тилек анын абалын түшүнө калды. Колтуктай тургузуп машинесине алып барды.

– Азыр, азыр, баарын сүйлөшөбүз.

Тилектин үйүндө араң өзүнө келди. Тамчылатма дары куюп уктатып коюптур, жакшы уктагандан кийин ойгонду. Болгон окуя эсине түшүп иренжип кетти. Тирүү экенине жини келип кетти. Ичиндеги тирүүлүктүн кабарын берип кыймылдап жаткан баласына кыжыры кайнады. Бүтүндөй дүйнөнү алаканына салып туруп өрттөп жибергиси келип турду.

– Эмне болду, Айсулуу?- деди Тилек анын азыңкы жүзүн карап.

– Атамды ким өлтүргөнүн билдим.

– Айсулуу, сен Анвардын кызысың, ал менин жакын досум эле. Мени агаңдай көрсөң. Эмне уксаң ошол замат унут. Өз жашооң бар, эне болгону жатыпсың. Өткөн окуя эч кимге пайда алып келбейт. Анвар кайра тирилип келбейт. Кандай кылсаң да бул нерсени өзгөртө албайсың. Жакшы жигитке турмушка чыкты деп уккам. Бул окуяга аралашпа...

Айсулуу башын чайкай берди.

– Сиз билбейсиз да...

– Эмнени?

– Атамдын өлүмүнө тиешелүү адамдын уулуна турмушка чыкканымды. Мен азыр боюмда ошол адамдын тукумун көтөрүп жүрөм.

– Эмне деп жатасың?

– Эркин депутат Аскардын уулу! Атам билген, сиз билген, ал тургай апам жакшы билген адам! Мени билип туруп апам да токтотпоптур.

– Апаңдын бул иштен кабары жок.

– Кандайча?

– Анвар баарын ичине сактаган. Мага да айткан эмес, бирок ал жөн жерден жол кырсыгына кабылбаганын сездим.

Тилек ойлонуп калды. Кызды боору ооруй карады.

– Эмне бар оюңда?

– Азырынча билбейм, бирок баарынан өч алам!

– Антпе, Айсулуу, сен аларга тең келе албайсың.

– Ал менин атамдын, дүйнөдөгү эң жакын адамымдын өмүрүн алды. Мен эч нерсе болбогондой жашоомду улантамбы?

– Эч бир нерсени ордуна келтире албайсың. Өзүңө залал бересиң.

Айсулуу башын чайкады. Ичинде күйүп жаткан отко бул сөздөр бир тамчы суу серпе албады. “Бардыгы жооп берет” деп кекенип жатты ичинен. Баары жооп берет...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1019, 17-23-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан