Бекжан Темирхан, ырчы: “МАИ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ТОССУН ДЕП АЛАРГА ТИЙИШЧҮМҮН”

Ырчы Бекжан Темирхан унаасы менен тааныштырат. Ал бул маекте Инстаграмга видео тартам деп кырсыктаганын, кыялындагы унааны, үйлөнүү тууралуу ойлонуп жүргөнүн айтты. Анда эмесе Тойота Виндом унаасында биз менен чогуу сапарга чыгыңыз.

Үлгүсү: Toyota Windom

Чыгарылган жылы: 2002-жыл

Кыймылдаткычынын көлөмү: 3000 сантиметр куб

Эң жогорку ылдамдыгы: саатына 180 чакырым

Баасы: 5 миң доллар

"УНАА АЛГАНДАН КИЙИН ГАНА АЙДООЧУЛУК КҮБӨЛҮК АЛДЫМ"

– Мен ырчылык менен унаа айдагандан башка нерсеге кызыкпайт экенмин. Унаа айдаганга кичине кезимден кызыгам. 8-классымда Волга алганбыз. Ошону атам экөөбүз талашып айдап жүрүп бирдей үйрөнгөнбүз. Бул менин алгачкы унаам. Алганыма бир жарым жыл болду. Унаа алгандан кийин гана айдоочулук күбөлүк алдым. Күбөлүк алгандан кийин МАИ кызматкерлери тоссо, мен күбөлүгүмдү көрсөтсөм деп жүрдүм. Аларга атайын тийишип да койчумун (күлүп). Анан бир ирет Сокулуктан тосуп калышты. Тааныш байкелер экен. “Сен күбөлүк алдыңбы?” деп күлүп сурап калышты. “Алдым, көрүндүгүн бербейсизби” деп көрсөткөм.

Кийин жакшы эле кармала баштадым (күлүп). Кечинде тойго шашып жатканда көп кармалам. Таанып коё бергендер бар, таанып туруп атайын коё бербегендер да бар. Азыр төлөнө элек 10 миң сомдой айып пул бар.

Мен мурунтан эле Lexus 330, 470ке кызыгам. Эки жакка чыгып калганда Кыргызстанда жолдор жаман да. Ошондуктан да бийик унаа айдаган ыңгайлуу.

“БЕТИ-БАШЫ КАНЖАЛАГАН ЭЖЕ МЕНИ КАРАП, “ЖАРДАМ БЕРГИЛЕ” ДЕДИ”

– Бир ирет Аксыдан тойдон келе жатсам жол аябай кооз көрүнүп кетти. Ошону видеого тартып Инстаграмга жүктөп коёюн дегем. Видео тартып баштасам эле унаам жолдун четиндеги дөңгө катуу чыгып капталдап туруп калды. Көрсө, мен тормозду басам деп газды басып алыптырмын. Аны кийин түшүндүм. Унаанын алды бир аз жабыркаган. Кырсык каш-кабактын ортосунда экенин ошондо билгем. Негизи рулда отурганда телефон кармачу эмесмин. Ошондон кийин такыр кармабай калдым.

Бир ай мурун Суусамырдан жаман кырсыкка күбө болдум. Биз унаадан түшүп, байкелер менен учурашып жатканбыз. Бир маалда тарс деген үн чыкты, КамАЗ менен жеңил унаа сүзүшүптүр. Бир апа унаадан түшүп мени карап туруп “жардам бергиле” деди. Башынан кан куюлуп жатты. Мен турган жеримде катып калдым. Барайын деп жатам, бирок бутум баспайт. Дагы бир эже түштү, андан да кан куюлуп жатат. Мени “сен барбай эле кой” деп алыс алып кетишти. Жаныбызда “Тез жардамда” иштеген бала бар болчу, ал барып жардам берди. Башка балдар да жардам беришти. Ошондон катуу коркуп калыптырмын, шаарга келгенде дагы унута албай кыйналдым. Ал жактан келген күнү эле кечинде көз алдыбызда жеңил унаа жөө жүргүнчүнү уруп кетти. Буларды көрүп аябай коркуп абайлап калдым. Сактыкта кордук жок дейт, абайлашыбыз керек экен.

“АЯШ БАЛДАРДЫ КӨРҮП ҮЙЛӨНГҮМ КЕЛИП ЖАТАТ”

– Унаасы жакшы, акчасы бар болгону үчүн адамга башкача мамиле кылгандарды көрдүм. Бирок мен адамдын адамгерчилигине карап мамиле кылам. Акыркы күндөрү классташтарым менен көп жолугуп калдык. Жолукканда мурункудай “бул кыз менен жүрдүм” деп мактанбай, үйлөнөлү, үй салалы, унаа алалы деп сүйлөшүп калдык, чоңоюп калыптырбыз. Ойнойлу, жыргайлы дебей калыптырбыз. Жашоодо ар кандай досторго жолугат экенсиң. Менде эле ушундайбы, билбейм, классташтар ынак болуп жатабыз. Бири-бирибизди түшүнүп, коргоп, колдойбуз, ичимден аябай ыраазы болом.

Азыр үйлөнбөйм, 2-3 жыл коё турам деп ойлончумун. Бирок азыр аяш балдарды көрүп үйлөнгүм келип калды.

“МЕН ДАГЫ ДА ХИТ ЫРЛАРДЫ ЖАРАТАРЫМДЫ СЕЗЕМ”

– Ачыгын айтканда, чыгармачылыгым бир аз токтоп калды. Башкача ыр ырдагым келип жүрөт. Ар бир сабын эргүү менен ырдагым келип жатат. Андай ыр жарата элекмин, чыкпай жатат, өзүмдү да кыйнагым келген жок. Жакында Зарлык Камбаралиевден ыр алдым. Буюрса, күбө болосуздар. Азыр тойлорго көбүнчө “Сени бербейм эч кимге”, “Эзилип бүттүм” менен чакырышат. “Эзилип бүттүмдү” эл башкача кабыл алат, эзилишет тим эле. “Сенин визиттик карточкаң болуп баары бир ушул ыр калат” дешет. Бирок мен андай деп ойлобойм. Дагы да хит ырларды жаратарымды сезем.

“ЖӨӨ ЖҮРГӨНДӨ КӨП ЫР ЧЫКЧУ, АЗЫР ЧЫКПАЙ КАЛДЫ”

– Ырахаттанып айдап келатсаң аны бузган чуңкурлар болот го, ошолорго жиним келет. Мындай чуңкурлар ашуу жакта көп. Төө-Ашуунун жолун азыр оңдоп жатышат. Шаарда кайсы жерде тешик бар экенин билип калдык. Жок дегенде шаардын ичиндеги жолдорду оңдоп коюшса жакшы болмок. Тыгын боюнча айтсам, мен тыгында көп турбайм, чыгып кетем. Кээде шашып жатканда каршы тилкеге чыгып туруп айдап кетем. Алыстан келатканда эле ойлоно баштайм, бул деле шахмат сыяктуу да. Турсаң тура бересиң, аракет кылсаң өтүп кетесиң. Шашылыш эмес болсо музыканы коюп бакырып ырдап отура берем. Кээде тыгын болсо экен, тура береличи дейм.

Кыжырыма тийген айдоочулар – жол бербей койгондор. Сүйлөп жатсам көрүп туруп ары карап отуруп алгандарга аябай жиним келет. “Ушундай адамдар кайдан жаралды болду экен?” деп кечке сүйлөнөм (күлүп). Көбүнчө улуу байкелер жол бербей коюшат. Жөө жүргүнчүлөргө жиним келбейт. Биз аларга токтоп беришибиз керек да. Өзүм деле мурда жөө жүргүнчү болгом, ошон үчүн эки жакты карайм. Мурда жөө жүргөндө көп ыр чыкчу. Азыр унаа айдап жүрүп оюм чачыранды болуп, илхом да келбей калды.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1019, 17-23-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан