“СҮЙЛӨӨСҮ НАЧАР, ТЫБЫШТАРДЫ ТУУРА ЭМЕС АЙТКАН БАЛДАР МЕКТЕПТЕН ПСИХИКАЛЫК СТРЕССКЕ КАБЫЛАТ”

“Мектеп курагындагы баланын бардык тыбыштарга тили келип, берилген суроого ой жүгүртүп жооп берип, 4-5 сүрөт менен аңгеме түзүп калуусу керек”,- дейт Сүйлөөнү жана угууну өнүктүрүү борборунун жетекчиси, сурдопедагог, дефектолог, логопед, Билим берүүнүн отличниги Гүлнара Ногойбаева. Ал сүйлөөсү начар жана тыбыштарды туура эмес айткан балдар мектептен кандай көйгөйлөргө туш болорун, аларды кантип даярдоо керектиги тууралуу айтып берди.

“БАЛА УКПАCА ЖАНА АКЫЛ-ЭСИ КЕЧ БОЛГОНДО СҮЙЛӨБӨЙТ”

“Баарын билет, түшүнөт, болгону сүйлөбөйт” деп ата-эненин баласынын мектеп курагына келип калса да сүйлөөсүнүн начардыгына маани бербей коюшу туура эмес. Болгону эне кош бойлуу кезинде ооруп же төрөт оор болгон учурда, бала кандайдыр бир психикалык жактан жабыркап калса гана кеч сүйлөшү мүмкүн. Калган учурда бала укпай сүйлөбөйт, же акыл-эсинен кеч калып сүйлөбөйт. Эгер балада мындай көйгөй болсо ата-энеси андан чоң көйгөйлөрдүн алдын алуу үчүн жайкы убакта баланы физиодарылоодон, медикаментоздук, аппараттык дарылоодон өткөзүп, андан соң дефектолог, логопеддерге көргөзүшү керек. Биздин борбордогу адистер КИ операциясынан кийин же начар уккан, тили кеч чыккан, кекеч, тыбыштарды айта албаган балдар менен иштешип, аларды мектепке даярдайт.

“СҮЙЛӨӨСҮ НАЧАР БАЛДАР ОКУУДА, ЖАЗУУДА КАТА КЕТИРЕТ”

– 5-6 жашка чейин балдар бардык тыбыштарды таза айтып, кошуп сүйлөп калышы керек. Эгерде сүйлөөсү начар болуп жатса тил адиси-логопедге кайрылып, көйгөйдү чечүү керек. 6-7 жаштагы акыл-эстүү бала эң көп дегенде 8 тыбышты айтпай калышы мүмкүн, алар: с, з, ц, ш, ж, ч, л, р. Бирок аны да мектепке чейин коюуга аракет кылыш керек. Эгерде ушул бойдон мектепке барса алгач сөз окууда тыбыштарды алмаштырат, мисалы, р тыбышын л менен, л тыбышын в менен. Бул баштапкы көйгөйлөр бара-бара туура эмес окууга – дислекцияга жеткизип, бала окуудан тартынып калат. Мугалим, классташтарынын, ата-энесинин кайра-кайра туура сүйлөп, жазуусун талап кылган эскертүүлөрүнөн улам бала психикалык стресске туш болуп кекечтенип баштайт. Окууда эле эмес, бул жазууда да таасирин тийгизет. Муну менен күрөшпөй жүрө берсе сөздөрдөгү тамгаларды алмаштырып жазууга – дисграфияга туш болот.

Мисалы, былтыр биздин борборго мектеп курагындагы Раяна деген кыз келди. Анын с, з, ц, л, р тыбыштарына тили келчү эмес. Мектептен оңолсо керек деп ата-энеси 1-класска берген. Так сүйлөй албай жатканда мугалими анын сөздөрүн оңдоп койгон экен, мындан кийин ал тартынып, суроолорго жооп бербей калган. Ошентип мектепке барбай калган. Ата-энеси невропатологдун дарылоосунан өткөзгөндөн кийин биздин борборго алып келди. Бир жыл ичинде анын кекечтенүүсүн жоюп, туура дем алып, туура сүйлөөгө үйрөтүп, тыбыштарын коюп бердик. Быйыл мектепке барат.

Дагы бир мисалды келтирейин, 13-мектепте окуган 11-класстын окуучусу келди. Ал р тыбышын айта албайт экен, 17 жаштагы кыз чоңойгонго чейин кандай кыйналганын билесизби? “Курбуларымдан тартынчумун, аларга “привет” деп да айта алчу эмесмин, мени оңдоп турушчу, сөздөрдүн р тыбышы жогун издеп айтчумун” дейт. Бул канча жылдык психикалык стресс да. Бизге келгенден кийин р тыбышын айтууда айырмасын үйрөттүк, ал тыбышты айтып кетти. Мындан соң ой жүгүртүүсү да жеңилдегенин, окууга кыйналбастан тапшырганын айтып, ыраазычылыгын билдирди. Мындай көйгөй менен келген чоңдор да аз эмес.

Дареги: Ынтымак конушу, Азия көчөсү, 41 Тел.: 0557900940, 0556825961

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1019, 17-23-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан