Малик Аликеев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «ЖОЛУН КӨРСӨТЧҮ КИШИ БОЛГОНДО ТӨКМӨ АКЫН БОЛМОКМУН»

Малик Аликеев деген ысымды укканда дароо комузун колго алып, анын “беттин көркү нур менен, белдин көркү кур менен” деп ырдап жатканын элестетем. Көпчүлүгүбүз бул агабызды “Мөлмөлүм” ырынан бөлүп элестете албасак керек. Ырчы чоң сыноого кабылып, бир нече операцияны башынан өткөрдү. Азыр кантип калды, кандай жаңылыктары бар, билип көрдүк.

– Арыбаңыз, Малик ага! Ден соолугуңуз жакшыбы? Кандай жаңылыктарыңыз бар?

– Кудайга шүгүр, мына 2-3 күндөн бери Бишкек шаарына келип эл менен баарлашып, радио, телевидение, силерге маек берип жатам, буга дагы Кудайга шүгүр. Ден соолуктун азабын жакшы эле тарттым. Учурдан пайдаланып элиме ыраазычылык билдирип кетким келет, элдин батасы тийип, жакшы болуп келатам. Чоң сахнага кайтсам деген тилегим бар.

Жаңылык, буюрса, концертимди берсем деген ой болуп жатат. Бул ой дагы элдин “сизди сахнадан күтөбүз” деген пикиринен улам келип чыккан. Билсеңер керек, былтыр Сыймык Бейшекеевдер уюштуруп, Малик Аликеевди колдоп коёлу деп Келдибек Ниязов, Амантай Кутманалиев, Өмүрзак Кайыпов жана башка кесиптештерим барып, Таласта концерт койдук. Эл жакшы кабыл алды, баталарын беришти. Экинчи жаңылык, жөн жата бербей кирип-чыгып бир аз ой толгоолорду жазып, бир нерселерди чиймелемиш этип жатам. Ага жакында күбө болосуздар. Сөзү Кабыланбек Балкыбаевге, обону Асейин Добулбековго таандык “Сен дегенде” деген ырды жаңылап ырдап жатам.

– Ооруганда апаңыз жаныңызда болгонун билебиз, көп учурда мындайда дос-тууган, жоро-жолдоштор иргелип каларын айтып калышат?..

– Албетте, эне деген ыйык, эне деген баарынан күйүмдүү. Өзгөчө апамды баса белгилеп айта кетишим керек. Менден да апама аябай кыйын болду, ал мени “бутуна туруп басып кетсе” деп күнү-түнү тиленип, ооруканада да жанымда болду. Ал адамдын ак сүтүн, эмгегин кантип актайм, али суроо боюнча турат. Эми, албетте, достор да кыйын учурда иргелет экен.

“Үмүтүм үзүл-кесил калган кезде,

Үзөңгү буттан тайып турган кезде,

Жан досум, жанымда бол, өтүнөрүм,

Тагдырым таш боорлугун салган кезде”,-

деп Муратбек Мукашев деген агабыз “Жан досум” деген ыр жазып, мен аны “Алтын казынага” өткөрүп бергем. Көрсө, бул кишинин дагы башынан кыйынчылык өтүп, тагдырдын сыноосуна кабылган экен. Ошондон жазылган ыр окшойт. Анын сыңарындай, чуркап, чакырган жерлерден калбай басып турсаң башкача экен. Жатып калганыңда, албетте, иргелет.

– Дос деген сөздүн ичинде эмнелер камтылган?

– Дос деген бийик мамиле, бийик сезим болуш керек. Дос деген сенин кыйынчылыгыңда, жакшылыгыңда тикесинен тик турган, сени сатпаган, алдабаган адам деп билем. Дос тууралуу бир баян айтып берейин. Илгери эки дос болгон экен. Экөө узак убакыт бою көрүшпөй калат. Анан бири экинчисине барып келейин деп камданып, жигиттери менен ашуу ашып досуна конокко барат. А беркиси бул убакта жалгыз баласы каза болуп, аза күтүп отурган болот. Жигиттери “кан досуңуз келатат” дегенде, баягы киши “ыйлап жаткан аялдарды тыйгыла, баланын сөөгүн жашыргыла, мен кан досумду ый менен эмес, ыр-күлкү менен тосуп алышым керек” дейт. Анан досу келип, аны шатыра-шатман коноктоп, кечинде отурганда бир күү чертет. Эртеси жигиттерине досун жети кыр ашырып узатып койгула дейт. Анан тиги досу жол тартып баратып, жигиттерине “аттын башын тарткыла, түндө досумдун күүсүнөн бир нерсе байкадыңарбы? Күүсүнө караганда ичинде арман бар, кайра баралы” деп, анан кайра өкүрүп түшкөн экен. Мына ушундай достор болгон.

– Малик Аликеев деген ысымды укканда дароо “Мөлмөлүмдү” эстейбиз. Өзүңүздүн калемиңизге таандык канча чыгармаңыз бар?

– Өзүмө таандык мурдагы, борборго келгенге чейинки ырларым бар. “Атам менен иниме” деген ырым мисалы, атамдан жаш калып, ошондон жазган окшойм. Анан “Көпөлөгүм” деген ырым бар, аны ырдап жүрөм. Мектепте, 9-класс кезимде жазгам. Азыр эстесем, мен мектепте деле ыр жазчу экенмин. Кыздарга кат жазганда ыр менен жазып, ал кагазды да үч бурчтук кылып кооз бүктөп, анан кат жеткирген “почточу” балдардан берип жиберчүмүн. Эми ал ырлар, албетте, эсимде жок. Ошентсе да аккан арыктан суу агат дегендей, атам Жунуш Аликеев илгери Осмонкул, Атайлар менен иштеген киши экен. Устатым Эстекем (Эстебес Турсуналиев) жакшы билчү атамды, чогуу иштешип, биздин үйдөн далай жолу чай ичкен экен. Кийин мен 8-класста окуп жүргөндө Фрунзеге Комсомолдун 18-съездине келип “Курманбекти” айткам. Ошол жерден Эстекем мени көрүп, “каяктан келдиң? Кимдин баласысың?” деп сурады. “Таластан, Каракол колхозунан келдим, Аликеев Жунуштун баласымын” десем, көрсө, ал киши атамды жакшы тааныйт экен. Ошондон кийин Эстекемдин колуна келип, көзү өткүчө жүрдүм.

– Жамактатып ырдай аларыңызды, бир жолу айтышка чыкканыңызды да билебиз...

– Мен негизи борборго башында акын болом деп келгем. Мектептен бирдеме жазып жүрчүмүн дебедимби. Алгач Замирбек Үсөнбаевге бир ырымды жазып көргөзгөн элем. Ал убакта төкмө акындар азыркыдай чыгып турганда, балким, мен да акын болуп кетмекмин. “Мөлмөлүм” ыры менен белгилүү болуп, мени гастролдорго алып чыгып кетишти. Ошону менен акындык экинчи орунга жылып кетти. Болбосо отурган жерде жамактатып ырдап калчумун. Көрсө, ошол убакта берилип, эргип турган кезим экен. Балким, ошондо колдон-буттан алып мага төкмөлүктүн жолун көрсөтчү киши болгондо акын болмокмун.

– Уулуңуз Кубат да комузга шыктуу экен...

– Уулум комузду жакшы чертет. Сахнага да бир аз чыгып калды, оркестр менен да чыкты. Ошондо көргөндөр “дээринде бар экен” дешти. Анткени оркестрде 60 киши менен бирге чертиш үчүн жакшы даярдык керек да, ал бир аз эле даярданып туруп сахнага чыгып чертип койгон. Азыр Польшада эл аралык мамилелер боюнча окуп жатат. Комузун кошо ала кеткен. 29 жашта. Ал жакта да жөн жүрбөй европалыктарды таң калтырып жатат, сүйлөшүп турабыз. Комуз чертип аларга көрсөтүп турат экен. Комузду, түрктөрдүн сазын, казактардын домбрасын да чертет. Баарын өздөштүргөн, баары колунан келет.

– Эми сизге эркин микрофон.

– Сиздерге рахмат, унутта калтырбай чакырып койгонуңарга ыраазычылык билдирем. Илгери Шаршенге сөз берсе сөзүн “берсе Кудай кыргыз элиме берсин, анын ичинде солтого, солто ичиндеги күнтууга, анын ичинде Термечиков Шаршенге берсин” деп баштачу экен. Анын сыңарындай кыргызга берсин, кыргыз элинин ичинде элим, жерим деп күйгөн жигит, кыздарга берсин. Баарында ден соолук, ыйман болсун. Япондор айтат экен, улуттук маданият өнүкмөйүнчө экономика өнүгүшү мүмкүн эмес деп, андыктан каада-салтыбыз, улуттук маданиятыбыз өркүндөп-өссүн деп тилейм.

– Сиз дагы ден соолукта болуңуз!

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1019, 17-23-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан