– Кадимки кечтердин бири эле. “Чың” дей түшүп, телефонума билдирүү келди. Тамак жасап жаткам, колум суу болуп көңүл бура албай калдым. Дагы бир билдирүү келди. Шаша-буша телефонду колума алып, андагы сүрөттү көрүп бирөө мени башка чаап жибергендей туруп калдым. Сүрөттө менин күйөөм менен жапжаш кыз өбүшүп турат! Экинчиси куду порно сайттарга жарай тургандай кумарлуу сүрөт!
Аптапта кыш чилдеси уруп кеткендей чыйрыктым. Тамагыма туруп калган эмне экенин билбейм. Аба жетпей аптыгып кеттим. Кайра-кайра карайм, монтажбы деп коём. Жок, андай эмес экен.
Кызык, күйөөсү көзүнө чөп салганда аны билип калган аялдар тууралуу сценаны кинолордон көп көрчүмүн. Меники анын бирине окшобой турду. Алар табак-аякты ыргытып, чаң-будуң салышчу эмес беле. А мен эмне турам? Бутум зылдай оор, денем андан да кыймылсыз. Жалдырап эле сүрөттү тиктеп тура бердим. Байкасам тамагым күйүп баратыптыр, аны өчүрүп отуруп калдым. Акылыма сиңдире албай жаттым. Күндө тамак берип жумушка узаткан, кечинде тосуп алган, 18 жылдан бери ысык-суукту бирдей көтөрүп келе жаткан адам менен бул сүрөттөгү адамдын такыр байланышы жоктой сезилди. Бул башка болчу, чоочун. Бирок менин күйөөм экени да факт эле. Телефонума “чың” этип дагы билдирүү келди.
“2000-жылкы болом. Биздин мамилебиз бар. Асан акем сиз менен бактысыз, мени сүйөт, коё берип коюңуз!!!”
Эх-ээ, илепти кара, катары менен үчөөнү коюптур.
Эмне дешим керек бул кызга? Менин улуу кызымдан 3 жаш улуу экен. Эмне деп айтып кантип жеткирем бул акылсызга? Ал оюн кылып жаткан нерсе менин өмүрүм эле. Жаным ачып кетти. Шатырата сөгүп салгым келди. Бирок эмнени утам? Өзүмдү ылдый кылгандан башка эмне табам. Блоктоп салдым.
Эркектер мындай учурда кантип ойлонот билбейм. Бирок аялдар ачууланганда эмне кылаарын билбей калат. Азыр жолдошум кирип келсе бычак менен бир уруп өлтүргөнгө даяр экенимди сездим. Оюма ушу келгенде ашканадагы колума тие кала турган бычактын баарын катып баштадым. Кудай сактасын, шайтан болуп кетсе бир көз ирмем дейт эмеспи. Кечке маал Асан келди. Ашкана жыйналбай турганын, тамак бышпай турганын көрүп кабак-кашы бүркөлө түштү. Ха, тамак даяр болгонго көнгөн да... Мындан ары сага тамак бермек тургай... Ызам кайнап чыкты.
– Тамак жокпу?- деди ал.
– Ии, тамак жок.
– Эмнеге?
Суроо берип үлгүрө электе телефонду алдына койдум.
– Бул ким?
– ...
– Бул ким дедим сага?!
– Мен...
– Айбансың!
Жаактан ары бир урдум, ал күтпөй тургандыктан колдорум шак дей түштү. Катуу тийдиби, өзү сары неменин жүзү кыпкызыл болуп чыкты. Кызыл такты карап тура бердим, эмнегедир ушуну менен бардык күчүм кеткендей шалак эте отуруп калдым. Тиги чыгып кетти. Кыбыр эткенге дарманым жок. Таң атканча уктаган жокмун. Алдымда каргашалуу сүрөт... Таң агарып келе жатканда Асан жаныма келди.
– Кечир...
– Сен үчүн оңойбу кечириш?
– Эмне дейин башка?
– Мен бул сүрөттөн эмнени көрдүм, билесиңби, Асан? Мен тиги кыздын жаштыгын же сулуулугун көргөн жокмун. Сенин кумарга батып жатканыңды да көргөн жокмун. Мен мындан өзүмдү көрдүм. Баркым жок экенин сездим. Жөн гана жашап жүрүпмүн. Сага корогон жылдарымды, жаштыгымды, эмнеге экенин билбей аракет кыла берген амалсыздыгымды көрдүм. Ушунча жылдык өмүрүмдө мени башка эркектерге кызыккан жок дейсиңби? Же мага кыйшаңдаган адам болбоптурбу? Менин акылыма бул нерсе кылт деген жок дейсиңби? Бирок мен токтодум. Анткени сага туруктуу болгум келди. Жапайы кумардан да бийик нерсе бар. Ал тазалык! Аял-күйөө ортосундагы туруктуулук! Ишеним! Кандай алыстасак да ортобузда эч ким буза албаган ишеним бар деп жүргөм. А сен? Эгерде мен сенин ордуңда болсом сыртта ушундай мамилем бар болсо бетиңе айтып туруп басып кетмекмин. Бул сүрөттөн сенин коркоктугуңду көрдүм. Айтып туруп басып кетсең мен сени жок дегенде сыйлап калмакмын.
– Ооба, сен эле акылдуусуң, укмушсуң. Мен коркокмун. Эмнеге мындай нерсе болду? Кыйын экенсиң ошону анализдеп көрчү,- деди Асан.
– Эмнеге?
– Сен роботсуң! Сен үчүн баары программаланган, балдарың да, мен да, баары сен каалагандай болушу керек. Программа киргизип койгонсуң. Сен чийип берген чийинден өтпөшүбүз керек. Эмнеге? Анткени сен көп акча табасың! Акча табам дедиң таптың, ошону менен кошо сенин аялдык сапатың кетти. Байкасаң, ар күнү биздин жүзүбүзгө карабай туруп “минтип кой, тигинтип кой” деп буйрук бересиң. Эмне кылып жатабыз, эмне сезип жатабыз, ишиң жок. Болгону сен программалап койгондой экологиялык жактан таза тамактанышыбыз керек, оорубашыбыз керек, витамин ичишибиз керек. Ким качан ыйлайт, ага да сен буйрук бересиң. Бир нерсе айтайын десек “шашып жатам, азыр уга албайм, кийин чечели” дейсиң. Сен акча таба турган машинага айландың. Сенин да күнөөң жок эмес!
Жаштуу көздөрүм менен өйдө карадым. Асандын жүзү кумсарып, көздөрү ушунчалык бактысыз болчу. Кызыгы, менин көздөрүмдөн да бактысыз көздөр эле. “Тиги менен бактылуу болсо мага мынча жаны ачып карабайт эле” деген ой келди.
– Мен күнөөлүүмүнбү баарына?- дедим түш көрүп жаткандай.
– Башында сен, кийин мен...- деди ал үшкүрө.
– Бул окуя бир нече ай мурун болгон. Сен мени көрбөй, укпай калдың, бул кыз жаңы жумушка кирди. Анан...
– Жок, укпайм!- дедим мен кулагымды жаап.
– Олуттуу эч нерсе жок ортобузда,- деди ал айласы кете. – Мен сени жакшы көрөм. Мурун кандай жакшы көрсөм дал ошондой. Сен мени өзүңдөн алыстаттың, болбосо сенден башка аялга жашоомдо да, жүрөгүмдө да орун жок. Акча тапканыңда талаш жок, кыйындыгыңда талаш жок. Бирок ошол сага бакыт алып келип жатабы? Аял аялдыгы менен гана бактылуу боло алат.
Асан ушуларды айтты да, туруп кетти. Бул окуя жашоомдун эң чоң сабагы болду. Өзүм менен иштеп отурдум. Тиги кызды такыр эле унутуп калдым деп айтпайм, жарам дагы деле ачыштырып калат. Бирок айыгам, анткени мени айыктырып ала турган, мени чын эле сүйгөн адам бар.
Асандын аялы