ЫСЫКТАН УКТАЙ АЛБАЙ ЖАТСАҢЫЗ...

Жай, ысык... Жайдын аптабы өзгөчө шаардыктар үчүн чоң сыноо эмеспи. Кечкисин бир чети ысыктан, бир чети чымын-чиркейлерден коргонуп жатып кантип таң атып кеткенин билбей, эртеси жумушка чарчаңкы абалда жөнөйсүң. Төмөндө кондиционери жок бөлмөнү кантип салкын кылуунун жолдорун жаздык.

КҮНДӨН КОРГООЧУ ПЛЁНКА

Терезенин айнегине күндөн коргоочу плёнка чаптап коюңуз. Бөлмө дароо салкын болот дегенден алыспыз, бирок кайсы бир деңгээлде күндүн түз тийген нурларынан коргойт.

ТЕХНИКА

Электр плитасы, электр чайниги, электр меши, үтүк, телевизор, ноутбук жана башка техниканын баары бөлмөдөгү абанын температурасын жогорулатат. Ысыбай уктайын десеңиз, жок дегенде уктоочу бөлмөдө техника колдонбоо керек.

АБАНЫ МУЗДАТУУ

Кантип? Жардамга кадимки пульверизатор келет. Ага мупмуздак суудан куюп, ар эки саат сайын бөлмөгө чачып туруңуз. Дагы бир вариант, бөлмөнү нымдаштырып туруучу аппаратыңыз болсо, ага муздак суу жана муздун бир-эки кесимин салып коюңуз. Пульверизаторго да, нымдаштыруучу аппаратка да жалбыз же эфир майларынан 1-2 тамчы же лимондун кесимин салып койсоңуз, аба жагымдуу жыттанып, уйкуңуздун тынч болушуна көмөкчү болот. Үчүнчү ыкма да бар, шейшепти муздаткычтын тоңдуруучу бөлүмүнө 1-2 сааттай салып муздатып алыңыз да, жаткан жайыңызга жакын илип коюңуз. Шейшептен чыккан муздак аба бөлмөнүн салкын болуусуна жардам берет.

ВЕНТИЛЯТОР

Бул жабдык абаны муздатпайт, болгону бөлмөдөгү абанын шамалдап турушун шарттайт. А бизге абанын салкын болушу керек. Ал үчүн вентилятордун алдына муз салынган идиштерди тегерете коюп коюңуз, ошондо гана салкын аба бөлмөгө тарай баштайт.

ООРУП КАЛБАҢЫЗ

Ысыганда салкын душка түшсөң кандай керемет, э?! Бирок кайра-кайра сууга түшө берген жарабайт. Эртең менен, кечинде түшсөңүз жетиштүү. Анан да аябай ысып туруп дароо муздак сууга түшкөндө жүрөккө күч келет, муну да эске алыңыз. Жаткан шейшебиңизди муздак сууга салып же кийимиңизди суу бойдон кийип алсаңыз, бөйрөк оорусуна кабыласыз. Андан көрө жогоруда айткан ыкмаларды жасап көрүңүз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1019, 17-23-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан