ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 20-26-июнга чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Жубайыңыз сиз менен чогуу иш-чарага, той-салтанатка баргандан баш тартышы мүмкүн. Анын мындай пассивдүү позициясын “мени колдобойт”, “мени түшүнбөйт” деп кабылдап, мамилеңизди начарлатып албаңыз. Үйүңүздү иретке келтирип, эмерек сатып алсаңыз болот. Бойдоктор сүйүктүүсүн кайдыгерликке айыпташат, балким, ортоңуздардагы бир калыптагы мамилеге туз же мурч кошуу керектир, ойлонуп көрүңүз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Аптада романтикалык сүйүү мезгилин баштан өткөрүп жаткан букачарларды ийгилик коштойт. Сүйүктүүңүз менен шаар четине чыгып пикник уюштуруп, же аны театрга чакырып, кызыктуу спектакль көрүүнү сунуштаңыз. Балалуу букачарлар алардын тарбиясына көңүл бурганы туура. Убактыңызды бөлүп балдарыңызды циркке, эс алуу жайына алып барыңыз. Ден соолукка кам көрүүнү унутпаңыз, сасык тумоолоп калышыңыз мүмкүн.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Турак жайын жакшыртып же конуш которуп жаңы өргөөлүү болгусу келгендердин иши оңунан чыгат. Каржылык абалыңыз жакшырат.Дачаңыз болсо жер иштетип, короо сугарып үй-бүлөңүз менен чогуу чарбачылык кылсаңыз болот. Аптада сүйүү, романтикалык мамилелерден ийгилик күтпөңүз, сезимдериңиз анчалык күчтүү болбойт. Эс алуу күндөрүн кызыктуу чыгарма окуп же кино көрүп өткөрсөңүз натыйжалуу болот.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Жашооңузда кызыктуу адамдар менен баарлашасыз, алардын арасында ичер суусу түгөнүп бараткандар да болот. Мындай баарлашуу сизге өмүрдүн, жашоонун баалуулугун үйрөтөт. Ата-энеңиз же жакындарыңыз менен келишпестик орун алышы ыктымал. Мамилени тез арада жөнгө салышыңыз керек, антпесе жакындарыңыздын колдоосу жок демилгеңиз ишке ашпай калат. Спорттук мелдешке катышкандарды да ийгилик коштойт.


АРСТАН (23.07-23.08)

Аптананын биринчи жарымында каржы маселесине тиешелүү көйгөйлөрүңүздү ийгиликтүү чече аласыз. Жашооңузду ыңгайлуу кылуу үчүн өзүңүзгө болгон шарттарды түзүүгө аракет кылыңыз. Банктан насыя алуу, кыймылсыз мүлктү күрөөканага коюу сыяктуу тобокелчиликти талап кылган иштерге барбай турганыңыз оң. Жакындарыңыз сизден жашырып жүргөн окуядан кабардар болосуз. Эс алуу күндөрүн спорт менен машыгып, табият коюнунда өткөрсөңүз болот.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Физикалык абалыңыз канчалык бекем болсо, ден соолугуңуз ошончолук чың болот. Унааңыздын жабдуулары бузулуп, аны оңдоо иштерине ашыкча чыгым кетиришиңиз мүмкүн. Бойдоктор сүйүктүүсү менен гармонияга жетип, өнөктөшүңүздүн билбеген жактарын ачып, жаңы мүнөздөрүн биле аласыз. Чет жакка эс алууга чыгууну каалагандар аба ырайына карап план түзгөнү оң. Материалдык маселеңизди оңой чечип берчү адам табылат.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Бул күндөрү сизге эмне болуп жатканын түшүнүү, жаңы иш-аракеттерге көнүү үчүн тынчтыкта эс алуу керек. Ден соолугуңузга өзгөчө көңүл буруңуз, энергияңыз жетишсиз болуп жатса өзүңүзгө жаккан нерсени жасап энергия топтоңуз. Ашыкча салмактан арылгысы келгендер диетасын ушул жума баштаса натыйжалуу болот, ошондой эле салмак кошкусу келгендер да аракетти ушул жума баштаганы оң. Көпчүлүк убактысын жумушта өткөргөн таразалар тыныгуу алганы туура.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Чаяндар достор жана пикирлеш адамдар менен байланышты активдештирет. Интернеттеги романтикалык таанышуу жашоодо уланып, сезимдер от алып кетиши толук мүмкүн. Жеке жашооңуз тууралуу анча жакын эмес тааныштарга айтуудан абайлаңыз. Ал адам сиз тууралуу маалыматты башкаларга такыр башка өңүттө айтып барышы ыктымал. Жумуштагы көйгөйлөр түйшөлтүп, кесиптештериңиз менен келишпестик орун алышы күтүлөт.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Жаракат алуу ыктымалдуулугу жогору, андыктан спорт менен машыккандар абайлоосу зарыл. Команданын курамында спорттук мелдешке катышып жаткан болсоңуз мелдештен баш тартуу сунушталат. Мамилеңиз татаалдашып жаткан досторуңуздан өзүңүздү оолак кармаңыз. Ата-энеңиз менен мамилеңиз жакшырат. Жакындарыңыз сизге каржылык колдоо көрсөтүшү мүмкүн.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Максатыңызга жетүү үчүн көп аракет кылышыңыз керек. Тышкы жагдайлар алдыга умтулууга тоскоол болуп, сиз үчүн жагымсыз бүтүшү мүмкүн. Ойлоруңузду чындап баалаган адам менен кеңешип чечим чыгарыңыз. Үй-бүлөлүк мамиледе сүйүү жана өз ара түшүнүшүү орун алат. Эс алуу жайынан, той-салтанаттардан түгөйүн издеген бойдоктор аптада олжолуу кайтышат.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Аптада негизги күчүңүздү аброюңузду сактап калууга жумшайсыз. Аны сактап калуу сизге жүктөлгөн милдеттерди канчалык деңгээлде аткара алганыңыздан көз каранды болот. Үй-бүлөлүү суу куярлар үйдө бала тарбиялоого толук катышуусу керек, анткени балаңыз сиздин мээримге суусап турат. Чач жасалгасын же кийинүү стилин өзгөртүүнү каалаган суу куяр айымдар чамдаңыздар, аны менен бирге бир нуктагы жашооңуз да өзгөрөт.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Никедеги түгөйүңүзгө иш-аракет кылууга толук эркиндик бериңиз, ал белгилүү бир маселелерди чечүүдө демилгени колго алсын. Үй-бүлөдөгү каржы абалы ойдогудай болбой жатса кошумча жумуш таап, убактылуу 2-3 жумушта иштеп туруңуз. Бойдок балыктарды аптада сүйүү жаатында кубанычтуу кабар күтөт, алыста жашаган түгөйүңүз кокусунан келип сизге сюрприз тартуулашы мүмкүн. Эс алуу күндөрү өзүңүзгө жаккан жумушту жасап эргүү алыңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1019, 17-23-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан