Гүланды, ырчы: “АЯЛ КҮНҮНӨ ЖОК ДЕГЕНДЕ 1 СААТТЫ ӨЗҮНӨ АРНАШЫ КЕРЕК”

“Баштала элек ишти "болбойт" деп ооз менен бүтүрүп койгондор бар, бул туура эмес” дейт бул жолку каарманым, ырчы Гүланда. Мээнеткеч, бир орунда турбаган айым менен ырчылык, ийгилик, ага айтылган сындар, сулуулук тууралуу пикир алыштык. Чыгармачылык менен ишкерликти чогуу алып жүргөн Гүланда айымдын максаттары да бийик экен.

– Гүланда айым, кандайсыз? Ишкерликке да, элдин жакшылыктарына да жетишип тыным албай иштеп жүрүптүрсүз. Чыгармачылык жаатта жаңылыктарыңыз барбы?

– Жакшы, рахмат. Жаңы ырларды жаздырып жатам, ал эми клип тарттырууга убактым жок болууда. Жакында дагы бир жаңы ыр жаздырып, клип тарттырайын деп ойлонуп жүрөм, планымда бар.

– Акыркы жолу “Ойно” деген ырды ырдап чыктыңыз...

– Ооба, Бек Борбиев агабыздын “Ойно” деген ырын ырдадым. Акыркы учурларда тойлорго көп барып жатам, ошого ылайыктап атайын жаздырдым.

– Баары бир чыгармачылыктан бир аз алыстап кеткендейсиз же туура эмес байкадымбы?

– Ким айтты? Алыстаган жокмун. Күндө эң аз дегенде 2-3 тойго барып жатам. Бул да болсо чыгармачылыкта жүргөндүгүм. Алыстады деп такыр ырдабай калган адамды айтса болот го.

– Ыр тандоодо биринчи эмнесине маани бересиз?

– Биринчиден, ыр мага, стилиме, образыма, дене боюма жарашышы керек, үнүмө туура келиши зарыл. Сөзү, обонуна маани берем.

– Кээде ырдоо стилимди өзгөртүп салсамбы деген ой келеби?

– Жок, стилимди өзгөртпөйм го, бирок ырларыма жаңылануу киргизип, балким, рэпер балдар менен дуэт жаздырышым мүмкүн. Өзүм рэп айтып чыгам дебейм, андай болбойт болушу керек. Андай элестете албайм өзүмдү.

– Качан байланышсак да дайым бир иштин үстүндө жүргөн болосуз. Сизге эмне мотивация берет?

– Жашоого келгенден кийин адам баласы ар тараптан аракеттениши керек деп ойлойм. Ошол позициям менен өзүмдү ар тараптан сынайм. Бир нерсени ойлонсом, ошону ишке ашырганга аябай аракет кылам. Максатыма жетмейинче тырышам. Мотивацияны өзүмө өзүм берем. “Гүланда, сен кыласың, кылышың керек” деп өзүм менен өзүм сүйлөшүп, өзүмдү алдыга сүрөп иштей берем.

– Эң чоң максатыңыз эмне?

– Ишкерлик жаатта чоң бир ишти пландап жатам. Азыр ошонун артынан чуркап жүргөн кез. Ал ишти жөн эле жасабай, өркүндөтүп-өстүрүү милдети алдымда турат. Эмне иш экенин азырынча айтпай турайын.


– Эң чоң жетишкендигим деп эмнени айтат элеңиз?

– Жашоого келип, 2 баланын энеси болгонумду.

– Өкүнүчүңүз барбы?

– Жашоодо адам баласы көп жолу өкүнөт, өкүнбөгөн адам болбойт. “Каап, муну минтип койсом болмок” деген ой ар бирибизде болот. Бирок өткөн ишке өкүнгөндүн пайдасы жок. Кылбаш керек, кылгандан кийин өкүнбөш керек.

– Өзүңүздү ийгиликтүү адамдардын катарына кошосузбу? Ийгиликтүү болуш үчүн эмне кылыш керек?

– Ар бир адам өзүн ийгиликтүүмүн деп эсептеп, өзүнө бийик баа берип, өзүн сүйүшү керек деп ойлойм. Ооба, мен ийгиликтүүмүн. Ийгиликке жетүү үчүн аракет жана каалоо керек. Отуруп алып болбойт дей беребиз. Баштала элек ишти "болбойт" деп оозубуз менен бүтүрүп коёбуз. Кылса болот, болтуруш керек.

– Иш жүзүнө ашпай калган пландарыңыз болду беле?

– Көп нерсени болтуруп эле келатам. Ийрим, бала бакча, чачтарач ачкам. Бала бакчаны, ийримди шартыма, убактыма карап жабууга мажбур болдум. Чачтарач иштеп жатат, эжеме өткөрүп бергем. Колумдан келбеген ишти кылбайм, кылсам анда болтурам.

– Аял өзүнө карап жасанып жүрүшү үчүн да эмгек, убакыт керек да. Сиздин дайыма жасанып жүргөнүңүздү көрөбүз...

– Албетте, көп эмгекти, убакытты талап кылат. Өзүңдү карап, сүйүп жүрсөң башкаларга да сүйүктүү болосуң. Аял күнүнө жок дегенде өзүнө бир саат арнашы керек.

– Адамдардагы кыжырыңызга тийген сапат кайсы?

– Отуруп алып негатив сүйлөй бергендер кыжырымды кайнатат. Аракет кылып жаткан адамга “азамат, аракет кылып жатат, ийгилик” деп койбой, тескерисинче, сындап, ар кандай жаман сөз сүйлөшөт. Колуңдан келбейби, унчукпай отур. Болбосо жакшы сөз сүйлө.

– Негатив демекчи, сынды көтөргөндү үйрөндүңүзбү?

– Эбак эле үйрөнгөм. Мага карата эмне деген гана сындар айтылбайт. Сын айтышса, демек, мен элдин оозунда экенмин, бар экенмин да бул жашоодо.

– Ошол сын жазгандар көбүнчө "мактанасың" деп жазышат экен. Эмне деп жооп берет элеңиз?

– Жок нерсеге мактанбайм да. Эмнени мактанып жатам, карап көргүлө өзүңөр. Асмандан алып мактанып жаткан жокмун. Кылган ишимди айтам, бар нерсени айтам. Мындай сөздү колунан эч нерсе келбеген, көрө албас бирөө жазат. Барбы, кылып жатасыңбы, айт сен дагы, жарыяла, мактан, жарнамала. Азыр жарнама менен гана жашап калбадыкпы. Жасап жаткан ишимди элге жарнамалап жатам, муну мактангандык дебейт, иштеп жатат дейт муну.

– Эл эмне дейт деп жашагандардансызбы?

– Мурда ошентип жашачубуз. Антип жашабаш керек экен. Эл эмне дейттен чыга албай кыйналып жашап жүргөндөр бар. Өткөндө бир берүүнү көрүп калдым. Аял күйөөсүн өлтүрүп алып, темир тор артына түшүп калыптыр. “Эл эмне дейт деп чыдап жашап жүрүп, акырында ачууга алдырып күйөөмдү өлтүрүп алдым” деп жатат. Элден тартынбай кетип калса, бири өлбөй, бири темир тор артына түшпөй калбайт беле. Адам өзүнө жакшы болгондой, өзү ошол жашоодон ырахат алгандай жашашы керек. Бир нерсе болсо эл сага жардам бербейт. Мына, ошол аялга эми эл эмне кылып берет? Эч нерсе.

– Коомдо сизди түйшөлткөн маселе кайсы?

– Бизде жумушсуздук күч алууда. Көп адамдар бош жүргөндөй сезиле берет мага. Кыргызстанда завод, фабрикалар курулса, жумушсуздук азайса жакшы болмок, көптөр чет жакка иш издеп кетпейт эле. Айла жоктон балдарын таштап чет жакта жүрүшөт. Натыйжасында балдар ур-токмокко алынып, жагымсыз окуялар катталып жатат. Айрымдары коомчулукка чыгып калып, биз билип жатабыз. Билбегенибиз канча дейсиң.

– Баары жакшы болот деп ишенели. Маегиңизге рахмат!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1019, 17-23-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан