СУУСАМЫРДЫ КАПТАГАН АЛТЫГАНАДАН АРЫЛУУГА БОЛОБУ ЖЕ ЖОКПУ?

Бишкек-Ош жолунан ары-бери каттагандар, табиятка кайдыгер эмес жарандар жакшы билишет, Суусамырдын гектарлаган жайыттарын тикенектүү алтыгана жалмап баратканын. Адамдын денесин каптаган сөөлгө окшоп улам көбөйүүдө. Аларды жок кылуу маселеси адистерди, өзгөчө суусамырлыктарды ойлондуруп, көйгөй Жогорку Кеңеште да бир нече жолу көтөрүлгөн. Бирок сүйүнөрлүк жыйынтык жок, керемет жайлоонун барган сайын кунары качууда. Суусамырдын жайыттарын сактап калуу жаатында мамлекетте кандай иштер жасалып жатат? Дегеле бул жаатта демилге барбы, кызыгып көрдүк.

“АЛТЫГАНАНЫН БУЛ ТҮРҮ УРУГУНАН, ТАМЫРЫНАН КӨБӨЙӨТ”

Мыскалай Ганыбаева, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Биология жана топурак таануу институтунун илимий кызматкери, биология илимдеринин кандидаты:

– Суусамырды каптап бараткан тикенектүү бадалдын аталышы – курумшу сары алтыгана. Топтошуп өсүүчү көп жылдык тикенектүү бадал, бою 0,5-1 метрге чейин жетет. Уругунан, тамырынан көбөйөт. Гүлү сары. Боз топурактуу адырларда, бөксө тоолордо, аска-зоолордо, шагыл таштуу капталдарда жерге төшөлүп өсөт.

Элде алтыгана “караган” деп да айтылат. Алтыгана бадалдары бири-бирине кошулуп, 2-3 метр, ал тургай ондогон метр аралыкты жыш ээлеп калышат. Андай жерлерди мал аралай албайт. Топтошуп өскөн алтыганалардан бизде сасык куурай, илий бүтөөсү (дельфиниум илийская), жука жалбырактуу жер буурчак, каз таман, өлөң, Кыргызстандын кызыл китебине кирген Литвинов чегендери (родиола Литвинова) менен төрт жалбырактуу мандалак, ошондой эле жунгар уу коргошуну, Карелин шилбиси кездешет.

“БАДАЛДЫ ЧАПЧУ ТЕХНИКА САТЫП АЛЫНДЫ, ЭМИ КОЛДОНОБУЗ”

Карлыгач Кубанычбекова, Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин жайыттарды башкаруу, пайдалануу жана жакшыртуу бөлүмүнүн башкы адиси:

– Суусамыр өрөөнүндөгү жайыт 472 миң гектарды түзөт. Алардын 18 миң 200 гектарын алтыгана басып кеткен. Алтыгананын пайдасы да бар. Тамыры 2 метр тереңдикке чейин жеткендиктен аска-зоолордогу жер кыртышынын, таштардын кулап, көчүп кетпеши үчүн зарыл. Бирок алар аска-зоолорду гана эмес, түз жерлерди да каптап баратканы өкүндүрөт.

Аталган өрөөндө Жалал-Абад, Талас, Чүй облустарынын 681 жайыт пайдалануучуларынын 145 миң кой-эчкиси, 16 миң ири мүйүздүү малы, 12 миң жылкысы жайытка чыгат.

Алтыгананы жок кылуу маселеси көп жыл мурун эле көтөрүлгөн. 2016-жылдын 20-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан Суусамыр өрөөнүндөгү алтыгана бадалы менен күрөшүүнүн ыкмаларын тактап чыгуу боюнча тийиштүү органдарга тапшырма берилген. Ал органдарга Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий изилдөө институту, Кыргыз улуттук илимдер академиясы, Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаменти жана башкалар кирет. Ошол тапшырманын негизинде иш план түзүлгөн. 2018-жылы июнь-сентябрь айларында Суусамыр өрөөнүнүн Сандык жайытында жана Бишкек-Ош жолунун 173-чакырымында алтыганаларды жок кылуу боюнча 35 гектарга эксперимент жүргүзүлгөн. Химиялык каражаттардан герлондекс 3 гектарга, ал эми глифосат 6 гектар жерге чачылган. Герлондекстин натыйжалуулугу 90 пайызды түзүп, мал оттой турган табигый чөптөргө зыянын тийгизген эмес. Глифосаттын натыйжалуулугу 50 пайызды түзүп, табигый чөптөргө зыянын тийгизген. 5 гектар жердеги алтыгана ротордук чөп чапкыч менен чабылган. Бирок тамыры калып, ал кийин кайра чыга бере тургандыгы белгилүү болгон. 20 гектар жердеги алтыгана тамыры менен атайын трактор менен казылып көрүлгөн. Алтыгананын тамыры тигинен 1,5-2 метрге, ал эми туурасынан 20 метрге чейин жайылып кете тургандыктан тамырлары менен казганда трактордун сокосу сынып, кыйынчылык жаратты.

2020-жылдын июнь айында механикалык ыкма менен 2 гектар жер тазаланып, 100 гектар жерге химиялык дары чачылып байкоо иштери жүргүзүлдү.

2021-жылы куурай, бадалдарды чапчу заманбап мульчер техникасын сатып алуу үчүн Жайыт пайдалануучулар ассоциациясы 1 миллион 90 миң сом каражат бөлүп берген. Жалпы 1 миллион 465 миң сом чогултулуп, аталган техника Беларустан алып келинген. Ал түз жерлердеги алтыганаларды майдалап чаап, жок кыла алат. Бирок тамыры калып калат, андыктан ал техниканы эми колдонуп, чабылган аянтка дароо мал жайып көрүү жагы пландалып жатат. Мал жайылса жер тебеленип, алтыганалар тамырынан кайра чыкпай калышы мүмкүн.

“БИР ОРУНГА МАЛ ЖАЯ БЕРГЕНДЕН ЧӨП ӨСПӨЙ, ОРДУН АЛТЫГАНА ЭЭЛӨӨДӨ”

Самат Кенжебаев, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Геоботаника лабораториясынын кызматкери:

– Суусамыр өрөөнүндөгү алтыганалардын көбөйүп баратканы малдын санынын өсүп баратканы менен байланыштуу. Анткени жайытты которбой жылда бир жерге эле мал жая берсе ал жердеги тоют өсүмдүктөрү акырындап жоголуп, ордуна тикенектүү өсүмдүктөр чыгып, көбөйөт. Алтыганалардын арасында кызыл китепке кирген өсүмдүк да өсөт, андан тышкары майда жаныбарлар, канаттуулар да бар. Ушул жааттан алганда химиялык каражаттарды чачып жок кылуудан мурда кызыл китепке кирген өсүмдүктү башка жакка көчүрүп отургузуу керек.

Эгер алтыганаларды тамыры менен кошо трактор менен каза турган болушса ордуна тоют өсүмдүктөрүнүн уругун чачуу керек. Жайыттын канча бир бөлүгүн темир зым же тор менен курчап, ал жерге төө, ангор эчкисин жайса алар алтыганаларды жеп, тазалашмак. Ал жерди жеп бүтүшкөн соң дагы бир аянтты курчап, ошол жерге жаюу керек.

Илгери кичине аянтты эксперимент катары өрттөп да көрүшкөн. Бирок тамыры калып, кийин кайра көктөй берген.

Суусамырдагы алтыганаларды жок кылуу да экологияга кандай терс таасири тийиши мүмкүн? Бул маселени Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин, Айыл чарба министрлигинин, Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий изилдөө институтунун, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын кызматкерлеринен турган эксперттик топ изилдеши зарыл. Зоологу жаныбарын, биологу топурагын, башкалары дагы башкасын изилдейт дегендей, анан толук комплекстүү изилдөөнүн жыйынтыгы чыкмак. Ошого жараша иш жүрмөк. Азырынча мындай изилдөө жасала элек.

“ШЫПЫРГЫ ЖАСАСА БОЛОТ”

Бакыт Мураталиев, Жайыл районунун Кожомкул айылынын башчысы:

– Алтыгана тоо-таш эмес, түз жерлерди, ал тургай эшик алдына чейин каптап келүүдө. Мурда эл чөп чаап жүргөн жерлерди да басып баратат. Топтошуп өскөндүктөн малды жайганга, малды өрөөндүн башка жагына айдап өтүп кетүүгө да тоскоол болууда. Аны мал жебейт. Уйлар араласа тикендери желинин тытат. Калың чер болуп калган жерине кой кирсе жүнү тикенектерде калып калат. Мындан, менин оюмча, Кыргызстандагы шаарлардын көчөлөрүн тазалоо үчүн шыпыргы жасаса болот. Мисалы, “Тазалык” ишканасы шыпыргыны ар жактан акчага сатып алгыча, алтыганадан шыпыргы жасап алышса бекер болмок. Жайыт да тазаланмак.

Алтыгананы жок кылуу үчүн тиешелүү бир топ мекемелер аракет кылып жатышат. Химиялык каражат чачып, кол менен оруп да көрүштү, бирок натыйжа жок. Бадалды тамыры менен казчу атайын техника менен казып жок кылса гана болчудай.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1019, 17-23-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан