БИР БҮРКҮМ. ОКУУ ЖЫЛЫ 1-СЕНТЯБРДА БАШТАЛАТ...

  • Билим берүү жана илим министрлиги: 2022-2023-окуу жылы кадимкидей 1-сентябрда башталат.
  • Оңдоп-түзөө иштеринен улам Бишкектин борбордук бөлүгүндө 20-июндан 20-июлга чейин жаратылыш газын берүү токтотулат.
  • Кара-Суу райондук соту “Женго” каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Кадырбек Досоновду актады.
  • Жылдыз Бакашова Мамлекеттик тарых музейинин жетекчиси болуп дайындалды.
  • Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги: Ошто 5 айда миңден ашык жумушсуз жаран жумушка орношту.
  • Аравандын Алля Анаров айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адиси 300 миң сом пара алып жатканда кармалганы айтылды.
  • Ошто Өзбекстан менен Кыргызстанды жер алдынан байланыштырып турган үчүнчү тоннель табылды.
  • 14-июнда Бишкекте 1 жаранды кулаган дарак басып калып, жабырлануучунун буту сынып ооруканага жеткирилди.
  • Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева 13-июнда ЮНИСЕФтин Европа жана Борбордук Азия боюнча өкүлү Афшан Хан менен жолугушту.
  • Жаан-чачындан улам 14-июнда Нарын облусуна өзгөчө кырдаал режими киргизилгени маалымдалды.
  • УКМК: Саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмүнө УКМКнын тиешеси жок.
  • Мамлекеттик салык кызматы: 5 айдын ичинде салыгын төлөгөн жарандар туум жана санкциялардан бошотулду.
  • Ош шаарынын “Тазалык” ишканасынын дебитордук карызы 11 миллион сомду түзгөнү маалымдалды.
  • Красноярск–Бишкек–Красноярск багытында туруктуу аба каттамы ачылды.
  • Бүтүрүүчүлөргө жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаттары 27-июндан 4-июлга чейин тапшырылары айтылды.
  • Элчи Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров Бишкектин Свердлов районунун акиминин орун басары болуп дайындалды.
  • Ализа Солтонбекова Протездик-ортопеддик буюмдар республикалык мекемесинин жетекчиси болуп дайындалды.
  • 16-июнга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 миллиард 301 миллион метр кубду түздү.
  • Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди эки кылмыш иши боюнча актады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1019, 17-23-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан