МИНИСТР ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫГАРЫЛЫП, БАШ ПРОКУРОР КЫЗМАТЫНА КАЙТТЫ

Башкы прокурор Курманкул Зулушев кайрадан кызматтык милдетин аткарууга киришти. Тийиштүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгонун
16-июнда президенттик аппараттан билдиришти.

Курманкул Зулушев үстүбүздөгү жылдын 3-июнунда кызматтан убактылуу четтетилген эле. Буга Башкы прокуратура тарабынан саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата кылмыш ишинин козголушу, министрдин 2-июнда кармалып, камакка алынышы себеп болгон. Президенттин тескемеси менен министр Бейшеналиев да кызматтан убактылуу четтетилген. Бул чечимин президент Садыр Жапаров минтип түшүндүргөн:

Алымкадыр Бейшеналиевге карата кылмыш ишин ар тараптуу жана адилет кароону камсыз кылуу, күнөөсүздүк презумпциясынын конституциялык принциби, иштин жагдайларын изилдөөнүн ар тараптуулук, толуктук жана объективдүүлүк принциби, саламаттыкты сактоо министри менен башкы прокурордун ортосунда түзүлгөн жеке мамилелери эске алынды.

Башкы прокуратура коррупциялык иштерге шектүү деп кармаган Алымкадыр Бейшеналиев 16-июнда Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1019, 17-23-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан