Мезгил үнү
Былтыркы жылы билим берүү тармагына байланыштуу жыйынга катышканымда бир улуу кишинин айтканы эсимде калган эле. Ал: “Бүгүнкү күндө болбогон айлыкка балдарды окутуп жаткан мугалимдерди кесибинин чыныгы фанаттары деп атоого болот”,- деген. Бирок фанат болуудан да чарчаган мугалимдер бир айдан бери пикетчиге айланышты.
БАЗАР-КОРГОН ӨКМӨТ ҮЧҮН “БАЛЭЭ” БОЛОБУ?
Бир кезде коомчулуктун эң кадыр-барктуу жана интеллигент катмарын түзгөн агай-эжейлер бүгүнкү күндө өтө кейиштүү жашоо кечирип келет. Союз учурунда мугалимдик кесип абройлуу болуп, алар жакшы айлык алып, бүтүрүүчүлөр педагогикалык окуу жайга тапшырууга ашыгышчу. Бирок акыркы 19 жылда билим берүү тармагы көңүлдөн сыртта калып, анын ичинде мугалимдердин абалы начарлай берди. Далайы көр оокаттын айынан мектепти таштап, башка тармактарга иштөөгө өттү. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын мектептерине 3 миңден ашуун мугалим жетишсиз. Ошол эле учурда мугалим болоюн деген жаштардын да саны өтө эле аз.
Учурда өлкөнүн түрдүү бурчтарында өтүп жаткан митингдер 1-декабрда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунан старт алган. Алгачкылардан болуп айлыгына нааразы болгон базар-коргондук мугалимдер бир канча талапты коюшту. Көп өтпөй, мындай көрүнүш 7-8-декабрь күндөрү Сузакта уланган. Кийин Жалал-Абаддын “шамалы” Ош облусуна жетип, 9-декабрь күнү Өзгөн районунун 400гө жакын мугалимдери митингге чыгышты. Андан ары Ысык-Көл, Нарын жана Талас облусунун райондорунда иштеген мугалимдер жогорудагы акцияга тилектештигин билдирип, митинг уюштура башташты. Азырынча Кыргызстанда бир гана Чүй жана Баткен облусунун агай-эжейлери пикетчи атыгып, көчөгө чыгыша элек.
“КАЗЫНАДА АЙЛЫКТЫ КӨТӨРҮҮ ҮЧҮН АКЧА ЖОК”
Президент Роза Отунбаева мугалимдердин талабы менен тааныш. “Бир сааттын ичинде алардын айлыгын эселеп көбөйтө албай турган шартта экенибизди моюнга алуу керек”,- деди ал. Андыктан агартуучулардын маселеси 1-январдан тарта караларын айткан. Ал эми өкмөт азырынча айлык акыны 30 пайызга жогорулатууну сунуштады. Бул үчүн кошумча 1 миллиард 200 миллион сом табуу керектигин Билим берүү жана илим министри Каныбек Садыков билдирди. Бирок мугалимдер ага макул болбой, эгерде талаптары айтылгандай аткарылбаса, 2-чейректин аягында, тактап айтканда, жаңы жылга жетпей жапырт иш таштамакчы болушту. Мындай жагдайга жеткирбеш үчүн мугалимдер бийлик өкүлдөрүнө кошумча каражат таап, аны кийинки жылдын бюджетине киргизүүнү талап кылышууда.
Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри Айгүл Рыскулова тарифтик сеткадан баш тартып, белгилүү шарттарды (тажрыйбасы, айыл жеринде, бийик тоолуу ж.б.) эске алуу менен айлыкты жогорулатуу зарыл экендигин билдирди. Каржы министри Чоробек Имашев да азыркы тапта мугалимдердин айлыгын жогорулатуу үчүн казынада каражат жоктугун айтат. «Ансыз дагы бюджеттин таңсыктыгы чоң»,- дейт ал.
Мугалимдердин койгон талаптары:
Кыска маалымат:
«АЙЛЫГЫМ ҮЙ-БҮЛӨМӨ ЭМЕС, ӨЗҮМӨ ЖЕТПЕЙТ»
Бишкек шаарындагы №2-орто мектептин мугалими Мейизгүл Бойтоевага суроолорду узатканыбызда төмөнкүчө жооп берди:
– Пикет уюштурган кесиптештеримди колдойм. Мен 21 жылдан бери мектепте иштеп келем, алганым болсо 3100 сом. Башталгыч класстарга аптасына 15 саат сабак берем. Ал үй-бүлөм тургай, өзүмдүн жол кирем жана түшкү тамагыма араң жетет. Ага карабай ишимди таштап кетпей, чыныгы фанаттай эмгектенип келем. Биз кетип калсак, балдарды ким окутуп, ким тарбияламак эле? Ансыз да мектепте улгайган гана мугалимдер калды, жаштар мындай жумушка басып келгиси жок. Маянабызды 10 миң сомго чейин жеткирип койсо жакшы болмок.
ЖЫЙЫНТЫК СӨЗ ОРДУНА
Агай-эжейлер деле жыргаганынан кыштын кычыраган күнүндө көчөгө чыккан жок. Мугалимдер көтөрүп чыккан плакаттардагы «Мектеп тагдыры – өлкө тагдыры» деген жазуунун 100 пайыз чындыгы бар. Анткени өлкөнүн эртеңкиси бүгүнкү окуучулардын колунда. Азыр мугалимдер аргасыздан митингде, ал эми окуучулар сабак жок оюнда жүрсө, эртеңки келечегибиз эмне болот?
Мындай көрүнүш уланып, 70 миңге жакын мугалимдер жана анын окуучулары биригип чыгышса, чоң митингге айланып кетиши толук ыктымал. Андыктан кайрадан ыңкылапка өсүп жеткиче, өкмөт бул маселени кароого тийиш.
Эльвира Караева
koom@super.kg
"Супердин" сурак бурчу
МУГАЛИМ БОЛГУҢ КЕЛЕБИ?
Камила Мелисова,
9 жашта:
– Ооба, болгум келет. Математика сабагын жакшы көрөм. Андыктан чоңойгондо математикадан берген эжедей болуп сабак берсем дейм. Анан мага кыргыз тилден берген Назгүл эжем да жагат. Ага окшоп окуучуларды урушпай түшүнүктүү айтып, «5» коюп турсам...
Зарина Шайдуллаева,
13 жашта:
– Мугалимдер жакшы, бирок бул кесипти тандабайм. Анткени бул кесип азыр престиждүү эмес. Тил үйрөнүп, котормочу болсом дейм. Котормочу жумушунун арты менен чет өлкөлөргө чыгат. А мен саякатты абдан жакшы көрөм. Американы көрсөм деп кыялданам.
Темирлан Жуманазаров,
17 жашта:
– Кичинекей кезимде мугалим болууну самачумун. Бирок учурдагы абалга байланыштуу болгум келбейт. Чындыкты айтып, адамдын укугун коргоп, адилеттүүлүктү жактаган адвокат болгум келет. Анткени азыр адилетсиздик өкүм сүргөн заман.
Айпери Кеңешбекова,
16 жашта:
– Ооба, болгум келет. Өзүмө билим топтоп, аны жаштарга үйрөткөн жакшы да. Мугалимдин акчасы аз дегенибиз менен, берген пайдасы чоң. Ал эми көп акчаны мага болочокто жолдошум эле таап берсин, мен өз ырахатым үчүн мугалим болуп иштейм.
Залкар Данияр уулу,
15 жашта:
– Мугалимдер аз акча алышарын жакшы билем. Ошондуктан мугалим болгум келбейт. Мен деген жигитмин да. Көп акча таап, үй-бүлө багууга туура келет. Ошол себептүү учурда эсепчи болсом деп жүрөм. Ал эми кайсы окууга тапшырам, аны убакыт көрсөтөт.
Алия Бактыбек кызы,
10 жашта:
– Жок, мугалим болгум келбейт. Анткени ал баш ооруткан жумуш. Балдарга кыйкырат, балдар аны жаман көрөт. Мен сонун кийинип алып банкта иштегим келет. Банктан көп акча тапса болот да. Ага каалаганыңды сатып аласың.
Нурсултан Бакыт уулу,
12 жашта:
– Мен мугалим эмес, бизнесмен болуп көп акча таап, жакшы машиналарды айдап жүргүм келет. Мугалим деген кечке мектепте жүрүп, акча алат. Менин бир орунда отуруп, аз акча тапкым келбейт.
Бактыгүл Сокушова