– ККМдерди орнотууну убактылуу токтоттук. Айып пулдарды да токтото турабыз. Патент менен иштөөгө макулбуз деп жатасыңар. 10 күн ичинде жагдайды изилдеп, чечим кабыл алабыз,- деди Жапаров.
Митингге чыккан соодагерлер 2 талап коюп жатышат: ККМ жана эсеп-фактура системинен баш тартуу. Акылбек Жапаров эсеп-фактурасы майда соодагерлерге тиешеси жок экенин айтат.
– Эсеп-фактураны силерден эмес, ири бизнестин ээлеринен, заводдордон талап кылабыз. Мисалы, "Кока-Кола", "Шоро" жана башкалардан. Алар товар уурдалган эмес, салыктары төлөнгөн деп көрсөтүп берүүгө милдеттүү. Айрым заводдор бир вагон товарын түнү менен таратып жиберип, эртеси “эч нерсе саткан жокмун” деп мамлекетке акча төлөөдөн кутулуп кетишүүдө. Ушуну токтотолу деп жатабыз. Бул иште силер да бизге жардам беришиңер керек,- деди чиновник.