– Буга чейин негизинен Африка өлкөлөрүндө катталып келсе, акыркы мезгилде Европада катталды. Бул оору тыгыз байланышта болгондо гана жугат. Биз даярдык иштерин жүргүзүп жатабыз, ошентсе да бизде катталбайт деген үмүт бар. Бирок инфекция чек ара дегенди билбейт, оорулуу адам оорунун белгилери билине элек мезгилде кирип кетиши мүмкүн,- деди Оторбаева.
Маймыл чечеги – чанда кездешчү жугуштуу оору. Оорунун белгилерине дене табынын көтөрүлүшү, чыйрыгуу, чарчоо, баш оору кирет. Ошондой эле териде исиркектер пайда болуп, бүт денеге тарайт. Инкубациялык мезгил 5 күндөн 21 күнгө чейин.