Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаевдин айтымында, быйыл Баткен облусунун жолдорун оңдоого 600 миллион сомдон ашык каражат каралды. Ошондой эле облуста ипотекалык үйлөрдү куруу пландалууда.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Аида Төлөгөнова ипотекалык үйлөр 25 жылдык мөөнөткө берилерин айтты.
– Баткен облусунун өзгөчө макамы жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Биз 200 миллион сом бөлдүк. Бул каражатка Баткен районундагы Бакай, Керме-Тоо айылдарында жана Лейлек районунун Кулунду, Раззаков айылдарына бир кабаттуу турак үйлөр курулат. Мөөнөтү 25 жылдык, 4 пайыз менен берилет,- деди Төлөгөнова.