"Kara Sevda" сериалындагы Зейнептин ролу менен атагы чыккан ХАЗАЛ ФИЛИЗ КҮЧҮКӨСЕ

2015-жылы чыккан “Түбөлүк сүйүү” сериалы Уильям Шекспирдин “Ромео жана Жульетта” трагедиясынын түркчө варианты болду окшойт. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү азыркыга чейин Кемаль (Бурак Өзчивит) менен Нихандын (Неслихан Атагүл) трагедиялуу аяктаган сүйүүсүн айтып, көрүп бүтпөй келишет. Сериалда дээрлик бардык актёрлор баш каармандар сыяктуу эле таасир калтырарлык ролдорду ойношкон. Алардын бири Кемалдын карындашы Зейнеп. Зейнепти көпчүлүк жактырбастыр, бирок өз бактысы үчүн оң-терс, туура-туура эмес жол менен болсо да акырына чейин күрөшкөн каарман болду. Ал каармандын образын ачкан актриса Хазал Филиз Күчүкөсе. Зейнептин ролу үчүн ал “Экинчи пландагы мыкты актриса” наамына татыган. Бүгүнкү күндө да таланты менен көз сүйүнтүп келе жаткан актрисанын өмүр таржымалы менен жакындан таанышалы дедик.

Туулган жери: Түркия, Мерсин шаары

Туулган жылы: 1988-жыл, 9-февраль

Жылдыз белгиси: суу куяр

Бою: 172 сантиметр

Салмагы: 52 килограмм

Кесиби: актриса, модель

Тартылган белгилүү сериалдары: “Түбөлүк сүйүү”, “Деңиз жылдызы”, “Мехмед: Дүйнөнү багындыруучу”, “Күнөөкөр”, “Түш”, “Суук”, “Явуз” жана башка

Музыкада жактырган жанры: Этно-электроника

Өзүн адам катары өстүрүү үчүн: психологиялык китептерди окуп, документалдык тасмаларды көрөт.

Футбол оюндарын калтырбай көргөнгө аракет кылат, түрктөрдүн “Бешикташ” клубунун күйөрманы.

Спорт менен “дос”. Ал багынткан спорт түрлөрү: баскетбол, фитнес, пилатес, аэробика. Стол теннисин да мыкты ойнойт.

"TC Candler" порталынын тандоосу менен “Дүйнөдөгү эң сулуу 100 адам” тизмесине кирген.

Музыкалык аспаптардан пианинодо ойногонду билет, андан сырткары сүрөт тартмай өнөрү да бар.

Темир жолчунун кызы

Хазал: Биринчи жолу сериалга тартылганымда студент элем. “Деңиз жылдызы” жаштардын жашоосун чагылдырган сериал болгондуктан, кээ бир тартуу иштери мен окуган университетте өтчү. Анан бат эле “Хазалдын таанышы болгон үчүн эле тартылып жатат, таланты деле жок” деген сөздөр тарап кетти. Мен эч качан бирөөдөн жөнү жок жардам сураган жан эмес элем. Чындап эле чычаладым. Бирок жалаа жапкандардын ар бирине барып “мен кичинемден эле театрды сүйүп өскөм. Эгизим экөөбүз бири-бирибизге спектакль койчубуз, мектепте бул каармандардын ролун аткаргам” деп далилдей албайсың да. Анан карап тур, кыйын экенимди далилдейм дедим да, тытынып окуй баштадым. Аягында университет боюнча мыкты окуган студенттердин төрттүгүнө киргем. Азыр деле кинодо болобу, спорттобу же башка иштерде өз күчүмө гана таянып келем”.

Чынында эле Хазал Филиздин кино тармагында таанышы болгудай ата-энеси бай же жогорку кызматтагы адамдар эмес. Атасы темир жол станциясында кызмат өтөсө, апасы төрт баласын тарбиялап үйдө отурчу. Хазалдын Ахмет жана Ферхат аттуу агалары бар. Балдары 7-8 жашка чыккыча ата-эне дагы балалуу болуу тууралуу ойлонушкан эмес. 2 бала жетиштүү эле. Бирок бир күнү көчөдөн кичинекей кызды көргөндө кыздуу болсок деген чечимге келишет. Күтүлгөндөй эле кыз төрөлдү. Болгондо да эгиз кыздар... Алгач Деңиз, андан 5 мүнөт өткөндөн кийин Хазал Филиз төрөлгөн. Эки ысымды алып жүрүү кызга көп жага бербейт. Андыктан көбүнчө өзүн Хазал деп гана тааныштырат.

Багын ачкан Фейсбук

Хазал: Театр менен спорт кичинемден бери эриш-аркак келе жатат. Мектепте, университетте да театралдык ийримдерге калбай барчумун. Ошол эле учурда баскетболду да сүйөр элем. Бир учурда эки тармактын кайсынысын профессионалдык деңгээлде алып кетсем деген тандоого туш болгом. Көңүлүмө көбүрөөк баскетбол туура келди, бирок бутумдан жаракат алып калып, спортчу болуу тилегим ишке ашпай калган”.

Мектепти бүткөндө Хазал алгач университеттин искусство тармагына тапшырган, бирок 3 жылдан соң окуусун такыр башка багытка буруп, химия-биология факультетине которулуп кеткен. Сабактан бош убагында достору менен театралдык ийримге барып, спектаклдерге катышып турчу. Бою узун, арыкчырай, спорттук дене түзүлүшкө ээ студент кызга жарнамалык роликтерге тартылуу сунуштары түшүп, акырындык менен фотомоделге айланган. Анын Фейсбуктагы сүрөттөрү кино продюсердин көзүнө илинип, дебюттук ролуна чакыруу алат. Ошентип 2009-жылы “Деңиз жылдызы” сериалы менен расмий актрисалык тушоосу кесилген.

Терс каармандардын ролун сунушташат...

Хазал: Сыртымдан караган адамга текебер, “стерва” көрүнөт окшойм. Актрисалык карьерамды баштаганда да катары менен терс каармандардын ролун сунушташты. Жашоодо жөнөкөй эле адаммын да. Терс каармандын образына кирүү алгач оорчулук жаратты. Анан ар бир каармандын мүнөзүнө, кылган ишине өтмүшү таасир этерин түшүндүм. Өзгөчө терс каармандардын дээрлик көбү буга чейинки жашоосунда моралдык же физикалык жаракатка кабылгандар экен. Анан каармандарымдын жашоосу менен жашаганга, алардын жан дүйнөсүндөгү бурганакты түшүнгөнгө аракет кыла баштадым. Азыр аткарган ар бир ролумду, ар бир каарманымды бир тууганымдай эле сүйөм, түшүнөм”.

Кыргыз көрөрмандарына Хазал Филиз Күчүкөсе “Түбөлүк сүйүүдөгү” Зейнептин ролу менен таанылды. Анчалык тажрыйбалуу актриса болбосо да, анын оюнун кино сынчылар жогорку деңгээлде баалап, актёрдук курамдагы башка актёрлордон эң алгач Хазал “Экинчи пландагы эң мыкты актриса” наамын алган. Андан бери ондогон тасмаларга тартылган актрисанын куржунунда түрдүү образдар, сыйлыктар бар.

Туан Туналыга турмушка чыгып...

Хазал:Химик болгонум үчүнбү, жеген тамагымдын ар биринин курамын билгенге кызыгам. Даамдуу, таттуу тамактарды жей бергенге эмне жетсин, бирок организмге кайсы азык кандай таасир берерин билем да, андыктан пайдалуу азыктарды колдонгонго аракет кылам. Салмагымдын бир калыпта кармалышы – туура тамактануу жана спорттун күчү”.

Актриса азыр да Түркиядагы суроо-талап жогору болгон фотомоделдердин бири. Белгилүү журналдардын башкы бетинен түшпөгөн сулуу убагында турмушка чыгып, ажырашып кеткен. Жогоруда айткан дебюттук “Деңиз жылдызы” сериалына тартылуу учурунда актёр Туан Туналы менен таанышып калат. Экөөнүн мамилеси 2014-жылы бекемделип, нике шакегин тагынышкан. Үй-бүлөлүк союз 3 жылга гана созулуп, экөө эки жолго түшүштү. Андан бери актрисаны ишкер мырзаларга, сериалдагы өнөктөштөрүнө да жабыштырып келишет. Алардын катарында “Түбөлүк сүйүүдө” Эмир Козжуоглунун ролундагы Каан Урганжиоглу да бар. Бирок экөө тең достук мамиледе экенин айтышкан. Жеке жашоосун көпчүлүккө жарыя кылгысы келбеген Хазалдын учурда жүрөгү бош.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1019, 17-23-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан