16-июнда Бишкекте түрк фильмдери жумалыгы башталат. Бул иш-чарага Түркиядан маданият кызматкерлери, режиссёрлор, актёрлор келишти. Кыргыздарга “Кайра жаралуу: Эртугрул” тасмасы менен таанымал Сердар Дениз, Дилек Сербест сыяктуу актёрлор биздин гезитке маек беришти. Түрк фильмдер жумалыгы программасынын жетекчиси, режиссёр Өнер Кылыч да баарлашууну кызытты.
– Кош келдиңиздер, азыр гана учактан түшүп мейманканага жайгашып жатыпсыздар, баары жакшыбы? Баарыңыздар биринчи жолу келип жатасыздарбы?
Өнер Кылыч: – Рахмат, баары жакшы. Мен кыргыз эли эгемендикти алгандан бери келип-кетип жүрөм. Акыркы жети жылдан бери түрк фильмдер фестивалын Бишкекте уюштуруп келем.
– Кыргыз-Түркия ортосунда орток долбоор болушу мүмкүнбү? Кыргыз киносу тууралуу эмнелерди билесиз?
Өнер Кылыч: – Түрк жумалыгынын башкы максаты – кыргыз-түрк киноиндустриясынан орток долбоор жасоо, Орто Азиядагы биздин боордошторубуз Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан болуп чогуу кино тартуу. Түрк тилдүү элдер ортосунда ушундай иштердин башаты катары “Коркут ата” эл аралык фестивалын уюштурдук.
Кыргыз эли менен бир долбоор боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө, “Ата-Бейит” жана Үркүн тууралуу тасма тартууну максат кылып жатабыз. Кыргыз киносун жакшы билем, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиевдердин тасмалары менен таанышмын. Советтер Союзунун алкагында жашап жатканыңыздарда Москвадан кийинки эле орунда кыргыз киносу болчу. Кийин токтоп калды, бирок жакынкы жылдары Кыргыз тасмалары эл аралык сыйлыктарды көп алып жатат.
– Чогуу тасма тартуу сонун идея экен, “Эртугрул” сериалында биздин боз үйлөр, жасалгалар колдонулганына күбө болдук. Демек, тамырыбыз бир элбиз...
Өнер Кылыч: – Ооба, согуш сахналарын, жасалгаларын жасоо казак компаниясына тапшырылган, бирок ишти жасаган команда кыргыздар болду. Муну тасманын продюсери Мехмет Бозго мен сунуштагам. Кыргыз жигиттери да тартылды. Түрк эли “Манас” эпосун жакшы билет. Тарыхыбыз, тамырыбыз бир элбиз. Түрк эли Биринчи дүйнөлүк согушта кыйналып жатканда 3000 кыргыз атчан барып жардам бергени да эсибизде. Бул окуяларды да тасма катары сөзсүз тартышыбыз керек.
– Сердар мырза, “Эртугрул” тасмасында роль жараткансыз, бул долбоорго кантип келип калдыңыз? Бул тасмага чейин түрктөр менен кыргыздардын мурун тиричилиги, курал-жабдыктары окшош болгонун, орток тарыхы бар экенин билчү белеңиз?
Сердар Дениз: – Мени бул тасмага эмнеге тандап калышты билбейм. Бирок мен үчүн өзгөчө маанилүү долбоор болду. Мектепте окуган тарых сабагынан түрк эли Орто Азиядан келгендигин билчүмүн. Элибиздин окшоштуктарын мен сериалга тартылып жатып билдим. Чатырларыбыз, курал-жабдыктар, кийимдер окшош экен. "Эртугрулда" биринчи сезондо ойнодум, кийин "Барбаросто" да ойнодум. Мен дайым заалим адамдын ролун ойнойм (күлүп). Европалыктарга окшош болгонум үчүнбү, ушундай ролдор туш келет. Окшош көп нерселерибиз бар. Мен сериалга тартылып жатып кыргыздардын атты мыкты чаба турганын байкадым. Бул чоң артыкчылык, ат чабуу менен байланышкан бир топ өнөрүңөр бар экен. Ушул убакка чейин сактап келгениңер жакты.
– Өз ара баарлашып жатканыңарды кулагым чалды, биздин алчаларыбызды чоң жана таттуу деп айттыңыздар. Дагы кайсы даамдар жакты?
Сердар Дениз: – Мен биринчи жолу келип жатам, даамдарды татып деле жетише элекмин, сиздер айткылачы мага, эмне өтө даамдуу (күлүп)?
Өнер Кылыч: – Мен көп келем, мага чалап, Ош шаарында сатылган коон, каймак, боорсок, албетте, эт жагат (күлүп).
– Дилек айым, кош келдиңиз, сиз бүгүн Бишкекте көрсөтүлө турган тасмада роль жаратыптырсыз, ошол боюнча айта кетсеңиз.
Дилек Сербест: – Рахмат, мен төрт жыл мурун Кыргыз жерине келейин деп келе албай калгам. Минтип мүмкүнчүлүктөн пайдаланып келип отурам. Мекениңер мага жакты. Биз Сердар экөөбүз "Эртугрулда" да чогуу бир долбоордо болгонбуз. Менин эң жактырган сериалым болду, өзүмө көп нерсе алдым. Ал эми эртең коюла турган тасмада да экөөбүз башкы ролдобуз. Терс каармандын ролун ойнойбуз. Тасмада бийлик, акча, статус сыяктуу зор күч, экинчи тарапта рух катары күчтүү тараптар көрсөтүлөт.
Сердар Дениз: – Оң жак жана терс жак деп жорумдайбыз, бирок мен үчүн жакшы же жаман деген нерсе жок. Жаман жактын да бир чындыгы бар, алар да бир нерселерди коргоо үчүн же коргонуш үчүн аракет кылышат.
– Түрк фильмдери жумалыгында коюла турган тасмалар биздин элге да жакын болгон үчүн тандалып алындыбы?
Өнер Кылыч: – Албетте, түрк элдеринде, мусулман элдеринде баалуулуктарыбыз, жамандыкка каршы туруштук бергенибиз да окшош. Рухий жактан бири-бирибизге окшоштуктары бар тасмалар тандалып алып келинди. Силердин жаштар романтиканы жакшы көрүшөт. Андыктан романтикалык комедиябызды да көрсөтөбүз. Кичине балдар үчүн анимациялык да фильм бар. Акысыз, бир жума бою “Россия” кинотеатрында түрк тасмаларына келиңиздер!
– Байкашымча, түрк тасмаларында драма күчтүү берилет, бул өзгөчөлүк эмнеден деп ойлойсуздар?
Сердар Дениз: – Бул түрк элине тиешелүү өзгөчөлүк деп ойлойм. Эмоционалдуу элбиз, жөнөкөй маселени деле урушуп кеткенге чейин барып чечебиз (күлүп). Кайгыны, кубанычты да терең сезе алабыз. Мен өзүм түркмүн, бирок Германияда төрөлүп-чоңойгом. Ошондуктан бир жагым немис деп айтсам болот. Театрда иштеп баштаганда немис режиссёрубуз дайыма мага оор, трагедиялуу роль берчү. Немис актёрлоруна “сезимди бер” деп айтат, алар деле берет, бирок алар өз улуту эмоцияны кантип бере алса ошондой гана берет. Анткени эмоциясы ошого чейин эле. Ал жерде, менин оюмча, жарылыш керек болот. Түрк эли дайым жарылганга даяр элбиз (күлүп). Драманы терең берүү элдин өзүндө бар, андан эч кайда качып кутула албайбыз. Мисалы, европалыктар бизге караганда баарын салкын кабыл алышат. Тартышып жатса деле биздей болуп кол жаңсап, мимика менен сүйлөшпөйт.
Өнер Кылыч: – Бул кызуу кандуулук кыргыздарда да бар, мисалы, Чыңгыз Айтматовдун китептеринде канча эмоция жатат. Драманы берүү силердин каныңарда да бар.
– Туура айтасыз, элибизде бир топ окшоштуктар бар, маегиңиздерге рахмат, мекенибизден жакшы таасир менен кайтасыздар деген ишеничтемин!
Нуржамал Жийдебаева