КАПКАН (бакыт издеп түгөнгүс түйшүккө кабылган аялзатынын турмушу чагылдырылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Эмне, ушунун баарын мага бергенге макулсуңбу? Койчу, чын элеби?

– Каалаганыңды аласың дебедим беле, сөзүмө турам. Көп созо бербей эртерээк бүтүр.

– М-м, шашып жатам дебейсиңби. А тиги сулууң ушунча байлыгыңдан айрылып жатканыңды, тагыраагы, мага берип жатканыңды билеби? Аның акчаңа кызыгып жаныңда жүргөнүн же билбейт белең?- Тимурду сынай карады.

– Нурзат, бул жерде экөөбүз эле отурган жокпуз, башка кебиң жок болсо туралы,- ыңгайсыздана жактоочусун карады.

– Каап, мынча байлыгыңдан кол жууп калсаң карыганда тапкан жаш сулууң кол шилтеп баса бербесе экен эми,- аял токтобой сөзүн уланта берди.

– Ашыкча сөздү токтот! Ажырашам дедимби, кандай болсо да ажырашам!- Тимур колун силкип сүйлөп ордунан тура калды. Анын бул кыймылынан чын эле ачуусу келип турганын аялы дароо түшүндү.

– Болуптур анда, соттон көрүшкөнчө,- жактоочусуна кеттик дегенсип баш ийкеди.

– Кой, ачууңду бас, ачууң менен чаап жибересиңби деп корктум. Теңелбе аңкоо аялга, кутула албай жатканда ого бетер чырагына май тамызасың. Андан көрө эмне анча мүлкүңдү бергенге макул болуп жатасың, мыйзамга алып караганда деле анчалыкка кетпейт? Эмнеге андай кылдың? Мага ишен дебедим беле…- деди таң калган жактоочусу.

– Ээ, аны эмне кыласыз? Ага бергеним балама бергеним да. Баарын коротуп салат беле. Уулубузга калат да анын баары. Ишенесизби, ушул аялдан кутулууга ушунчалык шашып жатам.

– Түшүнөм. Ушунча жыл жашаган күйөөсүн унчукпай туруп коё берип коёт беле, ал деле кыялын бир көрсөтүп коёюн деп жатса керек. Бүтөт, аз калды.

ххх

– Шеф, тигил аял берген даректи Санжар акенин жигиттери кайтарат экен. Ал үй жанагы Тимур дегендин үйү турбайбы.

– Ал Тимурдун аялы да. Өз үйүн эмнеге өрттө демек эле? Жакшылап текшердиңби?

– Ооба, керек болсо эртең менен Тимурдун үйдөн чыгып кеткенин көрдүм.

– Демек, ошондой. Күйөөсүн өрттөп салайын деген экен да эжеша. Чырдашып жатышкан го. Санжардын кишиси болсо токтоткула.

– Акчасын алып койгонбуз да. Телефонду азыр эле күйгүздүм, бир топ чалып жибериптир. Эмне кылалы? Азыр да чалып жатат,- олбурлуу жигит телефондун экранын көрсөттү.

– Өрттөбөй койгонуң үчүн сага эч нерсе дей албайт. Ансыз да анын далай чырларын чечип берип эле жүрөбүз. Баягы машинанын тетиктерин саткан дүкөндүн ишин бүтүрүп бербедиңер беле. Ошол да ушунун дүкөнү болчу. Бир-эки күн чалып токтойт. Эмне кыла алмак эле?..

ххх

Уулу шаарга кеткенден бери Айнаштын санаасы тынчыбайт. Кечинде кемпир кайнисине телефон чалып, болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып берип, «сенин сөзүңдү угат, бир нерсенин ичинен чыкпасын, кайра айылга кетире көр» деп суранды. Кайниси жаш кезинен Бишкекте турат. Өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеген, азыр пенсия жашында. Ал деле кемпир курдуу, жашы бир топко барып калды. Туугандар арасында сөзү өтүмдүү, акылы алымдуу өз орду бар киши.

Марат бир туруп «түкүрдүм ошого, кетсе кетсин. Менин колумдан, оюмдан айлансын» деп калат, бир туруп эле «жыргап бактылуу жашай берсин деп жайына коюп коймок белем, тынчын алып жанагы немесин жоготуп талаада калтырбасамбы» дейт. Акыры ушул оюна жеңилип, Карлыгач иштеген кафени көздөй жөнөдү. Кафеге келип бир топко отурду, Карлыгачты көрө албады. Акыры официантка кол булгады.

– Эмне буюртма берет элеңиз?- деп кагаз-калемин камдап туруп калды жигит.

– Дос, мен эч нерсе деле бербейм. Карлыгач деген аял, жанындагы жигит керек болуп жатат. Алар бул жактабы?

– Шеф жок, Карлыгач эже үйүнө кеткен, ал күндүзгүдө иштейт да.

– Каякта жашаарын билесиңби?

– Жок, байке, билбейм. Кечиресиз, мен барышым керек,- официант жигит сырттан жаңы кирип отуруп жаткан кишилерди көздөй басып кетти.

– Дос, токтосоң, муну Карлыгачка берип койчу,- Марат аркасынан жетип барып кичинекей жылдызча болгон кулонду карматты. Аңгыча телефону шыңгырап калды. Караса агасы экен. «Чалчу эмес эле, тынччылыкпы деги» оюна ар нерсе келип кетти. Бир топ күттүрүп телефонго жооп берди. Агасы тезинен үйүнө келип калуусун айтты. Марат эми кафеден чыгып алып шашкалактап агасынын үйүн көздөй таксиге отурду. Күн кеч болуп шаардын жолдору унаадан бошой түшкөнгө такси зуулдаган бойдон бат эле жетип барды. Дасторкондо экөө гана отурат, башка эч ким жок. Агасы өзү чай куюп берди да, Мараттын жанына отуруп узун сөзгө кирди.

– Э-эй, балам, ал-жайыңды уктум. Жаман иш болуптур. Бирок жашоодо эмнелер гана болбойт. Ушул жашка келип эмнени гана көргөн жокмун. Ажырашкан сен эле дейсиңби? Өткөн өмүр, калган кадыр кайра табылса кана? Өткөнгө өкүнүп, жетпести кууп эмне кыласың? Жашоодо адам баласы бир жагынан уттурса, бир жагынан утат. Аялың кеткен менен жашооң бүтүп калдыбы, бүткөн жок. Мына балдарың эртең эле чоңоёт, ошолордун келечегине кам көр. Жеңем экөөбүздүн көп өмүрүбүз өтүп, аз өмүрүбүз калды. Антип карыган немени кайгыга сала бербе, оорусунун баарын козгойсуң. Жеңемдин тирек болуп жаныбызда жүргөнү жакшы эмеспи. Санаа деген жаман, ал-күчтү бат эле алып коёт. Ушинтип санаага сала берсең өлтүрүп аласың. Андан көрө шаарда темселебей айылга барып оокатыңды кыл. Килейген короо-жайың бар, мал алып-сатсаң жакшы иш эмеспи. Айылда баары эле ошентип байып жатышпайбы. Курулушта иштеп эмне кыласың, өз малыңды баксаң деле өлбөйсүң. Аял өзү эле табылат.

– Эми кайдагынын аялы дейсиз? Жалгыз жүрүп өтөм да,- деди баятан агасынын сөзүн үн дебей угуп отурган Марат.

– Сен тыпыйып эле айылга барып оокатыңды кыла берчи, аялды мен деле таап берейин.

– Байке, айылга барганда баары аялымды сурайт, ар кайсыны айтышат, айылды билесиз да.

– Эл эмне гана дебейт? Эл эмне дейт деп өлүп алмак белең. “Бир жолу жыгылсаң, миң жолу тур” дейт. Чыйрал, сабак ал, оңол. Жоголгон жакшыбы, же оңолгон жакшыбы?

Марат унчукпай башын шылкыйтып отуруп калды.

ххх

Каш карайып, асманды коюу жылдыз каптаган кезде Нурзат унаасын айдап кайдадыр жөнөдү. Унаада баратып да күдөр үзбөй буюртма берген жигиттерге чалып көрдү эле, өзүн «кара тизмеге» салып койгонун билди.

– Коркоктор, колуңардан эч нерсе келбейт. Анан да «чёрныйлар» имиш. Силер өрттөбөсөңөр, мен өзүм өрттөйм. Ошол экөөнүн күлүн көккө сапырбасам Нурзат атым өчсүн!- аял акчасын алдатып ийгенине ызаланды. Жол бою дүкөндөн 2 канистра сатып алды. Бир аз айдап эле май куюучу жайга токтоп, эки канистрага бензин куйдуруп алды. Унаасын зымырата айдап Тимурдун үйүнө жетип келди. Нурзатта бардык каалганын ачкычтары бар эле. Тоскоолдуксуз кирип, эч нерсеге карабай майды шалактата чачып чыкты.

– Кош, сүйүшкөн чымчыктар!- чылым күйгүзгүчүн жандырып жиберди. Үйдү бир заматта алоологон жалын каптады…

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1019, 17-23-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан