СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Акжол Махмудов дүйнөлүк курамга кирди

Белгилүү кыргыз балбаны, Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси Акжол Махмудов дүйнөлүк курама командага кирди. Ал Германияда өтө турган Дүйнөнүн үч жолку чемпиону Франк Штеблер менен коштошуу турнирине катышат. Турнир 18-20-июнь күндөрү Германиянын Людвигсбург шаарында өтөт.

Акжол Махмудов бул турнирде 82 килограммга чейинки салмакта Европанын экс-чемпиону Айзел Паскаль аттуу балбан менен кез келет.

Махмудов бул мелдеште жаракат алган азербайжандык Рафиг Гусейновдун ордуна чыгат.

Бишкекте Азия чемпиондугу өтөт

Бишкекте 19-26-июнь күндөрү 17 жана 23 жашка чейинкилер арасында грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпиондугу өтөт. Эки жаш курактагы категория боюнча бир учурдагы мелдеш алгачкы ирет өткөрүлмөкчү. Азия чемпиондугуна 21 өлкөнүн балбандары катышары күтүлүүдө.

23 жашка чейинки кыз-келиндер арасындагы күрөшкө Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Калмира Билимбек кызы, Сезим Жуманазарова катышары белгилүү болду.

UFC мушкери Забит Магомедшарипов карьерасын жыйынтыктады

Орусиялык мушкер Забит Магомедшарипов ден соолугуна байланыштуу спорттон кеткени тууралуу UFC уюмуна кабарлады.

Забит Магомедшарипов акыркы беттешин 2019-жылдын 9-ноябрында америкалык мушкер Калвин Каттарга каршы өткөргөн. Анда орусиялык мушкер жеңишке жеткен. 31 жаштагы Магомедшарипов ММА боюнча 18 жолу жеңишке жетип, бир жеңилүү ызасын тарткан. UFC'де ал 6 беттеш өткөрүп, 6 жеңишти камсыздаган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1019, 17-23-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан