ЖАТЫН ТҮШСӨ ЗААРА, ИЧТЕГИ ЖЕЛ КАРМАЛБАЙ КАЛАТ

Жатындын түшүшү аялдардагы чоң көйгөй. Анткени оору өтүшүп кетсе аял заарасын, ичтеги желди кармай албай калат. Мына ушундай олуттуу оорунун себептери, дарылоо ыкмалары, алдын алуу тууралуу маалыматты Кыргыз медициналык академиясынын №1 акушерлик жана гинекология кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин доктору Татьяна Теппеевадан алдык.

Жатын эмне үчүн түшөт?

Жатындын түшүү оорусу жашарып баратат. Төрөгөн аялдарда гана эмес, иши туруп иштөө жана оор көтөрүү менен байланышкан айрым кыздарда, атап айтсак, ашпоз, идиш жуугучтарда кездешип жатат.

Жатындын түшүшүнүн себептери

• Көп төрөө

• Чоң салмактагы баланы төрөө

• Эгиз, үч эм, төрт эм төрөө

• Кичи жамбаштагы рак

• Жатындын жаракатка кезигүүсү. Мисалы, төрөттө баланын жамбашы менен келип калышынан, автокырсыктан же жыгылуудан алган жаракаттар

• Алаанын кесилип, тигилбей калышы. Мисалы, аял төрөй албай кыйналганда кээ бир акушерлер жыныс кынынын ылдый жагын кесип жиберишет. Айрылган жер тигилбей калып кетсе, бул жыныс кынынын керегесинин, кийин жатындын да түшүшүн шартташы ыктымал

• Дамамат туруп иштөө жана оор көтөрүү

Жогоруда айтылган себептерден улам жатын жана ага жакын жайгашкан булчуңдар, анын ичинде курсак, көтөн чучуктун, табарсыктын да булчуңдары бошоп, жатын ылдый түшүп кетет. Аялдардын төрөп-түшүү курагында эн бези (яичники) эстроген гормонун калыптагыдай бөлүп чыгарып турат. 45 жаштан кийин ал гормондун бөлүнүп чыгышы азая баштайт. Эстроген гормону булчуңдарга да таасирин тийгизип, алар жетиштүү болсо булчуңдар да чың, бекем болот. Эстроген жаш өткөн сайын аз бөлүнүп чыгат, ошондуктан улгайган сайын булчуңдар бошойт.

Анын үстүнө улгайганда жыныстык ички органдар өз милдеттерин аткарып бүткөнүнө байланыштуу алар кичирейип баштайт, булчуңдар да бошогонуна байланыштуу жатын ордунан жылып кетет.

Кээде жатын жыныс кынынан сыртка чыгып, салаңдап көрүнүп калат. Мындай болгондо адам заарасын, ичтеги желди кармай албай калат. Заң да куюлма болуп калышы мүмкүн. Аял көпчүлүк эмес, балдарынын жанына да отура албай кыйналат.

Кээ бир аялдар доктурга келгенден же үйүндөгүлөргө “врачка көрсөткүлө” деп айтуудан тартынып жүрө берип, азап чегишет. Айласыз чоңдордун памперсин кийип жүрүп калгандары да кездешет. Табарсыгы толбосо деле аял дааратканага жетпей, заара ушатып коёт. Себеби ылдый түшкөн жатын табарсыкты үстүнөн басып турат. Чүчкүргөндө, жөтөлгөндө, оор көтөргөндө да заара ушатып коёт.

Дарттын белгилери:

• Жыныс кынында чоочун заттын турганындай болушу

• Ичтин ылдый жагынын, белдин оорушу. Оорутуу кара жумуш жасаганда, көп кыймылдап, көп басканда күчөйт

• Заараны, ичтеги желди кармай албай калуу

• Айрымдарда заңдын куюлма болуп калышы

• Жыныстык катнаш убагындагы оорутуу

• Кан аралаш суюктуктун бөлүнүп чыгышы

• Этек кирдин оорутуп келүүсү, келүү убактысынын бузулушу

• Ич катуу. Жатын арт жагында жайгашкан түз ичегини кысып калгандыктан ич катуу күтүлүшү ыктымал

• Сыртка салаңдап түшүп калган жатындын басканда ич кийимге сүрүлүп жара болушу, оорутушу, басууга жолтоо болушу

Жатын эч качан өз алдынча жыныс кынынан сыртка чыгып салаңдап түшүп калбайт. Ал дайыма жыныс кынынын керегелеринин (стенки) түшүшү менен коштолот. Көбүнчө алгач жыныс кынынын алдынкы, арткы керегелери түшөт, анан алардан улам жатын ылдыйга тартылып, түшөт. Анткени жатын жыныс кынынын үстүндө жатат.

Диагноз

Кольпоскопия

УЗИден текшерүү

Компьютердик томография

Дарылоо

Дарылоо комплекстүү жүргүзүлөт. Дарылоодо аялдын жаш курагы, төрөө максатынын бар же жок экендиги, өнөкөт оорулары да эске алынат.

Сууда сүзүү, кегель көнүгүүсүн жасоо. Оорунун 1-стадиясында курсак жана кичи жамбаштагы булчуңдарды чыңдоо үчүн сууда сүзүү, көнүгүүлөрдү жасоо сунушталат. Булчуңдарды чыңдоо менен жатынды ордуна келтирүүгө болот. Кегель көнүгүүсүн интернеттен карап үйрөнүп алуу сунушталат.

Толук кандуу витаминдүү тамактануу. Витаминдер жана минералдык заттар булчуңдардын жакшы иштешин шарттайт.

Пластикалык операция. Оорунун 2-3-4-стадиясында жасалат. Аялдар кыйналып жүрө бербей, жатыны салаңдап ооруганы же түшкөнү билинер замат врачка кайрылса, пластикалык операция жасап ордуна келтирүүгө болот. Пластикалык операцияга эртерээк келүү эмнеге жакшы? Анткени булчуңдар өз функциясын көп жогото элек кезде операция сапаттуу болуп, булчуңдар да кайра өз ордуна келет.

Жыныс кынынын керегелеринин түшүүсүндө атайын торчо материал да колдонулуп, керегелери карматылат.

Бирок пластикалык операция айрым өнөкөт оорусу барларга, айталы, жүрөк оорусу барларга болбойт.

Кээде оорунун стадиясына жана аялдын жаш курагына карап жатын алынып салынат.

Вагиналдык пессарий шакекчеси. Бул резина, силикон шакекче, жыныс кынынын ичине салынып коюлат. Салардан мурда жатын кынынын ичи, шакекче медициналык каражаттар менен тазаланат, анан салынат. Шакекче жатынды жыныс кынынан сыртка чыгарбай кармап турат. Убак-убагы менен алынып, жатын эс алдырып турулат.

Шакекчени гинекологдор аялдарга өзү чыгарып, кайра салып алууну үйрөтөт. Бирок өтө карып калгандар, же өзү алып, кайра салгандан чочулап корккондор баары бир гинекологдун жардамына муктаж болот.

Эгер аял жаш болсо, ал жыныстык жашоодо жашай тургандыктан ага пластикалык операция сунушталат. Ага жыныстык жактан кошулуу алдында шакекчени алып туруу ыңгайсыздык жаратат.

Жатындын түшүшүнүн алдын алуу

• Гинекологго 1 жылда 2 ирет текшерилүү.

• Өз алдынча диагноз коюп, байкоо. Жуунуу учурунда ыйынып көрүү керек. Эгер жыныс кынынын керегелеринин ылдый түшкөнү байкалса, демек, акырындап жатындын түшүү коркунучу бар. Гинекологго баруу кажет.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1019, 17-23-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан