Эржан Токотаев, дарбазачы: “СТАДИОН ТОЛГОН КҮЙӨРМАНДАРДЫН КОЛДООСУ БИЗГЕ ЧОҢ КҮЧ БЕРДИ”

Футбол боюнча кыргыз курама командасы экинчи ирет Азия кубогуна жолдомо алды. Бишкекте 8, 11, 14-июнь күндөрү өткөн Азия кубогуна тандап алуу оюндары “Ак шумкарлардын” күйөрмандарына өзгөчө майрам тартуулады. Тажикстан менен болгон оюнда стадион дээрлик толду. Күйөрмандар стадиондо укмуш атмосфера жаратып жатты. Бирок эсеп саны ачылбаган бойдон оюн аяктап, голго суусаган бойдон тараганыбыз бир аз өкүнүчтүү болуп калды. Бул оюндарда дарбазачылык милдетти мыкты аркалаган Эржан Токотаев менен баарлаштык.

Футболчу тууралуу:

Туулган жылы – 2000-жыл, 17-июль

Туулган жери – Бишкек шаары

Бою – 188 сантиметр

Салмагы – 82 килограмм

Амплуасы Дарбазачы

Учурда – Кыргыз курама командасынын жана “Туран” (Казакстан) клубунун оюнчусу

Үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу

– Салам, Эржан! Азия кубогунун финалдык баскычына өтүшүңөр менен куттуктайм! Бул тандоо турундагы оюндар сен үчүн кандай өттү?

– Чоң рахмат. Оюндар чынында абдан оор өттү, буга чейин чоң эсеп менен утуп келген командалар да бул жолу күчтөнүптүр. Биринчи оюнда Сингапурдун бир голун өткөрүп алдык, акыркы мүнөттөрдө гана жеңишке жетиштик. Атаандаштарыбызды утуп, Азия кубогунун финалдык баскычына жолдомо алууга болгон күч-аракетибизди жумшадык.

– Бул сапар дарбазачылык милдетти баштан-аяк аркаладың, чоң жоопкерчиликти сезсең керек. Толкундоолор болуп жаттыбы?

– Албетте, моюнумда чоң жоопкерчилик турганын сезип жаттым. Бул оюнда дарбазачылык милдетти аткарарымды башта эле билгем жана ошого даярдангам. Мындай оюндарда ойноо үчүн ар убак машыгып келем. Толкундоо болду, негизи ар бир оюн алдында сөзсүз түрдө болот. Команда жана колдоп турган күйөрмандар толкундоону жоготууга жардам берди. Тажикстан менен болгон оюнда стадион күйөрмандарга толду. Дем-күч берип турган күйөрмандарга ыраазычылык билдиргим келет. Алардын футболчулардын аты-жөнүн атап кыйкырганы абдан жагымдуу болот, мотивация берет. Мындан аркы оюндарда да дайыма күйөрмандар ушундай көп келип бизди колдоп турат деп үмүттөнөм. Алардын колдоосу бизди дагы да алдыга түртөт жана биз дагы алар келип, футболдон ырахат алып кеткидей ойноого аракет кылабыз.

– Кечээги оюнда “Ак шумкарлар” Тажикстанга дээрлик чабуулда болду, бирок чабуулдар жыйынтык бере албады, катачылык эмнеде деп ойлойсуң?

– Өтө принципиалдуу курч оюн болду. Оюбуз, аракетибиздин баары гол жаратуу, утуу болуп турду, тилекке каршы, мүмкүн болбоду. Кандайдыр бир катачылык болду деп айта албайм. Гол киргизүүгө абдан көп аракеттер жасалды, болгону ийгилик жылмайган жок. Футболдо мындай учурлар болбой койбойт, андыктан алдыга умтула беребиз.

– Эми кептин нугун өзүңө буралы. Өзүң тууралуу айтып берсең, футболго эмнеден улам кызыккансың?

– Мен Бишкекте төрөлүп-өскөм. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусумун, карындашым жана иним бар. Үйдө атам футболго кызыгат, сүйүүчүлөр арасында ойнойт. Атам мени өзү менен футболго алып алчу, ошондон улам кызыгуум күч алган. 12 жашымдан тартып футбол менен алектене баштагам. Футболдук карьерамды 2012-жылы “Дордойдо” баштагам. 2020-жылы "Дордой" менен Өлкө чемпиондугун утканбыз. Анан “Алга” клубунда бир сезон ойнодум. Бул жылы казакстандык “Туран” клубуна өтүп, ойноп жатам.

– Эмне себептен дарбазачы амплуасын тандагансың? Дарбазачы кандай сапаттарга ээ болушу керек?

– Бул позиция өзүмө жагат. Атам дагы ушул позицияда ойночу, мен дагы анын жолу менен дарбазачы болдум. Дарбазачы – жарым команда деп коёт го. Абдан жоопкерчиликти, эмгекчилдикти талап кылган позиция. Оюндун жүрүшүнө кунт коюу менен баам салып турушуң керек. Кичине эле концентрацияны жоготуп, ката кетирсең гол өткөрүп аласың. Дарбазачы өзүнө канчалык ишенимдүү болсо, оюнчулар дагы өздөрүн жакшы сезишет. Көбүрөөк дарбазачыдан көз каранды.

– Дүйнөлүк футболдогу кайсы дарбазачыны мыкты деп эсептейсиң?

– Жалгыз эле бирөөнү өзгөчө дебейм. Дүйнөлүк деңгээлдеги бардык дарбазачылар мыкты. Азыркы учурда мага жаккан топ-3 дарбазачыны айта турган болсом, алар – Мораес Эдерсон, Тибо Куртуа, Янн Зомер.

– Улуттук курамда оюн көрсөтүү ар бир футболчунун кыялы, чакыруу алганда кандай сезимдер болгон?

– Мен Улуттук курамга былтыр жайында Японияда өткөн Дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарына карата чакыруу алгам. Алгач өзүмдү курамдын кеңейтилген тизмесинен көрдүм, кийин негизги курамга кирдим. Албетте, бул жагымдуу болду. Бирок, тилекке каршы, коронавирустун тесттик маселелеринен улам оюн талаасына чыгууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Кийин сентябрь айында Бишкекте “Үч улуттун кубогу” өтүп, Палестина, Бангладешти утканбыз. Менин Улуттук курамдагы дебюттук оюнум өзүмдүн жерим Бишкекте, күйөрмандарыбыздын алдында болду. Улуттук курамдагы оюнда жоопкерчилик абдан чоң болот. Сени бүтүндөй өлкө карап турат, өлкөнүн желеги, намысы үчүн ойноп жатасың.

– Жакындарың стадиондо болуштубу?

– Ата-энем бул жакта өткөн оюндарды калтырбай көрүшөт. Жакындарыңдын кайсы тарапта отурганын болжолдуу түрдө билесиң. Алардын колдоосун сезүү абдан жагымдуу.

– Учурда “Туран” клубунун оюнчусусуң, кыргыз-казак футболунун айырмасы эмнеде экен?

– Кыргыз-казак футболу чемпиондугу менен айырмаланып турат. Ал жактын чемпиондугу биздикинен алда канча күчтүү, командалар көп, атаандаштык жогору, чет жактан күчтүү легионерлер келет. Буюрса, биздин чемпиондуктун дагы деңгээли өсөт деп ишенем, азыр өлкөдө футбол көпчүлүктүн кызыгуусун арттырып популярдуу болуп келе жатат. Былтыр чемпиондукка 8 команда катышса, быйыл 10 команда болду. Бул кубандырбай койбойт. Футбол өнүгүүнү карай бара жатат деп ойлойм.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1019, 17-23-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан