Нуржаасын Жумагулов, актёр: “ООРУП КАЛГАНДА ЖАКЫНДАРДЫН КАРААНЫ ЭЛЕ ЧОҢ КОЛДОО ТУРА”

Театр сахнасында, тасма талаасында бир канча роль жараткан актёр Нуржаасын Жумагулов маектешим болду. Нуржаасын мырзаны көпчүлүк “Мегатой-1”, “Мегатой-2” тасмасындагы баш каармандын ролунан улам жакшы тааныйт. Актёр учурда жардамга муктаж. Тез арада Түркиядан бөйрөгүн алмаштыруу керек. Учурда гемодиализ алып жүргөн актёр менен азыркы абалы, чыгармачылыгы тууралуу маектештик.

– Нуржаасын мырза, азыр абалыңыз кандай?

– Жакшы, рахмат. 4-5 күндөн бери гемодиализ алып жатам. Муну алып баштагандан кийин бир аз жакшы болуп калдым. Оору бир аз бар, алсыздык бар, кан басымым көтөрүлөт, кайра түшүп кетет, калтырап-титиреп калам (судороги). Бирок чыдаса болот, буга да шүгүр.

– Гемодиализ алганга чейин абалыңыз кандай эле?

– Мындан оорураак болчу. Оорутпайт, бирок кан басымым көтөрүлөт, башым айланат, жүрөгүм айланып кускум келет, ичим өтөт. Колубуздан келген аракетибизди жасадык. 2 жылдай алыштым. Ушул жылдын апрель айында өнөкөт гломерулонефрит деген диагноз коюп берип, “өмүр бою гемодиализде каласың же операция жасатып, бөйрөгүңдү алмаштыруу керек” дешти. 2 ай эмне кыларымды билбей жүрдүм, молдо, табыптарга бардым, жыйынтык болгон жок. Операция жасатыш керек болуп, жардам суроого туура келди. Элге минтип кайрылуу оңой эмес экен. Өзүң эркек болгон соң намыс, уят болот экен, туугандардын аброю болот экен. Өзүм жаңы үйлөндүм, кайын журт кандай кабыл алат деп да ойлонот экенсиң. Ушунун баарын ойлонуп отуруп чыккым келген жок. Бирок жан айласы болду. Эл жардам берип жатат. Керектүү сумманын жарымы топтолоюн деп калды. Концерттер өтсө сумма чогулуп калса керек.

– Концерттер тууралуу айта кетсеңиз.

– 26-27-июнь күнү Бишкектеги улуттук филармонияда, кыргыз эстрадасынын жылдыздары, Ак-Талаа таланттары коштогон концерт болот. Бул концертти “Ак-Талаа” коомдук бирикмеси уюштуруп жатат. 28-июнда Кыргыз драма театрында театрлаштырылган концерт болот. Бул концертти Жаш көрүүчүлөр театры уюштуруп жатат. Билет баасы 500 сом.

– Операцияга жалпы канча акча керек экен?

– Толук суммасын чыгара элекпиз. Операциянын өзү 25 миң доллардын тегерегинде. Донор 10-15 миң доллардай болот дешти. Андан сырткары, операциядан кийин дагы кымбат дарыларды алуу керектелет экен, ал жагын дагы көрөрбүз, Кудайдын маңдайга жазганы бар.

– Ичиңиздеги сезимдер эмне деп жатат?

– Ичим уйгу-туйгу. Оюм бир жерде эмес. Санаа тартат экенсиң, ар кайсыны ойлонот экенсиң. Эл жакшы сөз айтып батасын берип жатат. Эл минтип аркада жөлөк болуп сүрөп турса өзүңдү кармап, күч алат экенсиң. Кудай буюрса, баары жакшы болот деген ишеним чоң.

Адам үчүн ден соолук биринчи орунда экен. Ар адамга ден соолук каалайм. Ар мүнөт, ар секунд баалуу, убакыт бизге берилген чоң мүмкүнчүлүк, пайдаланып калышыбыз керек. Адамдын адамдыгы, көңүлү, ден соолугу маанилүү экенин жакшы түшүнүп турган учурум.

– Туугандарыңыздын, жубайыңыздын колдоосу да күч берип жатса керек?

– Мындай учурда туугандардын колдоосу биринчи кезекте көзгө көрүнөт экен. Жумуштарын таштап коюп менин көңүлүмдү карап, маанайымды көтөрүп жанымда жүрүшөт. Тайларым, бөлөлөрүм, айылдаштарым, досторум, жек-жааттарым, кайын журтум тирек болуп өйдө көтөрүп турган чагы, баарына ыраазымын. Жубайым айтпасам да абалымды түшүнүп турат. Жаңы эле үйлөндүк да, башка адам башкача мамиле жасамак болуш керек. Жубайым кеменгер, акылдуу жан, кайын журтум да түшүнүктүү адамдар экен. Жардам көрсөтүп колдоп жатышат. Жардамга колун сунган ар бир адамга ыраазымын. Азыр акча керек болуп жатат да, бирок акчадан дагы бул адамдардын карааны, эч нерсе сүйлөбөсө да маңдайыңа келип жылмайып турганы өтө чоң колдоо тура. Ошого эле айыгат экенсиң. Чындыгында чөгүп кеткем. Азыр кичине өзүмө келип, өңүмө кирип, тамашалап сүйлөп көңүлүм жайдары болуп калды.

– Бул оору качан башталды эле?

– Балачагымда эки бөйрөгүмө суук тийген. Ооруканага жатып дарыланып турчумун. Бала кезде дарт болсо ал чоңойгондо кармайт экен. Кармаган убактысы ушул болду. Ичкен-жегенибизден көп кетет экен. 2 жыл диета кармадым. Болбой эле күчөп кетти.

– Эми өзүңүз тууралуу сүйлөшсөк.

– Мен Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Жогорку-Май деген айылда 1992-жылы 23-июнда төрөлгөм. Мектепти бүткөндөн кийин Искусство институтунда театр актёру багыты боюнча билим алдым. 2014-жылы Жаш көрүүчүлөр театрына жумушка кирип, ошол бойдон иштеп келатам. Ортодо 1 жарым жыл Билим берүү министрлигинде иштедим. Бир канча спектаклдерде, “Мегатой”, “Миң бир түн”, “Жетикс”, “Напарниктер” жана башка кинолордо роль жараттым. Спектаклдер менен эл аралык фестивалдарга катышып Англия, Кытай, Казакстан жана башка өлкөлөргө бардык.

– Актёрлукка кичинеңизден эле кызыкчу белеңиз?

– Ооба, мектептен интермедияларды аткарганда мугалимдер мактай беришчү. Бирок мен көбүрөөк сүрөт тартканга кызыкчумун. Бишкекке сүрөтчү болом деп келгем. Мен келгенде Көркөм сүрөт академиясына кабыл алуу бүтүп калыптыр. Анан искусство институтуна тапшыргам.

– Өзүңүздүн аткаруу чеберчилигиңизге кандай баа бересиз?

– Чыгармачыл адам ушул ролум жагат, кыйраттым дебейт. Жакшы ойнодум дегенде эле чыгармачылык токтойт, анткени изденбей калат. Мен дайым өзүмө сын көз караш менен карайм. Өзүм тартылган кинону көргүм келбейт, ойногонум жакпайт. Кинотеатрларга барганда өзүм чыккан жерден башымды жерге салып бармагымды тиштеп отуруп, бармактарым ооруп чыгат. Ошол ролдорду азыр ойносом такыр башкача ойномокмун. Көп каталарды табам өзүмдөн.

– Атыңыз өзгөчө экен, ким койгон?

– Таятам койгон. Мен тайларымдын колунда чоңойдум, таятамды ата дейм. Бул аттын тарыхы мындай: Атам учурунда милиция кызматкери болуп иштеп, баңгитөбөлдөр менен күрөшкөн. Баңгитөбөлдөрдүн аркасынан из кубалап поездде баратканда алар байкап калып Казакстандын аймагынан атамды сабап поездден ыргытып салышыптыр. Талаага жатып калган жеринен бир казак киши таап алып баккан экен. Өзүнө келгенден кийин астына ат берип, үстүнө тон жаап кетириптир. Ошол кишинин аты Нуржаасын болуптур. “Бай, колу ачык, кенен адам экен, өмүрүмө өмүр кошуп мени сактап калды, неберемдин атын ушундай коём” деп жүрүптүр. Анан 6 жылдан кийин мен төрөлүптүрмүн. Бул окуяны бала чагымда уккам. Канчалык чын же жалган экенин билбейм. Эжемдер “андай окуя жок, жөн эле нур жаап турсун деп койгон” дешет. Атымды жактырып өз балдарына койгондор бар. 5-6 ата-эне “сиздин атыңыздан балабызга Нуржаасын деген ат койдук” деп документтерин жөнөтүшкөн.

– Жакшы экен. Керектүү каражат чогулуп, операция ийгиликтүү өтсүн деп тилейбиз. Айыгып элге өнөрүңүздү тартуулап жүрө бериңиз.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

Элсом: 0709 37 29 19

Мбанк: 0709 37 29 19

О!Деньги: 0709 37 29 19

KICB: 9417018743301210 (709372919)

BAKAI BANK: 9417548507390363

Сбербанк: +79777120625

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1019, 17-23-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан