Асел Минагава, блогер: “ТЕРУ КЫРГЫЗ САЛТЫ МЕНЕН КАЛЫҢ БЕРИП ҮЙЛӨНГӨН"

Япондордун келини, кыргыз кызы болгон блогер Асел Минагава кезектеги маектешим болду. Япон эли менен кыргыз элинин айырмачылыктары, бала тарбиясы, сүйүү, үй-бүлө, чет элдик күйөө балдар жана туура тамактануу тууралуу кеп кылдык. Ойлору мага жакты, сизге да кызыктуу болот деп ишенем.

– Салам, Асел! Чет жерде жүрүп Кыргызстанга келгенде кандай сезимдер болду?

– Саламатсызбы? Ооба, 10 жылдан бери чет өлкөдө жашайм. 4-5 жылда бир келчүмүн, быйыл мекениме көп убакытка жашаганга келдик. Келгендеги сезим, баары эле айтып жүргөндөй, бир айылга түшүп калгандай болосуң (күлүп). Бирок жакшы өзгөрүүлөр да бар экен, креативдүү экономика деген пайда болуптур, жолдор оңолуптур. Билимге басым жасалып жатыптыр. Эң жакшысы – жаштардын башкача ойлонуп, алдыга умтулганын байкадым. Коркпогон, эркин жаштар пайда болуптур.

– Табышмактуу Япония тууралуу айтып берсең. Бизден өзгөчөлүгү эмнеде?

– Өзгөчөлүгү – маданияттуулугу. Энелер балдары менен кичинесинен эле чоң адамдай сүйлөшөт. Дайыма энелер балдарын жанында алып жүрүшөт. Коомдук жайларда балдар дээрлик тентектик кылбайт, чыргоолонбойт. Бизде апалар “оозуңду жап, антпе-минтпе” деп элдин көзүнчө деле тыя беришет. Япондордо өздөрү менен өздөрү болгондо да орой сөз айтышпайт. Бизге караганда жабык мүнөз эл.

– Анда япондордун бул тарбиясынан эркин балдар чыкса керек?

– Жок, тескерисинче, кыргыз балдары эркин экенин сездим (күлүп). Ал жакта коомдо тыйыла турган эрежелер көп, сөзсүз аларга баш ийүү керек. Мисалы, коомдук жайда катуу сүйлөбөш керек. Аларда математика же адабиятка басым жасалбайт, андан көрө адеп сабактарына көңүл бурулат. Тамакты таяк менен түшүрбөй жегенди 2 жашында үйрөтүшөт, улууларга кантип жүгүнүү керек, кантип эл менен мамиле түзүү керек деген этикеттерге чоң көңүл бурулат. Мисалы, кызым бүкүрөйүп отуруп калса атасы ага сөзсүз “түз отур” дейт. Коомдогу катуу эрежелерден улам балдар бир аз чектелип чоңоёт. Биздей болуп балдарды кучактап, өөп жибербейт. Бирок көңүл буруу дайыма болот.

– Кыргыз кызы япон жигитке турмушка чыкты, эки башка дүйнө тааным менен чоңойгон адамдар үй-бүлө болгондо кандай кыйынчылыктарга учурады?

– Япондор акчаны биздей болуп колдонбойт. Керектөөсүнө алып калып, калганын дайыма банкта сакташат. Мен кыргызмын да, колума акча тийсе коротуп коюп, жолдошум Теру менен түшүнбөстүктөр көп чыкчу. Мен убада берип унутуп калчумун, алар убада берсе сөзсүз аткарышы керек. Бири-бирибиздин менталитетибизди, жашоо образыбызды кабыл алуу кыйын болду. Ойлонуп көрсөм 5-6 жылда биз бири-бирибизди араң кабыл алыптырбыз. Жаңы үйлөнгөндө кырылышып кетчүбүз, көп тоскоолдуктар болду, биздин ордубузда башка жубайлар болсо эбак ажырашып кетмек болуш керек. Үй-бүлөнү Теру экөөбүздүн сүйүүбүз сактап калды деп ойлойм. Кабыл алуу пайда болгондо экөөбүз тең гармонияга келдик. Бир команда болуш керек экенибизди түшүндүк.

– КМШ өлкөлөрүндө сени блогер катары тааныйбыз, блогерлик эмнеден башталды?

– Мени кыргыздарга караганда казактар, орустар көп тааныйт, блогерлик хоббиден улам башталды. Англияга программа аркылуу окууга кеткем, ал жактан башка өлкө кызык да, сүрөт тартып киргизе берчүмүн. Кийин Теру экөөбүз үйлөнгөндө жалгызсырадым. Японияда досторум жок, япончо билбейм, эмоциямды баракчама чыгарчумун. Кызымды төрөгөндө катуу ооруп калып, нутрициология менен айыктым. Мен ошол учурдан баштап ушул жаатта блог алып барышым керек экенин ойлодум. Анткени адамдар мендей болуп диагнозун таппай кыйналбасын дедим. Нутрициология боюнча Японияда окууну бүттүм.

– Эмне оору менен оорудуң?

– Менде вирус бар экен, анан депрессия кошумча болгон. Чачым түшүп, сөөктөрүм ооруп, бетиме безетки чыгып, тамак сиңбей, арыктап катуу кыйналгам. “Депрессия болдум” деп калышат го, чыныгы депрессия абдан жаман, түстөрдү айырмалай албай калганчалык кыйын. Дүйнө капкараңгы сезилет. Депрессияга паникалык атака кошулду. Бир күнү отуруп Кудайга жалынып ыйладым. “Кудай, мага жардам бер, кызым бар экенине карабай мен өлүп алышым мүмкүн, анткени чыдаганга дарманым жок” дедим. Изилдеп отуруп туура тамактануу менен айыгып чыктым. Үч жылда калыбыма келдим. Эң негизгиси боорду тазалаш керек. Боор таза болбосо адам ооруп баштайт. Бул учурда “тирүү суу”, сельдерей, салаттар, мөмө-жемиштер жардамга келет. Блогум аркылуу көп адамдарга жардам берип жатканыма сүйүнөм.

– Асел, кайра кепти өзүңөргө бурсак, сиңдиң да, сен да чет элдик атуулдарга турмушка чыктыңар. Теруну кайын атасы аябай жакшы көрүп жаткан сүрөттөрүн чыгарып турасың. Кыздары башка улутка турмушка чыкканына ата-энеңер кандай карады?

– Мен Англияда окуп жүрүп, ал жактан япондордун кечесине курбум экөөбүз барып калдык. Теру мага келип таанышып калды. Көрсө, экөөбүз Лондондо кошуна жашачу экенбиз. Башында дос болуп, кийин кыз-жигит болуп анан үйлөндүк. Ата-энем жакшы кабыл алышты, Теруну өз баласындай көрүшөт. Баса, атам кичинемде “кыргызга же японго турмушка тие бер” деп тамашалап койчу. Эмнегедир Японияга атам аябай кызыкчу экен, япон магнитофону, япон маркасы менен жынсыларды алчу. Биринчи машинасы да япондор чыгарган машина эле.Теруну көргөндө ата-энем жактырышты, батасын беришти, Теру кадимкидей калың берип, сүт акысын берип салт менен үйлөндү. Биздин салтыбыз бир аз аларды таң калтырды, бирок баш ийишти (күлүп).

– Кыргыздарга Японияда ресторан ачып, кардар келбей коюп ыйлаган кыз катары таанылдың, ушу окуяны да айтып кетсең...

– Ал мындай болгон, мен туура тамактануу боюнча окуп, анан эл дагы пайдалуу тамак жесин деп ресторан ачкым келди. Терунун, өзүмдүн акчамды кошуп ресторан ачканбыз. Мен бизнес кылып көрбөгөндүктөн жарнама жагын ойлонбоптурмун. Бардыгын даярдап сонун кылып ачып алсам эл келбейт (күлүп). Бардыгын өз колум менен жасап, бизнес план түзгөнүм менен, кардарлар кантип келет деп ойлонбоптурмун. Азык-түлүк ал жакта кымбат, энергиям да аябай кеткен. Эл келбей койгондо аябай ыйладым. Ыйлап жатсам Теру мени тартып Твиттерге видео чыгарып коюптур. Видео тарап, эртеси миңдеген адамдар мага колдоо сөздөрүн жазып башташты. Ал жактагы достор жардам берип, кийин рестораным кардарга толуп баштаган. Бирок коронавирус болуп, кайра жабууга туура келди (күлүп).

– Көп өлкөлөрдө жашап келген адам катары айтсаң, кыргыздар эмнебизди оңдосок өнүгөбүз?

– Кыргыздар жүрөгү таза, ачык элбиз. Күйөөм да биздин элди жакшы көрөт. Кыйынчылыктан коркпой кете бергенибизди күчтүү жагыбыз дейт элем, “кыргыздар оңолбойбуз” деп эле айта беришет, бирок ал туура эмес. Болгону биз жалкоолукту таштасак, ден соолугубузга кам көрсөк, балдарды туура тарбияласак, басымды билимге койсок эле өнүгүп кетчү элбиз.

– Кыргыздар оңолуп кетет деп ишенели. Маегиңе рахмат!

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1019, 17-23-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан