ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 27-июндан 3-июлга чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Үй-бүлөдө жана жумушта чыңалуу күчөшү мүмкүн. Өзгөчө ата-энеси менен чогуу жашаган адамдарда муундар ортосунда көйгөй жаралат. Сиздин көз карандысыз жана эркин жүрүүгө болгон аракетиңизди жубайыңыз туура эмес өңүттө түшүнүп алышы ыктымал. Бойдоктор достор менен баарлашууну, көңүл ачууну азайтып, окууга көңүл койгону туура. Үй-бүлөлүүлөрдү дос-тааныштары сейилдөөгө, эс алып келүүгө чакырса баш тартпаганы оң.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Жашооңузду ыңгайлуу жана жайлуу кылыш үчүн үй жумуштарын жасап, короо-жайды иретке келтиресиз. Мындан улам үйдөгү мамилелер жакшырып, жасаган ишиңизден ырахат аласыз. Туристтик сапарга чыгуу сунушталбайт. Жаңы таанышкан адамыңызга өмүр таржымалыңызды айтып берүүдө өзүңүз тууралуу ашыкча маалымат айтып алгандан оолак болуңуз. Бизнес же жаңы иш баштоого ылайыктуу апта болот.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Сүйүү сезимдери күчөп турган түгөйлөрдүн мамилесин бузууга аракет кылгандар болот. Бирок капа болууга себеп жок, жакшысы, ортодо ишеним, мамиледе туруктуулук болсо баарын жеңесиздер. Сиз менен баарлашып, кеңеш алгысы келген адамдардын саны арбыйт. Апта ортосунда каржылык кыйынчылыкка тушугасыз, акчаңызды үнөмдүү пайдаланууга аракет кылыңыз. Буга чейин ишке ашпай жүргөн иштериңиз акырындан орундалат.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Аптада убактыңызды жан дүйнөңүздү байытууга, руханий көрөңгөңүздү толтурууга жумшаңыз. Бул аракеттер сизге энергияңызды толтурууга жардам берет. Жумушта жеке мамилелер курчуп, жетекчилик менен талашып-тартышып ынтымак ыдырашы мүмкүн. Жакшысы, урушту убагында токтотуп, өз чегиңизди билгениңиз туура. Сүйүү мамилесинде өнөктөшүңүз кандай болсо, ошондой кабыл алганга аракет кылыңыз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Мыйзам талаасынан чыкпаганга аракет кылыңыз, жоопкерчиликке тартылып калсаңыз окуя көпкө узарып кетет. Кол сунуп жардам берген досторуңуздун чөйрөсү кеңейет. Социалдык тармактардагы активдүүлүгүңүз орчундуу маселеңизди чечкенге өбөлгө болот. Ден соолугуңузда көйгөй жаралса уйкуңуз канбай, балким, туура тамактанбай жаткандан да болушу мүмкүн. Жумуш бүтүрөм деп башкалардын жоопкерчилигиндеги иштерди кошо башыңызга үйүп албаңыз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Буга чейин шапар тээп, көңүл ачып, шаңдуу жашоо образы менен жашап жүрсөңүз, анда бул апта тыныгуу керек болот. Антпесеңиз сүйүктүүңүз менен урушуп кетишиңиз мүмкүн. Бойдокторго жаңы романтикалык таанышуулар үчүн ыңгайлуу учур. Ата-энеңиз менен мамилеңиз жакшырып, алардын колдоосу менен жаңы киреше булагын ача аласыз. Айрым эски достордон кол үзүүгө туура келет.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Сизге бул аптада чоң жана татаал милдеттерди аркалоого болбойт. Максатыңызга жетүү үчүн ашыкча фанат болгондон алыс болуңуз, анткени бул алдыда боло турган кыйынчылыктардын башкы себебине айланышы мүмкүн. Муктаждарга акысыз жардам берип, адамдарга пайдалуу нерсе кылыңыз, ал жардамыңыз сөзсүз кайтып келет. Сүйүктүүсү менен таарынышып жүргөн бойдоктор жарашышат.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Аптада саякатка чыгууну пландап жаткан чаяндардын сапары күтүүсүздөн үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Электр буюмдары менен иштөөдө абайлаңыз, ден соолугуңузга залака келтирип аласыз. Айрым маселелерде тобокелчиликке баруудан коркпосоңуз, максаттарыңызга жете аласыз. Эс алуу күндөрү үй-бүлөлүү чаяндар жакындары менен чогуу болгону туура, алардын жылуулугу менен энергиясын толтурушат.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Сүйүктүүңүзгө, жубайыңызга көбүрөөк көңүл буруу сунушталат. Анын пикирин эске албай бир нерсе жасоо кооптуу, жаңылыштык кетирип бармак тиштеп калбаңыз. Бойдоктор расмий никеге туруу, үлпөт тоюнун датасын белгилөө сыяктуу иштерди пландаштыра берсе болот. Карызга алып же карызга акча бергенден оолак болуңуз. Спорттук мелдештерге катышып жаткан жаачыларды ийгилик коштойт.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Жумушта жамаатыңыз менен биргелешип иштеген ишиңиздин жыйынтыгы натыйжалуу болуп, жараткан ийгиликтериңизге кубанасыз. Энергияңыз толуп-ташып, колуңуздан келбеген жумуш жоктой сезилет. Бул абалыңызды туура пайдаланып калыңыз. Сүйүктүү адамыңызга көп эркиндик бериңиз, такай көзөмөлүңүз, тескерисинче, аны сизден алыстатып салышы мүмкүн. Үй-бүлөңүз менен туугандардыкына барып коноктоп келсеңиз болот.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Жөн жерден башыңызга көйгөй жүктөп албаш үчүн бирөө сизден суранбаса жардам бербей эле койгонуңуз туура. Жакшылык кылам деп өзүңүз чыгымга учурап каласыз. Кара күчтү талап кылган жумуштарды жасоодон карманыңыз. Сиз күтпөгөн адам сезимдерин билдирип көптөн бери сүйүп жүргөнүн айтышы мүмкүн, бул окуя сизди таң калтырып көпкө ишене албай кыйналасыз. Адамдар менен болгон баш аламан мамилени иретке келтиргениңиз оң.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Материалдык көйгөйлөрүңүз чечилип, маянасы жогору жумушка орношосуз. Балалуу балыктар балдарынын өнүгүп-өсүүсүнө, ийримдерине, окуусуна көп каражат коротушат. Кызыктуу адамдар менен таанышып, алар менен баарлашуудан ырахат аласыз. Мурда жашооңузга жагымдуу эмоцияларды тартуулаган адам менен кезигип калышыңыз мүмкүн. Эс алуу күндөрү жакындарыңыз менен табият коюнунда көңүл ачсаңыз болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1020, 24-30-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан