Венера Назаралиева, ырчы: “АТАМ ЫРЧЫ БОЛГОНУМДУ КӨРБӨЙ КЕТТИ ДЕП АРМАН КЫЛАМ”

“Сүйүүңдү уурдап кетем”, “Суранам”, “Кош эми, сүйүү багы”, “Чыдаймын” аттуу ырларды ийине жеткире аткарган мукам үндүү ырчы, Ош улуттук драма театрынын актрисасы Венера Назаралиева маек төрүбүздө. Жакында эле “Бактым сен” аттуу ырынын клибин эл алдына сунган ырчы айым менен жашоосундагы мырзалар тууралуу кеп кылдык.

“АТАМ МАГА ӨЗГӨЧӨ МАМИЛЕ КЫЛЧУ”

– Атамдын аты Шүкүрбек. Мүнөзү ушундай жумшак киши эле, эч качан бизге үнүн бийик көтөргөн жок. Кичине кезибизде атам аккордеон ойноп берип, биз ырдап-бийлеп күндө кечинде үйүбүздө майрам болор эле. Атам биз кичинекей кезде студент болуп жүрдү, анда Токмок шаарында окучу. Ал учурда Кербенден Фрунзеге учак каттачу, баарыбыз барып алып атамды узатчубуз. Атам учакка түшүп жатып шляпасын алып булгалап коёр эле. Атамдын кайра келишин чыдамсыздык менен күтчүбүз. Үч кызына окшош кийим, чач байлаган чоймо алып келип, уктап жатканда башыбызга коюп койчу. Чарчап келгенине карабай атам биз менен аябай ойночу. Көрсө, ошол күндөр эң бактылуу күндөр экен. Атам мага өзгөчө мамиле кылчу, себеби үйдө баарыбыз музыкалык мектептен билим алдык. Бирок жалгыз эле мен жан дүйнөм менен музыкага жакын болдум. Кароо-сынак, фестивалдарга катышам деп эле жүрчүмүн. Бир жолу Ысык-Көлгө фестивалга бармай болдум. Жол киреге акчабыз жок болуп калдыбы, айтор, баары кетип, мен калып калдым. Бирок атам кечигип болсо дагы алардын аркасынан мени Ысык-Көлгө өзү жеткирип келген. Атам балдарым өксүп калбасын деп жок дегенди билдирбегенге аракет кылды.

“КЫЗ-БУРАККА” МЕНИ АТАМ АЛЫП БАРГАН”

– Атама “Кыз-Буракта” иштеп сизге саламандра туфли алып берем, Москвичиңизди иномаркага алмаштырып берем” дей берчүмүн. Мектепти бүтүп жатканда "ырдап чыккым келет" десем, атам өзү ээрчитип алып “Кыз-Буракка” алып барды. Топко кабыл алынып даярдоо курсунда жүргөндө турмушка чыгып кеттим.

Атам өзү райондук электр тармагында иштечү. Кар көп жаап, аба ырайы бузулганда “Үңкүр-Тоо эмне болду экен?” деп эле сарсанаа боло берчү. Анткени Үңкүр-Тоодогу электр мунарасы жабыркап кала берчү. Ошентип суукта тизеден өйдө карды кечип жүрүп суук тийип, ревматизм өөрчүп жүрөккө өтүп кеткен. Атам катуу ооруду. Атам менин эл алдына чыгып ырдаганымды, очор-бачар болуп, ушундай эрезеге жеткенибизди көрбөй кетти деп арман кылам. Атам болгондо курортко алпарып, кыялындагы машинасын мингизет элем деп көп ойлоном. Анын элесин бир туугандарынан издей берем. Агаларымды көргөндө атамды көргөндөй болом. Көрсө, туулган жериң бекеринен ата журт деп айтылбайт экен.

“ИНИМДИН ӨЛҮМҮ БААРЫБЫЗГА АБДАН ООР ТИЙДИ”

– Иним менден бир жаш кичүү эле. Атам ооруп калганда ордуна инимди жумушка коюшту. Иним мектепти бүтүп калган кез болчу. Атамдын жанында жүрүп иштин жөнүн билип калган да. Контролёр болуп иштеп жүргөнүндө бир барсам мага “соода-сатык кылган киши эмгегимдин акысына буларды берди” деп кийимдерди берди. "Иним кийим алып келиптир" деп сүйүнүп кийип кеткем. Көрсө, ошондо инимди акыркы жолу көргөн экем. Иним райондук электр тармагында иштеп жүргөндө жетекчилери бир күнү майрамдап калышат. Анан баары кызуу болуп калганда “Аксынын Авлетим деген айылында свет өчүп калыптыр, трансформатордон экен, сен барып карап келе кал, биз бул жактан жалпы токту өчүрүп коёбуз” дешет. Иним жаш, алардын айтканын аткарат да. Токту өчүрүп коюшту деп барып алып токко тартылып каза болуп калды. Көрсө, беркилер токту өчүрбөй коюшуптур. Жалгыз уул эле, инимдин өлүмү баарыбызга абдан оор тийген. Атам өзүн күнөөлөп жатып, көп узабай дүйнө салды. Абдан кыйналганбыз, жашообузда эң оор күндөр болду.

“ЖОЛДОШУМ ЭКӨӨБҮЗДҮН СҮЙҮҮБҮЗ КҮЧТҮҮ БОЛГОН”

– Жолдошум экөөбүз апам жактан тууганбыз, бөлөбүз. Кичинекей кезде шаардан айылга барып калчу. Ушунчалык тентек эле, биздин жөжөлөрүбүздү мыкчып өлтүрүп салганда мыкаачы деп аябай жаман көргөм. Азыр “мен айылга барганда ылайдан нан жасап, наня деп ойноп жүргөн кыз болчусуң” деп тамашалап калат. Экөөбүздүн сүйүүбүз абдан күчтүү болгон. Экөөбүз тең жашпыз, жүрөгүбүз курч кез. Баарынын каршы болгонуна карабай баш кошконбуз. Апам “тийбейсиң, мен сени айылга алып кетем” деп урушат. Атам болсо “кызым, жашсың, коё турсаңчы, окушуң керек, ойлонуп көрчү” деп менин көңүлүмдү карап сүйлөдү. Ошондо уятты жыйыштырып эле “ата, мени алып кетпегилечи, Азамат менен эле калтырып коюңузчу” деп жалдырагам.

Жолдошум мени абдан кызганчу. Концертте жүрсөм кепкасын баса кийип эле барып калчу, аркамды карасам эле күйөөм турган болот. Бир жолу жолдошумдан суранып жатып Асылбек Өзүбековдун концертинде ырдадым. Алар менен Жалал-Абадга дагы барыш керек болуп калды. Жолдошум мени ээрчип алды. Асылбек байке “жолдошум дейсиң, экөөң тең кичинекей экенсиңер” деп күлгөн. Жолдошум бир топко ырдабайсың деп жүрдү. Ырчылык менин жан дүйнөм каалаган нерсе болгон үчүн мен өзүмдү чектей албадым. Бара-бара менин сүйүктүү кесибиме жолдошум көндү.

Менден “кабагы ачылбайт го, күйөөң деги күлөбү?” деп сурай беришет. “Бир шайырга бир олуттуу киши болгону жакшы. Күйөөм мени улам тартып тегиздеп турат да” деп күлүп калам.

“УУЛУМ ТӨРӨЛГӨНДӨ МЭЭРИМ ДЕЛЕ ТӨГӨ АЛБАПТЫРМЫН”

– Уулумдун аты Сыймык. Атын Сыймык Бейшекеевдин атынан койгонбуз. Спортко абдан жакын, эринбей спорттун ар кайсы түрүнө бара берет. Ырчылыкка кызыкпайт, бирок куйкум сүйлөйт. Быйыл колледжди бүтүрүп, жогорку окуу жайга тапшырганы жатат. Азыр ойлосом, уулум төрөлгөндө жашмын да, кубанып, элжиреп энелик мээримимди деле төгө албаптырмын. Ал кезде ырдасам болду деп эле жүрсөм керек. Анын үстүнө кайненем карачу, андан уялып өөп, эркелете алчу эмесмин. Уулум бизди Азамат аке, Венера апче дейт. “Апа, ата деп айтпайсыңбы” десем, унчукпай күлүп калат. Чоң ата-чоң апасын капа кылбайын дейт окшойт. Экөөбүз сырдашабыз, мага жакын, эркелеп келип кучактап өөп калат. Атасы катуу кармайт.

“КАЙНИМ МЕНЕДЖЕРИМ”

– Жашоомдогу дагы бир мырза – бул менин менеджерим. Ал кичинесинен биздин колдо жүргөн кайним болот. Той-концерт, бардык ишимди ушул жигит бүтүрөт. Кандай жумуш болбосун ишенип табыштай алам. Баарын ойдогудай кылып бүтүрүп коёт. Бир жакка кетип жатсак балдарыбызды дагы ага беймарал таштап кете беребиз.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1020, 24-30-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан