МЕКТЕПТЕ ДИНДЕР ТАРЫХЫ ОКУТУЛАТ. ЧЫНЫГЫ МАКСАТ ЭМНЕ?

Кыргызстанда 2022-2023-окуу жылынан тарта орто мектептерде диндердин өнүгүү тарыхы предмети окутула баштайт. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, аталган сабак 7-8-9-класстын окуучулары үчүн өтүлөрү күтүлүүдө. Бул сабакты кимдер окутат? Бир динге артыкчылык берилип кетет деген чочулоолор негиздүүбү? Бул демилгенин түпкү максаты эмне? Макалада ушул сыяктуу көпчүлүктү кызыктырып турган суроолорго жооп издедик.

“БАЛДАРДЫ РАДИКАЛДЫК ТААСИРДИН АГЫМЫНАН КОРГОП КАЛАБЫЗ”

Муратбек Иманкулов, Кыргыз билим берүү академиясынын жетектөөчү илимий кызматкери:

– Диндердин өнүгүү тарыхы сабагы эмне үчүн керек? Биринчиден, эгемендик жылдарында Кыргызстан эркин, ачык саясат жүргүзүп, анын натыйжасында чет өлкөдөн түрдүү уюмдар, анын ичинде радикалдык, экстремисттик диний уюмдар кошо агып кирди. Бул көрүнүш Кыргызстандын элине таасирин тийгизип, учурда радикализм, экстремизм маселеси курч болуп турат. Алсак, чоң адамдар эмес, мектеп окуучуларына чейин көйнөк-дамбал, хиджаб кийип, жоолук салынып алгандар көбөйдү. Эсиңерде болсо, 2000-жылдары Сузак районунун бир мектебинде өспүрүм окуучулардын баары мектепте сабактарын таштап жума намазга кетип калышкан. Өспүрүм балдарды түрдүү диний агымдар өздөрүнө имерип, көз караштарын таңуулашат. Өспүрүмдөр адашып калышы мүмкүн. Ошондуктан окуучуларга диндердин өнүгүү тарыхын окутушубуз керек.

Динге ашыкча фанат болуу – кыргыздын каада-салтына, дегеле улуттук иденттүүлүгүнө карама-каршы келип, өлкөбүздө диний чатактардын пайда болушуна алып келиши мүмкүн. Бул сабакты 7-8-9-класстарга окутуу болжолдонууда, себеби ушул куракта өспүрүмдөрдүн көз карашы калыптанат. Эгер ушул мезгилде аларда иммунитет пайда кылып, зыяндуу таасирлерге берилип кетпей турган билим берсек пайдасы тиет.

2014-жылы Коопсуздук кеңешинин чечими менен дин маданиятынын тарыхы сабагын окуу программасына киргизүү маселеси каралган. Ошонун негизинде 2017-жылы өкмөттүн токтому чыккан. Ал окуу программасына ылайык, предметтик стандарт окуу программасы иштелип чыгып, ал бир нече жолу сынактан өткөн. Быйылкы жылы мугалимдер ошол мурда даярдалган окуу китебин колдонушат.

Бул сабакты кимдер өтөт? Кыргызстан боюнча университеттерде теология жана дин таануучу адистерди даярдаган факультеттер бар. Ал адистердин саны өлкө боюнча 1000ден ашат экен, бирок бүгүнкү күндө 300дөн ашык адис мектепте иштөө ниетин билдиришти. Бирок аларга министрлик шарт койду, мектепте иштөө үчүн жок дегенде кошумча 2 жылдык даярдоочу курстан, педагогика, психология боюнча билим алышы керек. Ага чейин кыска мөөнөттүү билимин өркүндөтүүчү курстардан окушу керек. Аталган сабакты окуткан мугалимдер эч кандай секталарда каттоодо турбагандыгы, радикалдык уюмдардын таасиринде эместиги тууралуу маалымдама алып келиши керек. Мындай тастыктаманы ИИМ, УКМК же Дин комиссиясы бере алат. Андай адистер даяр болгуча кыска мөөнөткө тарых мугалимдери сабак өтүп турат. Молдо же кайсы бир диний секталарга жана агымдарга тиешеси бар адамдардын сабак өтүүсүнө уруксат берилбейт. Анткени сабакта байыркы тотемизм, анимизм, фетишизмден баштап азыркы ислам, христиан дининин өнүгүү тарыхына чейин окутулат. Эч бир динге артыкчылык берилбейт.

“ДИН ТАРЫХЫН ОКУТСАК ЭЛЕ РАДИКАЛИЗМДЕН КУТУЛУП КЕТПЕЙБИЗ”

Элмурат Кочкор уулу, теолог:

– Дүйнө боюнча, айрыкча Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыштагы окуяларды карасак, радикализмдин чыңалуусу жогорулап бара жатат. Радикализм – бул диний маалыматтын жетишсиздигинен гана болуп жаткан жок. Бул түшүнүктү ырбаткан экономикалык алсыздыгыбыз, өнүкпөй жатканыбыз. Адам турмушунда бейпил жашап, баары ойдогудай болуп жатса “Кудай үчүн биз менен барып согушсаң бейишке киресиң” деген радикалдардын чакырыгына ишенбейт. Маданият, билим берүү, экономика тармагы өнүксө жарандардын жашоо шарты, аң-сезими өсөт, радикализм өзүнөн-өзү жок болот. Мамлекет элге китеп окуп, театрга барып спектакль көрө тургандай жашоо деңгээлин түзүшү шарт. Диндин максаты – адамдардын руханий муктаждыгын тең салмакта тутуу, кандыруу. Билимдүү адамдар мына ошол руханий муктаждыкты динден, искусстводон ала алышат. Бизде азыр ыр окуган адамды бекерчи көрүшөт айрымдар. Радикализмге түртүп жаткан – бул билимсиздик, караңгылыкты, башкача айтканда, адамдардын ошол кемчилигин айрым манипуляторлор башка тарапка буруп кетип жатышат. Башка мамлекеттерде дин маданиятын окуткан предметтер бар. Мисалы, Түркияда, Германияда. Түркияда ислам динине артыкчылык берип окутушат. Ал эми бизде тарыхка гана басым жасап, нейтралдуу предмет кылабыз деп жатышат, көрөбүз да.

“КЫРГЫЗСТАН СВЕТТИК ӨЛКӨ, ДИНДИ ОКУТУУГА КАРШЫМЫН”

Арсланбек Малиев, Жогорку Кеңештин депутаты:

– Кыргызстандын Баш мыйзамында “Кыргызстан – светтик өлкө” деп так жазылып турат. Анын ичине динди киргизген туура эмес. Мектептерде динди окутуу – Конституцияга каршы келет. Эзелтен келе жаткан, калыптанган программа бар. Ошону окутсун. Балдарга дин эмес, билим берсин. Күчтүү сабак өтсүн. Азыркы мезгилге жараша окутуу ыкмаларын ойлоп табышсын. 18 жашка чыккыча дин тууралуу билим бергенге эрте. Бул сабакты жогорку окуу жайларда, колледждерде окутса болот. Көбү университеттен дин таануу сабагын окуган. Биз деле кайсы дин качан, кайсы жактан чыкканын акыл токтотуп калганда билдик. Эми азыр окуучу балдарга динди окутсак, алар кайда барат? Анан да бул сабакты киргизгенде деле аймактарда кадрлар жетишсиз болот.

“ДИНДИН ТҮПКҮ МААНИСИН ЭЛГЕ ТУУРА ЖЕТКИРҮҮ ЗАРЫЛ”

Сүйүнбек Касманбетов, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы:

– Дин тарыхын үйрөтүү сабагы буга чейин эле колго алынган, бирок эми ишке ашып отурат. Кыргызстан эгемендикке ээ болгону өлкө аймагында көптөгөн диний агымдардын өкүлдөрү баш көтөрө баштады. Мисалы, мектептерге караганда мечиттер көп салынат. Совет мезгилинде 39 мечит, 3 чиркөө болсо, акыркы 30 жыл аралыгында 1895 мечит курулган, 3348 диний уюм каттоодон өткөн. Ошондой эле 65 медресе, 10 ислам багытындагы окуу жай иш алпарат. Ал эми каттоодон өтпөй, экстремисттик багытты бекем туткан, конституциялык түзүлүштү өзгөртүп өзүнүн мыйзамдарын ишке ашыргысы келип көмүскө иш жүргүзгөн уюмдар канча?!

Билим берүү мекемелерине дүйнөлүк диндердин пайда болуу, калыптануу жана өнүгүү тарых-таржымалын окутуу боюнча атайын сабак киргизүү маселесин да көптөн бери козгоп келем. Конфессиялар аралык тирешүүлөр баш көтөрө баштаган, дүйнөдө диний экстремизм жосундары күчөп, терроризм менен радикализм тобокелчиликтери чектен ашкан азыркы шартта диндин жаралуу тарыхын, анын түпкү маанисин калкка туура түшүндүрүүнүн мааниси зор. Анткени өз ишениминин таржымалын жетик билген адам башка бирөөнүн жетегинде калбайт, экстремисттик жана террордук топторго кошулбайт.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1020, 24-30-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан