Биздин сайтыбызда күн санап активдүү колдонуучулар көбөйгөнү бизди кубандырат. supernurgazy аттуу форумчубуз бул жолу да жаңы акция уюштурду.
Декабрь айынын башында «24 саат бою форумдан чыкпай отурам» деп Нургазы аттуу колдонуучубуз жар салган эле. Аны, албетте, көпчүлүгү колдоп, минтип акция ишке ашып отурат. Шарт боюнча, 2010-жылдын 10-декабрь күнү саат 10:00дөн баштап 11-декабрь күнү саат 10:00гө чейин колдонуучуларыбыз форумдан чыкпай отурмак.
Ошентип, 10-декабрда Нургазы ноутбугун көтөрүп кеңсебизге келди. Саат жебеси так 10:00дү какканда акция ачык деп жарыяланды. Атайын “Онунчу жылдын онунчу күнүндөгү акциясы” деген тема ачылып, акцияга катышкандар ал темага баш бага башташты.
Ар саатта ар кандай программалар түзүлүп, ар темага ар ким кароолчу болуп дайындалып, ошол киши теманын кызыктуу болушун жана андан ары өнүгүшүн көзөмөлгө алып турду. Эң көп колдонуучу кирген учур түштө катталып, 15 мүнөт ичинде 777 конок кирип, 55 колдонуучу форумда билдирүү калтырганга жетишти.
Акция уюштуруучусун колдоп, AeCHka жана Sagy аттуу форумчуларыбыз да кеңсебизге келишти.
Биздин каарманыбыз түнү менен кеңсебизде отурду. Akjol, meerime, Varvara, Barika жана Sadaga аттуу чет элдик колдонуучулар таң атканча талкууга катышып беришти. Анан, албетте, акцияны уюштурган форумчу Нургазы 700 билдирүү жазып, чынында эле рекорд койду. Акция күндүзгү саат 10гө чейин токтоосуз, кызыктуу жүрдү.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg