АППАРАТТЫК КОСМЕТОЛОГИЯНЫН НАТЫЙЖАСЫ КАНЧАЛЫК?

Илим-техниканын өнүгүшү менен косметология да бир орунда турган жок. Жаштыкты, сулуулукту сактоо үчүн жаңы аппарат, технологиялар колдонулууда. “КосМед” косметологиялык борборунун дерматолог-косметологу, трихологу Нурмери Гаджал алардын түрлөрү, кимдерге сунушталып, кимдерге болбостугу тууралуу маалымат берди.

НЕГИЗГИ МАКСАТЫ – ООРУТУУСУЗ, ИЙНЕ САЙБАЙ, ОПЕРАЦИЯСЫЗ ЖАШАРТУУ

Картаюу – бул биологиялык процесс, бирок теринин шалбырап, бырыш басып калуусунун алдын алууга болот. Териге дайыма туура кам көрүп, күндөн, шамалдан сактап, косметологго кайрылып тазалатып, процедураларды алып турган адамдардын териси 50-60 жашка келсе да каралбагандардыкына караганда бир топ жакшы көрүнөт.

Териде жаралган көйгөйлөр: теринин кургашы же майланышы, бырыштардын эрте түшүшү; териде пайда болгон ар кандай оорулар: безетки, аллергия, купероз, экзема, псориаз – булардын баары ички жана сырткы факторлордун негизинде жаралат. Ошондуктан орчундуу көйгөй болсо алгач дерматологго кайрылып, жаралуу себептерин аныктап алуу кажет.

Мындай көйгөйлөрдү чечүүдө учурда аппараттык косметология кеңири колдонулууда. Косметологияда аппарат менен жасалуучу көптөгөн процедуралар бар. Алардын негизги максаты – оорутуусуз, ийне сайбастан, операциясыз жашартуу, көйгөйдү жоюу. Жашартуу үчүн жасалган аппараттык процедуралардын натыйжасы 40-50 пайызды түзөт. Ошондуктан аппараттык процедураларга инъекциялык ыкманы кошуп жасоо сунушталат. Бул процедуралар жасалган соң эрежелерин сактап, териге кам көрүүчү каражаттарды убагында колдонуп, туура тамактануу кажет. Болбосо жасалган процедуранын натыйжасы аз гана убакытка сакталат.

АППАРАТТЫК КОСМЕТОЛОГИЯНЫН ТҮРЛӨРҮ

SMAS лифтинг – аппараттын жардамы менен берилген ультраүн тери астындагы булчуңдарга таасир этип, коллагендин иштелип чыгуусун жогорулатат. Натыйжада тери жылмакай тартып, чымыр болуп майда бырыштар жазылганы, беттин контуру жакшырганы 1-сеанста эле байкалат.

RF-лифтинг (радиотолкундуу лифтинг) – теринин астындагы булчуңдарга, лимфага радиотолкунду өткөзүп, лимфадагы ар кандай шлактарды табигый жолдор менен чыгарып тазалоого таасир этет. Бетке, курсак, кол-бутка жасоого болот. Натыйжада денедеги шишиктер кетип, кан айлануу жакшырат да, теринин түсү оңолуп, серпилгич болот. Ошондой эле теринин астында жайгашкан коллаген менен эластиндин иштелип чыгышына таасирин тийгизет.

Фототерапия – ультракызгылт нурлардын таасири менен тери ооруларын дарылоого, тактарды, түктөрдү жана безеткилерди кетирүүгө, беттеги куперозду дарылоого болот. Мында атайын лампа, лазер, жарык берүүчү диоддор колдонулат. Кандай көйгөй болгонуна жараша фильтрлер алмаштырылып турат.

Фракциондук мезотерапия – аппараттын жардамы менен мезотерапиялык коктейл териге терең сиңирилет. Терини серпилгич кылуу, майда бырыштарды жазуу, теринин түсүн жакшыртуу, көздүн айланасындагы шишикти кетирүү максатында фракциондук мезотерапия алууга болот.

Миостимуляция – миостимуляциялык ток электрод аркылуу теридеги булчуңдардын кан айлануусун жакшыртат, натыйжада бет териси түсүн өзгөртүп, бир аз тартылып калат да, беттин контуру жакшырат. Муну дененин кайсы жеринде ашыкча май, целлюлит болсо ошол жерлерге алууга болот.

Микротоктуу терапия. Мунун максаты – эпидермиске микроток өткөзүү менен андагы эластин менен коллагендин иштелип чыгуусун жогорулатуу. Жогорудагы миостимуляция сыяктуу жасалат, болгону мында башындагы калып (насадка) алмашат да, массаждык кыймыл менен микроток өткөзүлөт.

Карбокситерапия – аппараттын жардамы аркылуу терини кычкылтек менен каныктырат. Натыйжада ал жактагы кан айлануу жакшырып, коллагендин синтезделип чыгышына таасири тиет. Бетке, моюнга, кол-бутка, курсакка жасоого болот.

АППАРАТТЫК КОСМЕТОЛОГИЯНЫ КОЛДОНУУГА КАРШЫ КӨРСӨТМӨЛӨР:

• Териге, жалпы денеге бир нерсе чыгып, ал жер сезгенип калса, териде эле эмес, организмде сезгенүү процесси пайда болсо. Бул учурда микротокторду колдонууга тыюу салынат;

• Кош бойлуулук;

• Бала эмизүү;

• Медициналык имплантаттар бар болсо, тиште, кабырга, бут-колдо;

• Борбордук нерв системинин ооруларында – Паркинсон оорусу, талма, Альцгеймер оорусу;

• Жүрөк-кан тамыр системи менен байланышкан ооруларда, кан басымдын түшүшү, жогорулашы, инфарктан кийин;

• Жугуштуу ооруларда – кургак учук, гепатит;

• Кандын уюшунда көйгөйлөр болсо;

• Дарылоочу жерде пирсинг болсо;

• Процедурада колдонулуучу каражаттарга жеке сезгичтиги бар болгондо

АППАРАТТЫК ПРОЦЕДУРАЛАРДЫ АЛУУ ҮЧҮН ЖАШ КУРАК

Ар бир процедуранын натыйжасы толук курс алса 6 айдан бир жылга чейин жетет. Ал эми аппараттык косметологиянын көпчүлүгү жаш куракка жана көйгөйгө жараша 10 сеанска чейин жасалат.

Косметолог адамдын терисинин тиби, көйгөйлөрү, жашоо образы менен таанышкандан кийин кайсы аппараттык процедурага канча жолу келиш керек экенин же инъекциялык процедуралар кошумча керек экенин айтат.

• 25-30 жаш – бет терисинин өзгөрүшүн алдын алуу үчүн 3-4 сеанс;

• 30-35 жаш – жашартуунун 1-баскычы. 1 курс 6 сеанстан турат, жума сайын жасалат;

• 35-40 жаш – жашартуунун 2-баскычы. 1 курс 6 сеанстан турат, жумасына 2 жолу жасалат;

• 40-50 жаш – активдүү жашартуунун 1-баскычы. 1 курс 8-10 сеанстан турат, жумасына 2 жолу жасалат;

• 50-60 жаштан ары – активдүү жашартуунун 2-баскычы. 1 курс 10-12 сеанстан турат, жумасына 3 жолу жасалат.

Мындан сырткары 18 жаштан кийин бетке безетки чыкса аппараттык процедуралар менен дарылоого болот.

Аппараттык косметологиянын зыяны тийбейт. Булар сертификацияланган аппараттар, аларга колдонуучу бардык каражаттар текшерүүдөн өтөт. Албетте, косметологдун тажрыйбасы да маанилүү.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1020, 24-30-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан