Казино иши: ТАЛАШТУУ МЫЙЗАМ ПАРЛАМЕНТТЕН “ИЙГИЛИКТҮҮ” ӨТТҮ

22-июнда Жогорку Кеңеш “Оюн-зоок иши жөнүндө” мыйзамга толуктоолорду киргизүүнү чечти. Тагыраагы, Кыргызстанда казинолордун ишине уруксат берүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун кабыл алды. 59 депутат “макул” деп добуш берсе, 9 депутат “каршы” деп позициясын билдирди.

Мыйзам долбоору талаш-тартыш, кайым айтышууларды жаратты. Каршы чыккандардын бири – депутат Адахан Мадумаров. Ал төрага Талант Мамытовду фракция лидерлерине тегиз мамиле жасабай жатканын айтып чыкты.

– Казино маселеси боюнча фракция лидерлерин жыйнаптырсыз. “Бүтүн Кыргызстан” менен “Ыйман нурун” чакырбай, “алар баары бир колдобойт” дептирсиз. Мындай мамиленин аягы жакшылыкка алып барбайт,- деди Мадумаров.

Төрага Мадумаровду далилсиз сүйлөбөөгө чакырып, “божомолдоп эле урдура бересизби?” деп, кайым-айтышуулар уланды. Айрым депутаттар казинолорго уруксат берүү Министрлер кабинетинин демилгеси экенин, мыйзамды министрлер коргошу керектигин, депутаттардын демилгени жактап адвокаттык кылганы туура эмес экенин айтышты. Жанар Акаев диний ишенимдерди саясий иштерге аралаштырбоого үндөдү.

Мыйзам долбоору каралып жатканда “казинолордун иштешине каршыбыз” деген бир нече жаран Ак үйдүн алдында митингге чыгышты.

Жыйынтыгында добуш берүү бир жолу үзгүлтүккө учурап, сүйлөшүүлөрдөн кийин көпчүлүктүн колдоосу менен мыйзам долбоору кабыл алынды. Документ эми президенттин кол коюусуна жиберилет. Талаш-тартышка чекитти мамлекет башчы коёт.

23-июндагы парламент жыйынында депутат Исхак Масалиев президент Садыр Жапаровду казинолор боюнча мыйзамга кол койбой турууга чакырды.

Айта кетсек, демилгечилер казинолорду иштетүүдөн Кыргызстан жылына 2 миллиард сомго чейин киреше табат деп жатышат. Ошондой эле оюн залдарына Кыргыз жарандары киргизилбейт, чет элдик жарандар гана ойношот дешүүдө. Демилгеге каршылар негизги 2 аргументти жүйө келтирүүдө: казино мекендештерди азгырып көптөгөн тагдырларды талкалайт жана казино иштетүү күнөө, андан түшкөн киреше адал болбойт.

Мыйзам кабыл алынса, казинолор алгач Ысык-Көлгө, андан кийин Бишкекке ачылары айтылды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1020, 24-30-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан