КЫРГЫЗСТАН ДАГЫ 4 АЙ КАНТТЫ БАЖЫ АЛЫМЫСЫЗ ТАШЫЙТ

Беларуста 21-июнда Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезексиз жыйыны өттү. Жыйын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы астында өтүп, анда 6 маселе каралды. Жыйынтыгында 2 чечим кабыл алынган.

Биринчиси – айыл чарба жабдууларынын айрым түрлөрүнө ЕАЭБдин бирдиктүү бажы тарифинин ташып келүү бажы алымдарынын коюмдарын белгилөө.

Экинчиси – 2022-жылдын 31-октябрына чейин Кыргызстандын аймагына кантты жана чийки кант камышын ташып кирүүдө бажы алымдарын нөлгө түшүрүү мөөнөтүн узартуу.

Эскерте кетсек, ЕЭК Кеңешинин кезектеги отуруму үстүбүздөгү жылдын июль айында Беларустун Витебск шаарында өткөрүлөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1020, 24-30-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан