БАЛДАРДЫ 1-КЛАССКА КАТТООНУН 2-ЭТАБЫ БАШТАЛАТ

Балдарды мектепке 1-класска электрондук каттоонун 2-этабы 27-июнда башталары айтылды.

– Ата-энелер жашаган жерине карабастан бош орундар бар мектепке балдарын каттай алышат. Болгону алар мыйзамдуу жашаган жери боюнча каттоодон өтүшү керек. Ал эми "Мектепке электрондук кабыл алуу" программасына катталган ата-энелер жеке кабинети аркылуу мектепти алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат,- деп билдирет Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы.

Бишкекте 1-класска бара турган балдар үчүн мектепте орундар жетиштүү дешти. Расмий маалыматка таянсак, шаардагы мектептерде 1-класстар үчүн 17 миң орун каралган, 11-апрелдеги электрондук каттоонун биринчи этабында 5 миң орун гана толтурулган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1020, 24-30-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан