КОЖОМКУЛ – АТАКТУУ БАЛБАН ТҮПТӨГӨН АЙЫЛ

Суусамыр өрөөнүндөгү Кожомкул айылы жана андагы элдин жашоо турмушу менен Кожомкул балбандын чөбүрөсү Орозалы Кожомкулов тааныштырат.

Орозалы 29 жашта, кесиби боюнча журналист. Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосундагы чоң атасынын музейинин жетекчиси.

Буга чейин 4 китеби жарык көргөн: «Каба уулу Кожомкул», «Кан күйгөн жылдар», «Бийназар уста», «Ааламга тете алакандай айылым».

Суусамыр өрөөнүндөгү Кожомкул айылы Чүйдүн Жайыл районуна карайт. Райондун борборунан 120 чакырым алыстыкта жайгашкан. Суусамыр айыл өкмөтүнүн курамына кирет.

Кожолуктун (түтүн) саны – 204

Элдин саны – 1388

Окуучулардын саны – 190

Айылда орто мектеп, ФАП, клуб, Каба уулу Кожомкулдун музейи, өзү жашаган үйү бар

«АЙЫЛ ЧОҢ АТАМДЫН АТЫНАН АТАЛГАН»

– Илгери биздин айылдын орду ээн жер болуп, Талас, Кетмен-Төбө, Жумгал, Чүй өрөөндөрүнүн эли жайыт катары гана пайдаланып келген экен. 1850-жылы жумгалдык Мамаке деген бий «Суусамырдын суусу балыкка, өрөөнү жайытка, тоосу аркар-кулжага, өзөн жээги кожогат, карагатка бай экен. Кийинки урпактарга ушундай жайыт, кыштоо керек болот» деп Жумгалдан күрүчбек уруусун көчүрүп келиптир.

1928-жылы айыл 8-Март деп аталып, 1989-жылы чоң атам (бабам) Каба уулу Кожомкулдун 100 жылдык юбилейине карата айылдын атын чоң атамдын атынан атоо чечими чыккан. Анткени учурунда ар жакта чачырап жайгашкан элди чогултуп, айыл түзүп, жер бөлдүрүп, жол салдырыптыр.

«АЙЫЛДЫКТАР КЫМЫЗ, КУРУТ, САРЫ МАЙ САТЫП ДА КИРЕШЕ ТАБЫШАТ»

– Айылдагылар мал чарбачылыгы, дыйканчылык менен алектенет. Аба ырайы катаал болгондуктан картошка, арпа, эспарцет, сарымсак гана айдашат. Айылдыктар малдан тышкары кымыз, курут, каймак, сары май сатып да киреше таап тирилигин өткөрүп келишет.

Эл күнөсканаларды салып, жашылча, көк чөптөрдү эгүү жагын колго алса жакшы болмок.

Айылдын жолу Союз кезинде асфальтталган бойдон. Кээде унааны аяп, түшө калып аңгыл-дөңгүл, уңкур-чуңкурлардан аттап-буттап эле өтүп кеткиң келет. Эл районго же башка жактарга унаалары, таксилер менен каттайт. Өкмөт жолду оңдоп койсо туризм өнүгөт эле.

2004-жылы айылда узундугу 3 чакырымга жеткен суу түтүгү курулган. Бирок ал туура эмес курулганбы же башкабы, айтор, ал колдонулбай жатып керектен чыгып калган. Эл сууну өзөндөн, арыктан ичет.

Элибиз көк бөрү оюнуна жакын келип, кызыгуу менен ойношот. Ордо оюну кээде ойнолуп калат.

Айылдан Социалисттик эмгектин баатыры Касымалы Төкөлдөшов, Улуу Ата Мекендик согушка катышып, Даңк медалынын 4 жолку ээси болгон Насыр Байтурсунов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бакирдин Алиев чыккан. Бакирдин Алиев агай ролдорду аткаргандан тышкары 3 драма жазып, элге тартуулаган.

Айылда врач, мугалимдер, тракторчу, андан тышкары ырчы-чоорчуларыбыз да бар. Замир агабыз уста. Така, камчы, жүгөн, куюшкан, ээр, көмөлдүрүк жасайт. Ал жасаган тобулгу камчыларды эл өтө баалап алышкандыктан «Суусамыр камчысы» деген атка кондурушкан. Көк бөрү командасындагы оюнчулардын көбү ошонун камчысын сатып алышат. Анткени кармаганга ыңгайлуу, өтө бышык.

АЙЫЛДЫН ЖАРАТЫЛЫШЫ

– Илгери айылдын четиндеги токойлордо, тоо этегинде элик, коён, кекилик, чил көп болгон экен. Согуш кезинде эл аларга аңчылык кыла берип, саны өтө азайып, элик жок болуп кеткен. Карышкыр, түлкү, суур азыр деле бар. Сууларда форель, окунь, сазан жана ит чабактар кездешет. Бирок аларды да эл кармай берип санын азайтып жиберишти. Кокту-колоттордо карагат, кожогат өсөт. Дары чөптүн 40тай түрү кездешет.

Айылдын жайлоо сымал кооз жаратылышына суктанган туристтер көп келет, айрыкча арабдар.

Көкөмерен суусу айылдын четинен 500-600 метр аралыкта агып өтөт. Суунун кыргызча аталышы Көк-Суу болгон. 16-кылымда өрөөндү калмактар басып алганда сууну өздөрүнүн тилинде Көкөмерен («тез, шар аккан суу» маанисинде) аташкан жана ошол аталыш калып кеткен.

«ЧОҢ АТАМ ТУУРАЛУУ…»

– Айылда чоң атам Каба уулу Кожомкулдун музейи, көрүстөнү бар. Чоң атамдын балбан экендигин, салмагы 690 ташты, ат, өгүздөрдү көтөргөнүн, сазга баткан төө, бээни сүйрөп чыгарганын элдин көбү билет.

Чоң атамдын жонунда бетинде кыл өскөн узунунан кеткен жалы болуптур. Анын Алымбек, Турумбек деген балбан чыкма балдары 5-7 жашында эле музоолорду куйругунан кармап токтотуп, көтөрүп ойношчу экен. Чоң атам “менин, элдин көзү тийип балдарым жаш кезинде эле каза болуп калышты” деп кейигенин эл айтып калат.

Андан кийинки Амантай, Муктар деген балдарына атасынын балбандыгы өтпөптүр. Турду, Нуржамал (багып алган кызы) деген кыздарында балбандык сапат болуптур. Мен Муктар чоң атамдын 5 баласынын бири Жапардын уулу болом.

Кожомкул чоң атамдын 2 класстык билими болгон. Убагында кедейлер комитетинин, Суусамыр жайлоо кеңешинин, Кара-Балтада жер бөлүмүнүн, Суусамырда жана Жумгалда айыл кеңешинин жетекчиси, ферма башчысы кызматын аркалаган. Кожомкул айылын уюштурган, Көкөмерен, Каракол сууларына көпүрө салдырып, устундарды өзү ташышкан. Суусамыр-Жумгал-Төө-Ашуу жолун салууда активист болуп, жолго түшкөн чоң таштарды түртүп кулатып турган. Комуз черткен өнөрү да болуптур. Белгилүү ырчы Мыскал Өмүрканованы курбуларынын ортосунда ырдап жатканын угуп калып, «сенден ырчы чыгат» деп Бишкекке жиберткен да чоң атам болгон экен.

Чоң атам Кара-Балтада иштеп турган кезде айылына келе жатса Ак-Суу ашуусунда жолго чоң таш кулап, 2 күндөн бери эч ким өтө албай турган болот. Көрпөчөсүн алдына салып, 2 колу менен жер таянып туруп ташты тепкенде ал сууга кулап түшөт. Ошондо бетинен кан чыгып, жаңы өтүгүнүн таманы тегеренип түшүп калыптыр. Күрөш, эр эңиш сыяктуу оюндарга түшүп, байгеге алган малды жетим-жесирлерге таратып жиберчү экен.

Чоң атам тууралуу элдин айткандарын чогултуп, «Каба уулу Кожомкул» деген китеп чыгаргам. Чоң атамдын небере-чөбүрөлөрүнүн саны азыр 50дөй.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1020, 24-30-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан