КАПКАН (бакыт издеп түгөнгүс түйшүккө кабылган аялзатынын турмушу чагылдырылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Силер үчүн соттолуп кетсем да мейли,- Нурзат жалындап күйүп жаткан үйдү кылчая бир карады да, унаасына отуруп газды баскан бойдон кетип калды. Үйүнө келип дароо душка кирди, кийимдерин толук чечпей эле муздак сууну агызып алдында бир топко тура берди. Үйдүн күйүп жатканы улам көз алдына тартылып туруп алды. “Ушунчалык мыкаачы адам болуп кеттимби?” деп ойлонгон аял өзүнүн каруусун өзү бекем мыкчыды. Жанатан экөөңө тең жаным ачыбайт деп турган Нурзат азыр Тимурдун күйүп жатканын элестетип көзүн жумуп жиберди. “Эмне кылып койдум? Мен адам өлүмүнө себепкер болдумбу” ар кандай ойлор тынчтык бербей жатты. Муздаткычка жетип барып коньякты ала салып бөтөлкөсү менен бир нече жолу жутуп жиберди да, шалдайып дубалга жөлөнүп отуруп калды.

ххх

Тимурдун үйүн караган күзөтчүлөрдүн базасынан сырткы видеобайкоолор көрүнүп турар эле. Бардык экрандарды карап отурган кезектеги жигиттин көзүнө бир экрандан жалбырттап күйүп жаткан үй көрүндү. Тезинен командасындагы жигиттерге кабар берип, дароо өрт өчүрүү кызматына телефон чалды. Жигиттер учуп-күйүп жетип барып, арттагы терезени талкалап үйдүн ичине киришти. Тимур сырттагы ызы-чуудан ойгонуп кетти. Үстүнкү кабатта жаткандыктан ага ис анчейин жете элек экен. Ылдыйкы кабаттан келип жаткан түтүндү көрүп коркуп кетти. Ылдыйды көздөй чуркады. Түтүндөн эч нерсе көрүнбөй жатты. Айсара деп кыйкырып уктоочу бөлмөгө кирип бара жаткан Тимурду эки жигит тосту. Алардын артындагы бири колдорун шалактатып кызды көтөрүп келе жатканын көрдү.

– Айсара, Айсара,- Тимурдун үнүн эч ким уккан деле жок. Кызды терезеден алып чыгып, Тимурду дагы чыгарышты. Сыртта өрт өчүрүүчүлөр, ары бери тызылдап чуркаган кишилер... Тимур башка эч нерсеге көңүл бурган жок. Дендароо боло Айсараны алып кетип жаткан “Тез жардам” унаасына кошо түштү. Көз жашын куюлта Айсаранын колун кармай ыйлап бара жатты. Бейтапканага жетери менен Айсараны жандандыруу бөлүмүнө алып кирип кетишти. Тимур соксоюп коридордо жалгыз калды. Өрттөнүп жаткан үйүн, эч нерсени ойлогон жок. Айсаранын аман калышын тилеп жатты, Кудайга жалбарып жатты. Ал жашоосунда буга чейин Кудайды мынчалык эстебесе керек. Көзүнөн жашы тегеренип отурган Тимурдун жанына жардамчысы келди.

– Шеф, жаман иш болуптур. Эми аман калганыңызга Кудайга шүгүр. Баары артта калсын! Өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул жакта мен болуп турайын, сизге мейманканадан номер дайындатып койдум, эс алып албайсызбы.

– Жок, кайдагы эс алуу? Айсараны таштап кантип кетем? Астынкы кабатта жатканымда эмне, эрте сезет элем да. Айсарасыз кантип жашайм?- Тимур ыйлап жатты.

– Кудай сактасын, баары жакшы болот, шеф,- кайратынан тайып жашык болуп муун-жүүнү бошоп турган Тимурга башка эч нерсе дегиси келген жок.

– Балдарга айт, эч кимге эч нерсе айтышпасын. Анан да жаңылыктар чыгып кетпесин, эч кандай маалымат берилбесин. Бул жакта турбай сен ошол иштерди кара.

ххх

Карлыгач Байыш менен ээрчише жумушка келди. Бул кафенин филиалы жаңы ачылгандыктан кызматкерлер жаңы, Карлыгач менен Байыштын мамилеси тууралуу эч ким деле маалымат билбейт. Жумуш күнү башталып Карлыгач өз ишине киришти. Байыш кечки нөөмөттүн акчасын эсептеп, чыгып баратканда официант жигит алардын жанына келди.

– Карлыгач эже, муну сизге таштап кеткен, унутуп калыптырмын, сизди көрүп эстебедимби,- Карлыгачка колундагы кулонду берди.

– Ким таштап кетти?- келиндин жүзү өзгөрө түштү. Кичинекей жылдызча кулонду дароо тааныды. Ооба, ага муну чынжырчасы менен Марат таккан. Анда экөө кыз-жигит болуп жүргөн кез болчу. Карлыгач муну көп убакыт моюнунан түшүрбөй тагынып жүргөн.

– Кызык,- деп кулонду карамыш болуп, таң калгандай түр көрсөттү.

– Кандай неме экен, бер деди деп эле алып кала бересиңби, ким экенин сурабайсыңбы?- Байыш официант жигитке бир тийди.

– Сизди...- токтоп калды жигит.

– Эмне мени?- Байыш акырая карады.

– Сиздер кеткенден кийин келген, киши көп болчу, ага көңүл деле бура албай калдым,- деди жигит. “Сизди дагы сурады” деп айтайын деген, бирок Байыштын кызаңдап турган түрүн көрүп айткысы келген жок.

– Кишилер күтүп калды, сен бара бер,- Карлыгач официантты кетирип жиберди.

– Ким таштады, ыя, ким болушу мүмкүн?- Байыш кызганып жатты.

– Билсем кана? Болдучу, ачуулана бересиңби болор-болбоско...

– Берчи мага алдагыны.

Карлыгач унчукпай Байыштын алаканына кулонду салды.

– Кантип ачууланбайсың? Бир киши келип сага могуну таштап кетип жатат, эмне болгон киши, эмнеге таштап кетти? Эч ойлондурбайбы сени? Тезинен видеобайкоону орноттуруш керек. Азыр видеобайкоо болгондо дароо карап алат элек го. Мен жокто келчү болбосун,- Карлыгачты караган Байыш сүйлөнгөн бойдон капчыгын алып сыртка чыгып кетти.

“Кантип эле Марат "ырас кеттиң" деп унчукпай тынч отуруп калсын? Ал дагы бир нерсенин ичинен чыга электе Москвага кетип калсакпы, Байышты көндүрө аламбы? Жок дегенде эки жылдай сыртта жүрө турсак, Марат жашообузга киришпей калар” деп ойлонду келин.

ххх

Эртеден бери кемпир небересин сооротуу менен алек. Тургандан бери Мараттын кичүү баласы "апама барам" деп боздоп ыйлап жатат. Тирүү туруп апасынан ажыраган балага ичи ачышып турду. Үйдөгү каткан таттуу-тарапасын алып чыгып, болгон оюнчуктун баарын алып келип берди. Улуусуна эс кирип калыптыр, жашоону түшүнүп калган немедей чоң апасына жардамдашып инисин сооротконго аракет кылып жатты. Бала неме бир кезде алаксып байкеси менен ойноп кетти.

– Сен ыйлаба, ыйлай берсең чоң апам дагы кетип калат. Анан экөөбүз жалгыз калсак коркобуз да,- деп инисине бир нерсени түшүндүрүүгө аракет кылып жаткан небересин көрүп кемпир көзүнө жаш алды.

– Ээ, Кудайым, ушул периштелерде эмне күнөө? Ата-энесинин мээримине бөлөнүп, эркелеп өссө болбойт беле? Эх, тагдыр, кайсы гана жоругуңду айтайын? Ушул балдарды кантип кыйып таштап кеттиң? Ушулардан айлан, ушуларды бир көрүүгө зар болор күнүң болоттур!- кемпир келинине ачуусу келип кетти.

ххх

Нурзат телефон чалуудан ойгонду. Алган жок, өчүрүп койду. Башы деңгирейт, дене табы да көтөрүлүп калыптыр. Бир топко эч нерсе эстей албай жатты. Бир кезде күйүүчү май чачып жатканын, муздак душтун астында турганын үлүл-бүлүл эстеди.

– Аа,- башын мыкчыды. Тимурдун үйүн өрттөп салганын эстеди. Үйдүн күйүп жатканы көз алдына тартылды. Дароо интернет желесиндеги жаңылыктарды карады. Эч жактан үй өрттөнгөнү тууралуу кабар окуй албады.

– Эмнеге тыптынч, мен кетип жатканда күйүп жаткан, килейген үйдүн күйүп жатканын эмне эч ким көрбөй калдыбы?- деп суроолоруна жооп таппай жаткан Нурзат кимге чалып сурашты билбей жатты.

Тимур бул учурда Айсаранын жанында отурган эле. Айсара өрт башталган жерге жакын жаткан болчу, истен катуу жабыркап калыптыр. Эртең менен араң өзүнө келди. Айсаранын көзүн ачканын уккан Тимурдун кубанычында чек жок эле. Кызды палатага котортуп, баарын дайындап коюп Тимур үйдүн эмнеден өрттөнгөнүн иликтеп баштады. Жигиттери видеого тартылып калган материалдарды чогултуп коюшуптур. Ноутбукка салып көрө баштады. Үйдү айланта май чачып жүргөн Нурзатты көрдү.

– Акмак, сен мени өлтүрөйүн дедиңби?..

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1020, 24-30-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан