СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Спортчулар эл аралык олимпиада комитетинен стипендия алышат

Олимпиадалык спорттун түрүн аркалаган өлкөбүздөгү алдынкы 15 спортчу Эл аралык олимпиада комитетинен ай сайын 500 доллардан стипендия алып турмакчы. Сый акы 2022-жылдын май айынан 2024-жылдын 31-августуна чейин берилет.

Төмөнкү спортчулар стипендия алышат:

Акжол Махмудов – грек-рим күрөшү;

Жоламан Шаршенбеков – грек-рим күрөшү;

Алибек Осмонов – эркин күрөш;

Бекболот Мырзаназар уулу – эркин күрөш;

Эрназар Акматалиев – эркин күрөш;

Айсулуу Тыныбекова – кыз-келиндер күрөшү;

Мээрим Жуманазарова – кыз-келиндер күрөшү;

Айпери Медет кызы – кыз-келиндер күрөшү;

Кальмира Билимбекова – кыз-келиндер күрөшү;

Владимир Золоев – дзюдо;

Нурсултан Кеңешбеков – жеңил атлетика;

Гүлшаной Сатарова – жеңил атлетика;

Денис Петрашов – сууда сүзүү;

Бекдөөлөт Расулбеков – оор атлетика;

Нурадин Рустамбек уулу – бокс.

Грек-рим күрөшү боюнча курама команда 1-орунду ээледи

Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпиондугунда грек-рим күрөшү боюнча 17 жашка чейинкилер арасындагы Кыргызстандын курама командасы командалык эсепте 1-орунду ээледи. Жалпысынан медалдын 10 комплекти ойнотулуп, улуттук курамдан 10 балбан катышкан. Жыйынтыгында кыргыз балбандары 7 медалга ээ болду, анын төртөө алтын, бирөө күмүш, экөө коло.

Муну менен жалпы командалык эсепте 182 упай топтоп Кыргызстан биринчи орунду ээлесе, кийинки саптан Иран (174 упай), Казакстан (170 упай) орун алды. Жалпы 11 өлкөнүн балбандары күч сынашкан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1020, 24-30-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан