ПАНКРЕАТИТТИ – ФАСТ-ФУД, ГАЗДАЛГАН СУУСУНДУК, КОФЕ ЖАРАТАТ

"Азыркы жаштар фаст-фуд, энергетикалык жана газдалган суусундуктарды көп ичип-жешет. Узакка ачка жүрүп, анан көп тоюп да алышат. Ушундан улам жаштар арасында панкреатит оорусу көп кездешип жатат",- дейт врач гастроэнтеролог Мунара Дарчыбаева. Бул жолу панкреатит, анын алдын алуу тууралуу айтып беребиз.

Уйку бези инсулин, глюкагон иштеп чыгарат

– Панкреатит тууралуу билүү үчүн алгач уйку бези тууралуу маалымат берейин. Аталган без ашказандын артынан орун алып, өт баштыкчасы, 12 эли ичеги, көк боор менен курчалып турат. Узундугу 15 сантиметрге чейин жетет. Уйку бездин милдети булар:

• Тамак-аштагы белок, май, көмүртекти курамдарга бөлүп, ажыратуучу панкреатит маңызын (сок) бөлүп чыгарып, өт жолу аркылуу 12 эли ичегиге куюп туруу. Маңыздын курамында трипсин, химотрипсин, альфа амилаза, липаза, эластаза ферменттери бар. Иштелип чыккан маңыз 12 эли ичегиге барганда гана активдешип, тамак-ашты аш кылууга катыша баштайт.

•Кандагы канттын деңгээлин төмөндөтүүчү инсулин гормонун бөлүп чыгарып турат.

• Гликогенди глюкозага айландыруучу глюкагон гормонун иштеп чыгарат.

Панкреатит эмнеден жаралат?

• Стресске бат-бат чалдыгуу

• Уйку безинин тегерегиндеги органдардын оорулары, мисалы, өт баштыкчасындагы таш, холецистит, ашказандын жана 12 эли ичегинин жарасы

• Алкоголдук ичимдик ичүү, мисалы, сыраны көп ичүү

• Тамеки тартуу

• Туура эмес тамактануу, мисалы, узакка ачка жүрүп, анан көп тоюп алуу

• Тепме, аскаридоз, гепатит оорулары

• Кээ бир гормоналдык, заара кубалоочу дарыларды жана антибиотиктерди көп колдонуу

• Ачуу, куурулган, майлуу жана тез даярдалчу тамактарды көп жегендик

• Энергетикалык жана газдалган таттуу суусундуктарды көп ичүү. Ачка кезде кофе ичип жүрө берүү

• Дарыларды өз алдынча узакка ичүү

• Ичтен жаракат алуу

• Уйку безинин түтүгүнүн тубаса аномалиясы (ичкелиги, шишик, барсылдак)

• Тукум куучулук

• Тамак-аштан, химиялык заттан уулануу

Жогоруда айтылгандай, кээ бир факторлордо уйку бези сезгенет. Мисалы, өт баштыкчасындагы таш жылып кетип, өт түтүгү менен уйку безинин түтүгү кошулган жерге туруп калса панкреатит маңызы 12 эли ичегиге жетпей эле активдешет да, уйку безинин өзүн эритип, "жеп" баштайт. Курч кармаган панкреатит жаралат, мындай учурда бейтапка тезинен операция жасоо зарыл.

Алкоголдук ичимдикти көп ичүүдө да уйку бези сезгенет. Дагы бир мисал – ашказан жана 12 эли ичегиге операция жасалганда уйку безинин башы шишип, панкреатит маңызы жакшы акпай, ошол жерден активдешип, уйку безинин өзүн эритип жок кыла баштайт. Мында да курч кармаган панкреатит жаралат. Убагында дарылабаса өнөкөт түргө, ал тургай кант диабетине өтүшү ыктымал. Уйку бези сезгенүүдөн улам чирип кетсе (некроз) адам каза табат.

Оорунун белгилери

Оору курч кармаган жана өнөкөт түрү деп экиге бөлүнөт. Эки түрүндө тең оорунун белгилери окшош:

• Ичтин жогору жагынын оорусу. Чалкалап жатканда оору күчөп, эңкейгенде азаят. Оорутуу белге да берип, бел-ичти курчап ооруйт.

• Өңдүн кубарышы же саргыч тартышы

• Ооздун кургашы

• Дене табынын көтөрүлүшү

• Баш айлануу, шалдыроо

• Ич өтүү же ич катуу

• Көңүл айлануу, кусуу

• Бат арыктоо

• Ичтин көбүшү

Оорунун өнөкөт түрүндө бул белгилер да байкалат:

•Тамак ичкенден 40-60 мүнөттөн кийин оорутуу күчөйт (айрыкча майлуу, ачуу, куурулган, ышталган азыктарды жегенде). Тамак-аш толук сиңбеген бойдон чыгат. Организм ууланат, ошондон улам шалдыроо, тамакка табиттин төмөндөшү, жүрөктүн бат-баттан согушу, дене табынын көтөрүлүшү, артериалдык басымдын төмөндөшү же жогорулашы жаралат

•Айрымдардын курсагында, далы, көкүрөгүндө ачык кызыл түстөгү тактар пайда болот.

Панкреатиттин курч кармаган түрүнүн өтүшүп кетиши абдан коркунучтуу. Уйку безинин маңыз чыгаруучу түтүктөрү ичкерип, жабылат да, маңыз кайра уйку безин «жеп» баштайт. Ушундан улам панкронекроз оорусу келип чыгат.

Диагноз үчүн...

• Кандын жалпы жана биохимиялык анализи

• Зааранын, заңдын анализи

• УЗИ, курсак көңдөйүнүн рентгенографиясы

• Компьютердик томография

Кантип дарылашат?

Курч кармаган түрүн дарылоо:

• Ооруканага жатып дарылануу

• Оору кармаганда 3 күн тамак жебөө, суюктук ичпөө

• 6 ай бою диета кармоо, андан кийин туура тамактанууга өтүү

• Тамчылатма дары куюлуп, антибиотиктер берилет

• Ооруган жерге муздак компресс коюлуп, тынч жатуу сунушталат. Эгер булар жардам бербесе, анда операция жасалат

Өнөкөткө айланган түрүн дарылоо:

• Ооруканага жатуу

• 2-3 күн тамак ичпөө

• Диета кармалат

•Ферменттер, антибиотиктер, түйүлтүп оорутууну таратуучу дарылар берилет. Дарылоо жардам бербесе операция жасалат. Эки түрүндө тең дарылап-айыктырган соң кайра эле эски адатты карматып, ачуу, майлуу, фаст-фуд жана башка уруксат берилбеген тамактарды жеп баштаса, оору кайра козголот.

Кантип алдын алабыз?

• Ички органдар ооруганда убагында дарылануу

• Тамеки, ичкиликтен баш тартуу

• Майлуу, куурулган, ышталган, тез даярдалуучу азыктарды аз колдонуу

• Спорт менен алектенүү

Эгер приступ кармаса...

Приступ кармаганда түйүлтүп катуу оорутат. Мындайда медициналык биринчи жардам абдан маанилүү.

• Оорутууну азайтуу үчүн муздак суу толтурулган грелканы уйку без тушка басуу кажет. Муздак нерсе уйку безинин шишигин, сезгенүүсүн кайсы бир деңгээлде азайтат.

• Дароо «Тез жардам» чакыруу же ооруканага алып баруу кажет.

• Тамак, суюктук ичүүгө болбойт, алар оорутууну күчөтөт. 2-3 күнгө дейре тамак ичпөө сунушталат. Таза суу, газсыз минералдык суу, ит мурун кайнатмасын гана ичүүгө болот.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1020, 24-30-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан