КЫРГЫЗ ШОУ-БИЗНЕС, МАДАНИЯТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Айчүрөк Иманалиеванын уулу каза болду

Белгилүү эстрада ырчысы Айчүрөк Иманалиеванын тун уулу Арген 21-июнь күнү каза болду. Ырчынын уулу Арген 35 жашта эле, ал миокарддын инфарктынан көз жумганы айтылды. Эл артисти Инстаграмдагы жеке баракчасына уулун мындайча жазып эскерди: "Өлүм жаш, карыны карабайт экен. Шум ажалга жаш, көргөндөн көрө элеги көп, он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек уулумду колдон жулдуруп отуруп калдым. Аргеним, эстесем жүрөгүм сыздайт. Эне үчүн мындан өткөн арман болбос! Кагылайыным, жаткан жериң жайлуу болсун. Бейиштик кылсын Жараткан сени. Ак сүтүмдөн кечтим! Өмүр бою жүрөгүмдө, элесиң көз алдымда болор... Аркы дүйнөнүн жыргалын көр деп тиленгенден башка айлам жок эми, балам".

“Супер-Инфо” гезитинин жамааты Айчүрөк Иманалиеванын уулунун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Назира Айтбекова үйлүү болду

Алып баруучу, “ысык” сүрөттөрү аркылуу курч ойлорун айтып жүргөн Назира Айтбекова үйлүү болду. Ак өргөөлүү болуп сүйүнүп жүргөн Назира айым: “Ажырашкандан кийин ак эмгегим, өз күчүм менен тырмышып алган экинчи үйүм. Биринчи үйүмдү апама белек кылган элем. Мунусун уулума берип ушул экөөнө орун-очок кылып берип койсом, өзүмө үйдү чет өлкөдөн күйөөм алып берип калар”,- деп тамаша-чын аралаш билдирүү жазды. Алпаруучу эки бөлмөлүү батирди 30 миң долларга алганын жана аны 2 жылда бөлүп төлөөрүн кошумчалады. Ак өргөөңүз кут болсун, Назира айым!

Гүлнур музыкалык сынактардагы “мафияны” ачыктады

Ырчы Гүлнур Асанова 2011-жылы “Ысык-Көлдө Кадыр түн” фестивалына катышар алдында ошол кездеги маданият министринин орун басары ырчыны чакырып, жеке мамилеге макул болсо сыйлуу орун убада кылганын айтып чыкты. Ошол кезде ырчы чиновниктин ал сунушуна макул болбой фестивалга татыктуу катышып, бирок сыйлык албай калганын, сынактарда "мафия" түзүлүп калганын билдирди. “Аталган фестивалдын мүчүлүштүгү аспапчылар менен вокалчыларды аралаштырып койгондугунда болчу. Фестивалдагы бул кемчиликти ошондо бир гана Жамийла Муратова айтып чыккан. Сынакта "мафия" бар болчу, керек болсо ошол орун басардын атын деле атап коём. Ошондой "мафия", сабатсыз уюштурулган фестивалда Эл артисттери калыстар тобунда отурганы пастык болгон. Ал эми мамлекеттик сыйлык берүүдөгү "мафияны" айтпай эле коёюн. Айткандын оозу жаман болот экенмин”,- дейт Гүлнур Асанова.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1020, 24-30-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан