Нурлан Насип, ырчы: “БАЛА ЖАШООДО КӨП НЕРСЕГЕ КӨПҮРӨ БОЛОТ ЭКЕН”

Хит артынан хит жаратып кумурскадай күжүрмөн эмгек кылып келе жаткан шоу-бизнестин көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири Нурлан Насип маек төрүбүздө. Гезитибиздин башкы бетин кооздогон ырчы мырза менен болгон маекти назарыңыздарга сунабыз.

– Саламатсызбы? Байланышканымда курулуш материалдарын алып жүргөнүңүздү айттыңыз. Үйдө оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатабы?

– Саламатсыздарбы? Ооба, батирибиз бар эле, ошону оңдоп-түзөөдөн өткөрүп жатабыз. Бул ирет өзүм аракет кылып изденип жатам. Бардык нерсе кымбаттаганда баштаган экенмин. Буюрса, бүтөйүн деп калды. Мурун мындай иштерди көпчүлүк учурда атам бүтүрчү. Алардын табити башкача да, өзүнө ылайыктуу нерселерди алып келип койчу. Ошондон улам талашып-тартышуулар болуп калчу.

– Жакында эле өлкөбүздө өткөн Азия кубогуна тандоо оюндарында Омар, Мирбек Атабеков менен биргеликте өлкө гимнин аткардыңыздар. Стадион толо элдин алдында гимн ырдоо кандай сезимдер менен коштолду?

– Омар футболчуларды колдоо максатында футбол алдындагы концерттик программаларды уюштуруп жүрдү. Анын сунушу менен Кыргызстан-Тажикстандын оюнунун ачылышында гимнди ырдап калдык. Өзгөчө толкундоолор болду. Анткени ал жерде баары жүрөгүнөн "Кыргызстан" деп турган адамдар болушту. “Ак шумкарлар” утса экен деп чын дилимден күйөрмандык кылдым. 3 оюнга тең бардым.

– Өзүңүз футбол ойноп турасызбы?

– Негизи футболго кызыкчу эмесмин, быйыл кызыгуу ойгонду. Жакынкы убакыттан бери тенниске, футболго бара баштадым.

– Ресторан ачтыңыз эле, иштетип жатасызбы?

– Өзүмдү башка тармактан дагы сынап көрөйүн деп былтыр ресторан ачкам. Ал иш оңой эмес экен, убакытты көп талап кылат, ал жакта дайыма көзөмөлдөп бир адам турушу керек экен. Көп убактым, эмгегим кетти. Ошентсе да жакшы иштетип кет деп дос балама сатып жибердим. Бирок бир топ тажрыйба топтодум.

– Азыркы тапта финансылык сабаттуулукка басым жасала баштабадыбы. Сиз акчаны кандай башкарасыз? Сарамжалдуусузбу же колуңуз ачыкпы?

– Бир туугандарым берешенсиң деп калышат. Негизи акчаны ысырап кылбай, көзөмөлдөп колдонгонду жакшы көрөм. Алганын алгандай жоготпойм, ашыкча чачпайм, тапкан акчамды чогултам. Мисалы, миң доллар тапсам 900 долларын сөзсүз түрдө сактайм. Чогулуп калганда пландап жүргөн нерсени алам же бир жакшы ишке жумшайм.

– Бегимай Турусбекова аттуу мукам үндүү замандашыбыз сейил бакта ырдап бир түндө жылдыз болду. Азыр белгилүү болуш мурдагыдан оңой болуп калды деп ойлойсузбу?

– Бегимай менен Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда бир учурда окуп калдык. Ошол кезде эле Селин Диондун ырларын мыкты ырдачу. Ар бир адамдын өзүнүн убактысы келет окшойт. Таланттуу адам эч качан калып кетпейт, талант бир күнү баары бир тээп чыгат. Башында көрүп тааныган жокмун, видеону жакшылап көрүп анан ошол кыз экенин тааныдым. Инстаграм баракчасына кирип жакшы каалоо-тилегимди жаздым. Азыр интернеттин заманы. Элге таанылуу өтө жеңил болуп калбадыбы. Мурун радио-гезитке чыгыш үчүн айлап, жылдап күтчүбүз да.

– Жашоодо кайсы бир кадамыңыз үчүн өкүнгөн учур болдубу?

– Албетте, баарыбыз идеалдуу эмеспиз да. Кээде адашабыз, кээде бирөөнүн көңүлүн оорутуп алабыз. Жакшы кетип бара жатып эле жаныңдагы адам менен пикириң келишпей калышы мүмкүн, ал маанайың менен барып дагы бирөөнүн көңүлүн оорутуп алышың мүмкүн. Сабырдуу болууга аракет кылам. Өкүнсөң да, кайгырсаң да өмүр өтө берет. Колдон келсе кыска өмүрдө жакшы иштерди жасап, позитивдүү жашаш керек экен.


– Аялзатын түшүнүп болбойт дешет го, 30дан аштыңыз, аялзаты эмнени каалайт, алардын жан дүйнөсү кандай, түшүнө алдыңызбы?

– Аялзаты тууралуу сүйлөө кичине кооптуураак (күлүп). Эми аялзаты бар дүйнө көрктүү. Биз ошолорго татыктуу бололу деп аракет кылат экенбиз да. Аялзатынын өзүнүн кубулуштары бар, аба ырайындай өзгөрүп турат. Эмне каалап жатканын кээде түшүнбөй кетесиң. Жакшы нерсеге деле башкача реакция кылышы мүмкүн. Ошон үчүн азырынча аялзатын жакшы түшүнө элекмин (күлүп).

– Азыр кызыңыздын улам жаңы кылыктарына кубанып жүргөн учуруңуз болсо керек?

– Кызым төрөлгөндөн кийин жашоого болгон көз карашым өзгөрдү. Бала жашоодо көп нерсеге көпүрө, көп нерсеге себепкер болот экен. Мисалы, кечинде үйгө чарчап келгенде кызым бир жылмайып “папа, это мой папа” деп койсо эле энергияга толуп калам. Бала деген ушундай ширин болот экен. Мурун түшүнчү эмесмин, туугандарыбыздын балдары чалчаңдап жатса "кичине чыбык чыпылдатып койбойбу" дей берчүмүн. Азыр кызымды такыр уруша албайм. Апасына “сен уруш” дейм, ал “өзүң уруш” дейт. Ошентип жатып эрке кылып алдык. Кыз киши атага жакын болот экен. “Папа” деген сөздү ал мага эле таандык деп түшүнөт. Ойноткону алып барганда башка кыздар өз аталарына “папа” деп жатса, кызым аларды карап алып башын чайкап “это мой папа” деп талашат.

– Үй-бүлөдөгү сүйүү балага өтүп кетет деп калышат го. Ошондойбу?

– Балага болгон сүйүү өзүнчө, жубайга болгон сүйүү өзүнчө болуш керек деп ойлойм. Бири деп бирине болгон сүйүүнү үзбөш керек. Балам деп эле башкасын унутуп салган болбойт.

– Дубайдагы эс алуудан кийин “Нурлан менен Асел жарашты” деп кубангандар көп...

– Үй-бүлө, жеке жашоо деген нерсе жеке бойдон калышы керек дейт го. Экөөбүз тең эл көзүндөгү адам болгондуктан, социалдык тармактарга кичине сөз жазганыбыз деле эл ичинде чуу жаратып салат экен. Экөөбүздүн ортобузда көп сүйлөшүүлөр жүрүп, жеке жашообузду жеке бойдон калтырганбыз. Өзүбүздүн үй-бүлөбүздү сактайлы деп эки жакка көп маалымат бербей калдык. Анткени баары көз тийүүдөн болду деп айтышат, ошол эле кырсык. Бул биз үчүн оңой болгон жок. Жашоого көз карашыбызды өзгөрттү, көптөгөн бурулуштарга алып келди. Адам сабырдуу болушу керек экен. Сабырдуу болсоң бардык нерсе ордуна келет. Эми, Кудайга шүгүр, бардыгы жакшы.

– Ар дайым баары жакшы болсун! Маегиңизге рахмат!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1020, 24-30-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан