Эрбол Атабаев, футболчу: “ФУТБОЛЧУ КАТАРЫ ӨСҮҮНҮ ГАНА МАКСАТ КЫЛАМ”

Эрбол Атабаев. Бул ысым мындан 10 жыл мурун кыргыз футбол айдыңында белгилүү болгон. “Барселонанын” академиясына окууга кабыл алынган баягы кичинекей кыргыз Мессиси аталган жигит эрезеге жетти. Ал Азия кубогуна тандоо оюндарында улуттук курамда дебют жасады. Таланттуу футболчуну кепке тарттык.

ФУТБОЛЧУ ТУУРАЛУУ:

Туулган жылы – 2001-жыл, 15-август

Туулган жери – Кант шаары

Бою – 175 сантиметр

Салмагы – 72 килограмм

Амплуасы – жарым коргоочу

Учурда – Кыргыз курама командасынын жана “Динамо” (Орусия) клубунун оюнчусу

Ойногон клубдары – “Гранольерс”, “Сантбоя” (Испания), “Абдыш-Ата”

“УЛУТТУК КУРАМДАГЫ ДЕБЮТУМ ИЙГИЛИКТҮҮ БОЛДУ”

Кант шаарынын кулуну Эрбол футболчулардын үй-бүлөсүнөн чыккан, атасы, агасы дагы футболчу. Ал 6 жашынан эле топ ойноп, өзүнөн улуулар менен “Абдыш-Ата” футболдук мектебине бара баштаган. 10 жашында Орусиянын “Рубин” клубунун мектебине чакырылып, ал учурда үй-бүлө мүчөлөрү Орусиянын жарандыгын алган. Эрболдун атасы бөтөн өлкөнүн жарандыгын уулунун футболдук карьерасы үчүн алганын, чет жактан тажрыйба топтоп Эрбол сөзсүз Кыргызстан үчүн ойноорун билдирген. Ошол учур келип, быйыл март айында Эрбол кыргыз жарандыгын алды. Көп өтпөй Азия кубогуна тандоо оюндарында улуттук курамга чакырылды.

– Дебютум менен куттуктаганыңыздарга рахмат! Мен дагы биринчи кезекте Кыргызстандын Азия кубогуна чыгышы менен бардык күйөрмандарды куттуктайм. Дебюттук оюнум ийгиликтүү болду. Эң негизгиси командабыз бул оюнда жеңишке жетишти. Оюн талаасына чыккандагы сезимдеримди сөз менен айтып жеткирүү кыйын. 14 миң адам кол чаап, сенин атыңды атап кыйкырып турганы – өзүнчө бир жомок. Ата-энем, жакындарым, досторум бардык оюндарга келип, мени колдоп турушту. Ал эми машыктыруучулук топ, команда мени жакшы тосуп алды. Былтыр Кыргыз Премьер лигасында ойногондуктан буга чейин көп оюнчуларды таанычумун. Алар менен кайрадан көрүшүү мага жагымдуу болду. Мындай жакшы оюнчулардын курчоосунда түшүнүшүү жеңил болду. Оюнда маселе жаралган жок.

“КҮЙӨРМАНДАР УЛУТТУК КУРАМДАГЫ АЛГАЧКЫ ГОЛУМДУ КҮТҮП ЖАТЫШТЫ”

Сингапур менен болгон беттеште алмашууга чыгып, дебют жасаса, Мьянма жана Тажикстан менен болгон оюндарда старттык курамда оюн талаасына чыкты. Күйөрмандар кубануу менен Эрбол деп кыйкырып сүрөп турушту.

– Бул оюндарда күйөрмандар менден улуттук курамдагы алгачкы голумду күтүп жатышты. Голго айланта турган учурлар да болду, тилекке каршы, ишке ашыра алган жокмун. Улуттук курамдагы голумду жаратуум үчүн алдыда дагы көптөгөн оюндар бар. Ал эми атаандашыбыз тууралуу айта турган болсом, Тажикстан абдан ыңгайлуу атаандаш, күчтүү команда. Биз, ар бирибиз, оюн талаасына чыгып гол жаратууга кызыкдар болуп турдук. Тилекке каршы, болбоду. Оюндун жүрүшүнө гол гана жетишпей калды. Команда катары абдан жакшы оюн көрсөтө алдык деп ойлойм. Эгер биз кийинки оюндарда да жакшы деңгээлде ойносок көптөгөн ийгиликтерге жетебиз.

“КАРЬЕРАМДЫ БАРСЕЛОНАДА УЛАНТУУГА МҮМКҮН БОЛЧУ”

Эрбол “Барселонанын” академиясына кабыл алынганда аны менен чогуу үй-бүлөсү да Барселона шаарына барган. Жаш футболчу “Барселона”, “Оспиталет”, “Гава”, “Кастельдефельс” , “Жузепа Марии Жене” спорттук ассоциациясы”, “Гранольерс” клубдарында испан футболун өздөштүрүү менен 9 жылын ал жакта өткөргөн.

– Испаниядагы жашоо абдан жакшы өттү. Испан футболун үйрөндүм, тажрыйба топтодум. Андан тышкары алардын маданияты, эли-жери менен тааныштым. Жаңы досторду күттүм, азыркыга чейин алар менен сүйлөшүп турам. Карьерамды Барселона шаарында улантууга мүмкүн болчу. Бирок үй-бүлөлүк себептерден улам Кыргызстанга келүүгө туура келди. Кайда болбоюн ар дайым оюнумдун деңгээлин, жөндөмүмдү өстүрүүгө аракетимди жасай берем. Келечекке болгон планым – бир гана машыгуу, футболчу катары өсүү.

“ДИНАМО” МЕНЕН ЖАҢЫ ЖЕҢИШТИ КАМСЫЗДООГО АРАКЕТ КЫЛАБЫЗ”

Быйыл февралда Дагестандын борбору Махачкалада “Динамо” клубуна өтүп, алгачкы оюнда эле старттык курам менен оюн талаасына чыккан. “Динамодо” 7 оюн өткөрүп, 1 гол жараткан.

– “Динамо” клубунда дагы бир жыл ойнойм. Команда абдан жакшы. Учурда Улуттук лигада тайпадан жеңип чыктык, мындан ары дагы да күчтөнүп, жаңы жеңишти камсыздоого аракет кылабыз.

“ФУТБОЛЧУЛАРДЫН ЧЕТ ЖАКТА КӨП ОЙНОЙ БАШТАГАНЫ – ӨНҮГҮҮ”

2021-жылы Кыргыз жергесине кайтып келген Эрбол футболго болгон алгачкы кадамдарын таштаган “Абдыш-Ата” клубунун катарын толуктады. Былтыркы сезондо “Абдыш-Ата” менен 15 оюн өткөрүп, 2 гол жараткан. Кыргызстандын вице-чемпиону болгон. Испаниядан келгенинде “Абдыш-Атада” мурдагыдан кыйла өзгөрүү болгонун, шарттар жакшырганын баса белгилеген спортчу кыргыз футболчуларына кандай баа берет?

– Кыргыз курама командасынын жана кыргыз футболчуларынын деңгээли абдан жогору. Жылдан-жылга көптөгөн футболчулар чет элдик клубдарда ойной баштады. Жакшы тажрыйба топтоп, оюнунун деңгээлин көтөрүп жатат. Бул өнүгүүгө жол ачат жана атаандаштыкты күчтөндүрөт. Бул нерсе оюнчу үчүн абдан жакшы.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1020, 24-30-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан