КОШ ЖЫЛДЫЗДАР АСКАР КАРЫБАЕВ ЖАНА ЧОЛПОН АЛСЕИТОВАНЫН АК ӨРГӨӨСҮНӨ САЯКАТ

“Далай жыл акты

Таттуу да, ачуу,

Сени гана издеп келемин...” Материалды даярдап жатканда кыңылдап ушул ырды ырдап отурдум. “Биздин жолдор” аттуу бул ырды үлгүлүү жубайлар, кош жылдыздар Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, композитор Аскар Карыбаев жана ырчы Чолпон Алсеитованын аткаруусунда угуп келем. Бул сапар дал ушул таланттуу инсандардын үйүндө конокто болуп кайттык.

“АСКАР МЕНИ МУРДАГЫДАН ДАГЫ СЫЙЛАП КАЛДЫ”

– Жакында эле Түркиядан келдиңиздер? Сапарыңыздар кандай болду?

Аскар Карыбаев: – Абдан жакшы болду. Жери абдан кооз, таза, эли сыйчыл экен. Абасы, тамактары дагы ден соолугума жагып жатты. Кыдырып жер көрүп фестивалдарга катышып жүргөнүбүз үчүн 2 ай убакыт бат эле өтүп кетти. Адана шаарынан концертке чакырышты. Биз катышпай эле коёлу деп олуттуу кабыл албай жатсак, Кыргыз-Түрк желегин кошуп, биздин сүрөтүбүздү коюп баннер чыгартып коюшуптур. Анан концертке катышып келдик.

Чолпон Алсеитова: – Сиңдим 29 жылдан бери Адана шаарында жашайт. Ошол сиңдимдикине эс алганы барганбыз. Кудачалар Аскарга эмне деп кайрылсак болот дешкенинен, “Аскар аба дей бергиле” деп үйрөтүп койдум. Сиңдим балеттен сабак берет. Ал концерт берип, анын да концертинде ырдадым. Аябай жакшы кабыл алышты. Талантты баалашат экен. Баргандан келгенче конок болуп эле жүрдүк. Сонун эмоциялар менен келдим. Ал жактагы эркектердин аялга кылган мамилеси жакты. Балет бийдин татаал түрү да, сиңдим жумушунан чарчап келгенде күйөө баламдын эс ал деп көзүн карап турганына ыраазы болдум. Келгенден бери Аскар байкеңер мага мурдагыдан дагы аяр мамиле кылып калды.

– Чыгармачылык эргүү алып келдиңиздерби?

Аскар Карыбаев: – Балдызымдын үйүндө гитара, пианинонун бар болгону мага жакшы болду. Ал жакта жүргөндө эки ыр жаралды. Бири жаштарга, бири жашыбыз өтүп баратат дегендей мааниде өзүбүздүн куракка ылайыктуу ыр болду. Келгенден бери сөзүн жаздырып, ошол ырдын үстүнөн иштеп жатам. Бирөөгө берип ырдатсам деген оюм бар.

– Сиздерге рахмат. Ар дайым үйүңүздөрдө береке, чыгармачылыкта эргүү болсун.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1020, 24-30-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан