Сексуалдуу мырза, камкор ата, “подкаблучник” болгондон качпаган күйөө... Бул мүнөздөмөлөрдүн баары Крис Хемсвортко таандык.
КРИСТОФЕР ХЕМСВОРТ
Туулган жери: Австралия, Мельбурн
Туулган жылы: 1983-жыл, 11-август
Жылдыз белгиси: арстан
Бою: 190 сантиметр
Үй-бүлөлүк абалы: жубайы Эльза Патаки экөө 1 кыз, 2 эгиз уулду тарбиялап келишет
Кесиби: актёр
Тартылган белгилүү тасмалары: “Тор”, “Өч алуучулар” (“Мстители”), “Жарыш”, “Деңиздин жүрөгүндө”, “Кара кийимчен адамдар: Интернэшнл”, “Аккыз жана мергенчи” жана башка
КЫСКАЧА КЫЗЫКТАР...
БИЙЛЕЙ АЛБАГАН БИЙЧИ
Кристофер кичинесинен бийлегенди жаман көрчү, анан, албетте, па кыймылдары олдоксон көрүнөт эле. Ошентсе да аны “Жылдыздар менен бий” долбооруна чакырышкан. Долбоорго катышууга бекер эле макул болгонун биринчи жолу машыгуу залына киргенде эле сезген жигитке артка кайтууга жол жок болчу. Өнөктөшү бий боюнча көптөгөн сынактарды жеңген чемпион болсо да, Кристин бийдеги “таланты” менен ар бир чыгарылышта акыркы орунду алышар эле. Шоудон Крис кубануу менен эле чыгып кетмек, бирок күйөрмандары телеканалга “Кристи кетирбегиле, кетирсеңер көрөсүңөр” деп кадимкидей эле коркуткан каттарды жазып, аскер тили менен айтканда “штурмга” алышкан. Байкуш Крис 7 апта, ага ылайык 7 бий номерин даярдоого аргасыз болгон. Жыйынтыгында 6-орунду алышты. Ал убакта Хемсворт Австралияда таанылып калган актёр эле. Мекенинде жетчү тепкичке жеткенин сезип, 2009-жылы Голливудду багындыруу үчүн келе берген.
Үй-бүлөдө Голливудду багындырам деген жалгыз Крис эмес эле. Атасы жөнөкөй жумушчу, апасы мугалим, ал эми агалары Люк менен Лиам да актёрлуктан өз жолун издеген адамдар болчу. Бири-биринен кем калбай келишимдүү бир туугандардын ортосунда бекем ынтымак, колдоо бар. Люк менен Лиам популярдуулугу жагынан Криске жетпесе да, кино дүйнөсүндө өз орду бар актёрлор.
КРИС ЭМЕС, ТОР!
2011-жыл атактуу "Marvel" кино компаниясы “Тор” аттуу фантастикалык тасмага кастинг жарыялады. Тордун ролуна Крис менен кошо Ченнинг Татум, Александр Скарсгард, Том Хиддлстон жана өзүнүн иниси Лиам да ат салышкан эле. Бирок режиссёр Кеннет Брананын көңүлүнө Крис туура келген. “Кудайдын образын ачуу үчүн көпчүлүктөн чоң, күчтүү көрүнгөн адам керек эле. Кристин бою узун болгону менен, денеси жетишерлик деңгээлде чымыр эмес болчу. Аны менен биринчи жолу иштешип жаткандыктан тартуу иштеринде маселе жаралбайбы, менин "каприздеримди" кандай кабыл алат деп атайын тийишкен учурларым болду. Крис болсо булчуң топтойм деп ар 1,5 саат сайын протеин ичип, мен кычыктанып сүйлөгөндө унчукпастан тооктун этин оозуна толтуруп жеп баштачу. Ошондо ортобузда эч кандай маселе жаралбасын түшүндүм”,- дейт режиссёр. Режиссёрдун ишеничи акталып, “Тор” дүйнөгө кеңири жайылган тасма болду. 1-бөлүгүндө 150 миллион долларга тартылган тасма кассадан 450 миллион доллар чогултуп койгон. Кийин бир эмес 4 бөлүмү чыккан тасманын башкы каарманы Тордун ролунда, албетте, Крис Хемсворт болду. Азыр үйүңүздөгү ар бир жаш балага Кристин гезиттеги сүрөтүн көрсөтсөңүз “бул Тор” деп жазбай тааныйт.
ТЫНЧ ЖАШООНУ СҮЙГӨН КРИС
2010-жылы Крис актриса Эльза Патакиге баш кошкон. Экөө азыр Индиан Роуз аттуу кызды, Тристан жана Саша аттуу эгиз уулду тарбиялап келишет. “Кичинемде агаларым менен жыгачтан же пластилинден жомок каармандарын жасап алып ойнойт элек. Чоңойгондо өзүм ошол каармандарды кинодон ойноп калам деп ойлогон эмесмин” деген актёрдун балдарына атасынын “Аккыз жана мергенчи” тасмасындагы ролу жагат. Бул тасманын биринчи бөлүгүндө 5 миллион доллар гонорар алган, 4 жыл өтпөй 2-бөлүгү тартылып, Кристин гонорары 10 миллион долларды чапчыган. Голливуддун кымбат актёрлорунун катарына кирген Крис жөнөкөй жашоону каалайт. Ошон үчүн да үй-бүлөсү менен туруктуу жашаган жер катары өз мекенин тандап, Австралияга барып, деңиз жээгине отурукташкан. “Ата-эне, мекен, аялыңа болгон сүйүү эмне экенин билем. Бирок балаңа болгон сүйүү башкача экен. Алар менен томолонуп-жумаланып ойноо кандай ырахат. Бири колун кыпчытып алса же мүдүрүлүп кетсе жүрөгүм токтоп кала жаздайт, алардан биринчи ыйлап ийем”,- дейт актёр.
“СЕКСУАЛДУУ МЫРЗА ИДИШ ЖУУБАШЫ КЕРЕК”
Криске эбак эле “Эң сексуалдуу актёр” наамы берилген. “Сексуалдуу актёр” наамы берилгенде мен үй-бүлөлүү эркек болчумун. Андыктан бул наамдын эч жерде кереги тийген жок. Баса, бир жолу эле колдондум. Эльза бошобой, мага идиштерди жууп койчу деди. “Дүйнөдөгү эң сексуалдуу мырзага кантип идиш жуу деп айтып жатасың?” дегенимде Эльза мени карап, көзү тостоюп эле сөз айта албай калган. Анын нес абалынан пайдаланып бөлмөдөн качып чыгууга үлгүргөм” деп тамашалаган актёр алардын үйүндө “босс” кызматын аялы аткарарын айтат: “Чынында эле үйдөгү мыйзамдарды жубайым чыгарат. Бул кийим сага жарашпайт десе, алмаштырам. Бул ишти жасабай эле коюшубуз керек десе, башкасын жасайбыз. Бул менин алсыздыгымдан же аялымдан корккондугумдан эмес. Болгону аялымдын табити меникине караганда жакшыраак. Кандай туура болоруна көзү жетет, бул бир нече ирет далилденген нерсе”. Крис менен Эльза келишпеген бир эле жагдай бар. Ал Эльзанын актрисалык карьерасын улантышына каршылык. Кристин ою боюнча, аялы балдарына тарбия берип үйдө болушу керек. Экөө бул маселе боюнча убак-убагы менен талашып турушат, Эльзанын үйүндө отурганына караганда жеңиш дайыма Крис тарапта.
Асыл Орозбекова