СҮЙҮҮ СОНАТАСЫ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Рустам жан талаша чырылдап жаткан телефонун ала албады.
– Телефонуңду албайсыңбы?- деген апасынын cөзүн да кулагынын сыртынан кетирди.
Айнура өчүп күйүп жаткан телефонду тиктеп, ким чалып жатканын түшүндү.
– Рустам, сен күнөөлүү эмес­сиң. Ал эми тиги байкуштун таптакыр күнөөсү жок. Антип өзүңдү өзүң жазалаганың мага да, сага да пайда алып келбейт. Андан көрө...
– Сага көп сүйлөгөнгө болбойт. Баары жайында...
Тиштенип, үй-бүлөсүн үйүнө алып барып таштады да, машинасына отуруп кайдадыр айдап жөнөдү. Телефон дагы шыңгырады. Бул жолу колуна алды.
– Рустам, кандайсың?
– Жакшы. Кечирип кой мени, Айдана. Сени да кыйнап койдум.
– Рустам...
– Азыр көңүлүм эч нерсени сүйбөй турат, жаны. Эч ким менен сүйлөшкүм келбей, көңүлүм жалгыздыкты эңсеп турат. Анын үстүнө ойлорумду, баш-аягымды жыйнап алганга убакыт берчи.
– Макул.
Телефонду коюп салган Айдананын таарынып калганын сезди. Ого бетер жаны жанчылып, ой басып турду.
Телефонду койгон Айдана оор үшкүрүп алды. Бул күндөрү телефонунун жанын тындырбай күйөөсү Абдул аркасынан түшүп алган эле. Азыр да өзүн күтүп сыртта отурат. “Бечара экенсиң. Жаныңда жүргөнүмдө баркымды билбей, азыр эми эмне күтүп темселеп жүрөт? Кудай ай, качан жан дүйнөм тынч алат? А балким, чын эле Абдул менен кетип калганым жакшы болор... Балким, бул чечим баарыбыз үчүн жакшы болор... А Рустамчы? Ушундай оор абалда таштап кетемби?” Чабалактап, жанын коёрго жер таппай турду. Ушул учурда аркасынан келген Иманды байкады.
– Саламатсызбы?
– Саламат, кызым. Тиги жигит сени күтүп турган өңдөнөт.
– Ооба, мени күтүп жатат.
Күнөөлүүдөй башын жерге салган Айдананы аталык жүрөгү менен аяп кетти Иман. Башынан эле баарын билет. Уулун мынчалык сүйгөн адам болбостур. Азыр да эки оттун ортосунда турганын сезди.
– Кызым, бакыт ошентип күттүрүп, издетип, анан келет окшобойбу. Мен сага эч кандай кеңеш бере албайм. Бирок жүрөгүң гана алдабасын деп айтар элем. Акылга таянгандан көрө жүрөгүңдү тыңша. Рустам... Чунак бала сөзгө да келбейт. Тигинтип аялы да ооруп калды.
– Иман агай, Мен келгенде “курбу кызымдын суранычы менен келдим. Ал өлүм алдында жатат” деп айтканым эсиңиздеби? Мен сизди алдап койгом. Ошол адам Айнура болчу. Оорусу катуу экенин мурун эле билчү элем. Жок, жок, сиз ойлобоңуз. Мен эчкимдин ордун талашкым келген жок. Болгону... Билбейм...
Көзүнөн жаш аккан Айдана Иманды кучактап ыйлап жиберди.
– Айтыңызчы, эмнеге мен мынчалык бактысыз болуп төрөлдүм? Эмне кылбайын, кайсы жерге жакындабайын элдерге кайгы алып келем.
– Сен буга күнөөлүү эмессиң. Сендей сүйгөн, сүйө алган адамдар бар үчүн дүйнө ордунда турат. Ыйлаба, кызым...
Имандын мууну бошой, үнү калтырап кетти.

ххх

Таң атып келе жаткан экен. Ордунан акырын турган Айнура уулунун жанына барды. Атасынын койнунда жаткан Айдинди көпкө тиктеп туруп жылмайды. Моюндашып уктап жаткан бала атасына өтө окшош эле. Жанына жакын, кымбат адамдары! Таң сөгүлүп келе жаткан. Терезени тиктеп өмүргө тойбой, куштарланып турду. Көптөн бери биринчи жолу өзүн бактылуу жана эркин сезе баштады. “Аттиң, канча түндү көз жаш, ыза менен өткөрдүм. Бул ооруну жабыштырып алганым деле ушундан болду көрүнөт. Көрсө, бардыгы бекер экен. Көрсө, мен беш жыл жашабаптырмын деле. Эми жашайм! Канча күнүм калса да бактылуу болуп жашайм. Анткени бактылуу болгонго аз гана убактым бар” деп ойлоп турду.
Эртең менен ойгонгон Рустам бөлмөсү гүлгө толуп калганын байкады. Айнуранын иреңи мурункудай купкуу болгону менен, көзү күлүңдөп, майрамга бара турган баладай өрөпкүп алган экен. Күйөөсү менен уулунун үстүндөгү жуурканын сыйрып, кытыгылап, ар нерсени айтып күлүп жатты.

Нуржамал Жийдебаева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
mahabaha
2010-12-26 19:35:08
журокту оорутуп жиберди качан бутот
0
№ 425, 24-30-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан