«АЙЫЛ БАНК» АГРОӨНӨР ЖАЙ КОМПЛЕКСИН ӨНҮКТҮРҮҮ ҮЧҮН ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН КРЕДИТТЕРДИ БЕРҮҮДӨ

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 16-мартындагы №120-р буйругунун алкагында «Айыл Банк» ААКсы агроөнөр жай комплексин колдоо үчүн жеңилдетилген кредиттерди берүүдө.

«Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоорунун максаты – агроөнөр жай кластерлерин өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит берүү, лизингдик каржылоо, ошондой эле ислам принциптери боюнча агроөнөр жай комплексинин чарба жүргүзүүчү субъектилерин колдоого багытталган иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат. Буга сүт, эт (бодо малдын, кой жана канаттуулар эти), балык, шекер, тоок жумурткасы, жашылча-жемиштер, өсүмдүк майы, пахта, бал, дан жана буурчак өсүмдүктөрүнүн өнөр жай кластерлери кирет.

Долбоорду ишке ашыруунун алкагында жеңилдетилген кредиттик каражаттары чарба жүргүзүүчү субъектилерге, анын ичинде фермердик чарбаларга, жеке ишкерлерге жана жеке жактарга, ошондой эле агроөнөр жай кластеринин катышуучуларына берилет.

Кредиттөө төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт:

1. Максаттуу багыт: жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыз кылуу жана айыл чарба техникасы, айыл чарба жабдуулары түрүндө лизинг берүү жолу менен чарба жүргүзүүчү субъектилерге, анын ичинде фермердик чарбаларга, жеке ишкерлерге жана жеке жактарга, ошондой эле агроөнөр жай кластеринин катышуучуларына колдоо көрсөтүү.

2. Категориялар боюнча кредиттөөнүн суммасы жана мөөнөтү:

1) фермердик чарбалар, жеке ишкерлер жана жеке жактар:

- 300 миң сомго чейин, кайтаруу мөөнөтү 36 айга чейин, күрөөсүз негизде;

- 500 миң сомго чейин, кайтаруу мөөнөтү 36 айга чейин, камсыздоо менен;

2) жылдык жүгүртүүсү 1 миллион сомдон ашык чарбалар үчүн – катышуучу банктардын ички ченемдик укуктук актыларына ылайык камсыздоо менен, кайтаруу мөөнөтү 36 айга чейин,
5 миллион сомго чейин;

3) кластердик агрегаторлор (тамак-аш, кайра иштетүү өнөр жайы жана соода-логистикалык борбор ишканалары), үрөн өстүрүү, асыл тукум чарбалары жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн питомниктери, ошондой эле тамак-аш өнөр жайынын жаңы түзүлгөн ишканалары үчүн – бардык кластерлер үчүн 150 миллион сомго чейин, кайтаруу мөөнөтү 60 айга чейин, негизги каражаттарды сатып алууга жана камсыздоо менен жүгүртүлүүчү каражаттарга.

3. Пайыздык чен: сатуудан түшкөн салыкты кошпогондо, бардык категориялар үчүн жылдык 6 (алты) пайыз.

Толук маалыматты банктын www.ab.kg сайтынан ала аласыз

Бардык суроолор боюнча банктын республикадагы жакынкы филиалдарына же төмөнкү телефон номерлер боюнча кайрылсаңыз болот:

0312 68 00 00; 0556 68 00 00; 0222 68 00 00; 0707 68 00 00

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1020, 24-30-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан