Сырга Мусаева, Бегимай Турусбекованын апасы: “ТЕРИМЕ БАТПАЙ СҮЙҮНҮП ЖАТАМ”

Бул жумадагы жагымдуу жаңылыктардын бири – эл ичиндеги талант Бегимай Турусбекованы бир түндө жылдыз кылып алганыбыз болду. Таланттуу кызыбызды колдоп, көтөрүп алган элге алкыш. “Мындай болуп кетери 3 уктасам түшүмө кирген эмес”,- дейт Бегимай айым. Биз Бегимай айымдан жана өзүнөн кем эмес сүйүнүп, кандай болсо да колдоо көрсөтөм деп жаткан апасы, жолдошунан маек алдык.

КААРМАН ТУУРАЛУУ:

Туулган жылы: 1989-жыл, 15-февраль

Туулган жери: Жалал-Абад облусу, Казарман айылы

Билими: Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда окуган

Учурда: үй кожойкеси

Үй-бүлөлүү, 1 кыздын апасы

– Бегимай, саламатсызбы? Кечээ, 21-июнда кайрадан сейил бакта эл чогултуп концерт койдуңуз, кандай болду?

– Саламатсыздарбы? Концерт деле эмес го, 10 чактыдай ыр ырдап бердим. Аншлаг болуп, концерт сыяктуу болуп кетти. Мынчалык эл келет деп ойлогон эмесмин. Ошол маалдагы сезимдеримди бир сөз менен айтып жеткире албайм. Мен миңдеген эмес, миллиондогон элдин астында ырдоону кыялданчумун. Кечээ ырдап жатканда ошол кыялым ишке ашкандай, миллиондогон элдин алдында ырдап жаткандай сезим болду.

– Маданият министринин кабыл алуусунда болдуңуз, эмнелер тууралуу сөз болду?

– Ооба, мага министрликтен Урмат Усенов байланышып, министр менен жолугушууга чакырды. Барсам жылуу кабыл алышты. Эл аралык сынактарга катышканга жардам беребиз дешти. Мындан башкасы сыр болуп турсун. Кудай буюрса, жакында күбө болосуздар.

– Бир заматта келген атак-даңкты көтөрүүгө даяр бекенсиз?

– Мындай болуп кетери 3 уктасам түшүмө кирген эмес. Кечинде сейил бакта ырдап, үйгө келип уктап, эртең менен турсам эле дүң болуп кетиптир. Кыргыз элим үчүн атак-даңкты көтөрүүгө даярмын. Элим аягына чейин колдоп берет деген чоң үмүтүм бар.

– Алдыдагы пландарыңыз кандай?

– Ушул күнгө чейин план койсом эле эмнегедир ишке ашкан эмес. Ошондуктан алдыга план койбойм. Азыр жолдошум менен чогуу чай ичип нормалдуу сүйлөшө элекпиз. Ал кечээ “кызым экөөбүзгө көңүл бурбай калдың” деп күлүп жаткан. Ошондо билдим, чын эле көңүл бурбай калыптырмын.

– Жолдошуңуз, апаңыз мунун баарын кандай кабыл алды?

– Жолдошум жакшы кабыл алды. Өзү түшүнүктүү, ар бир ишти ойлонуп кылдаттык менен жасаган, көп сүйлөбөгөн токтоо мырза. Ал да чыгармачыл адам, сүрөт тартат. Мен да сүрөт тартам. Кайнатам комузда ойнойт, ыр жазат. Жаш кезинде Казарман айылындагы Маданият үйүндө директор болуп иштеген экен, азыр пенсионер. “Бегимай, атаңдын ырларына обон чыгарып жаздырып ырдабайсыңбы” деп жатышат. Айылга барганда ырларын карап көрөм, арасынан тандап ырдап чыгышым мүмкүн.

Апам да сүйүнүп жатат. Апам көп китеп окуган, сабаттуу киши, азыркы жаштарга караганда көптү билет. Айылга баргандан кийин жолдошум, апам үчөөбүз отуруп кеңешип, айылда калабызбы, Бишкекке келебизби, кандай кылабыз, чечебиз, буюрса.

Жолдошум экөөбүз менин апам менен турабыз. Анткени апам жалгыз.

– Мындан ары ырдап калсаңыз стилиңизди өзгөртөсүзбү? "Жоолугун чечпей, стилин ушул бойдон калтырса жакшы болмок" деген пикирлерди да көп окуп калдым?

– Кыргыз элим мени кандай көргүсү келсе ошондой боло алам. "Башкалардан өзгөчөлүгүң ушул, жоолукту чечпе, башкаларга окшоп боёнбо, чачыңды укмуш жасатпа" дешсе деле макулмун. Эл колдоп, көтөрүп жаткандан кийин эл менен эсептешем.

– Белгилүү ырчылар, продюсерлер байланыштыбы?

–Ырчылардан байланышкандар болгон жок. Балким, мен байкабай калдым. Социалдык тармактарды караганга убактым болбой жатат. Самат Дөөлөтбаков “Бегимай, байланышка чыгып койчу” деп жазды деп жатышат, байланышка чыга элекмин. Дуэт ырдабайлыбы деп жазыптыр, буюрса, байланышып сүйлөшүп көрөм. Продюсерлерден чала элек. Тааныш кыздар “продюсер сурап жатат, номериңди берип койдук” деп жатышат. Бирок алар менен да сүйлөшө элекмин.

– Инстаграмда башында канча катталуучуңуз бар эле?

– 120 катталуучум бар болчу. Азыр өсүп жатат, 58 миңден ашты. Мен мурда Инстаграмды карачу эмесмин, кызыкчу эмесмин. Азыр сиңдим колдонууну үйрөтүп жатат. Шоу-бизнестеги тааныштарым дагы “кандай иштетиш керек экенин үйрөтүп коёбуз” дешүүдө.

– Канча тил билесиз?

– Кыргызча, орусча билем. Англис тилинен мектептеги база жакшы болгон. Өзүм да жүрөгүмдүн түпкүрүндө англис тилине жакынмын, жакшы көрөм ушул тилди. Башка мамлекетке барсам деген кыялдарым бар дебедимби, ошон үчүн бул тилге кызыгам, эркин сүйлөп калсам деп кыялданам. Азырынча англис тилин жакшы билбейм, бирок өзүмдү тааныштыра алам, кичине түшүнөм.

Жеңишбек Исаев, жолдошу: “ЖУБАЙЫМДЫ КОЛДОЙМ”

– Бегимайдын бир заматта атактуу болуп кетиши түшкө киргендей эле окуя болду. Ойдо жок жерден мындай болсо кызыктай эле болот экенсиң. Сейил бакка чогуу барганбыз. Мен Бегимайдын ырдаганына көнүп калгам, үйдөн деле кыңылдап ырдап калат, андыктан караокеде ырдап жатканда башкача деле сезим болгон эмес. “Ырдайм, ушул жол менен кетем” десе каршы эмесмин, колдойм. Колдойм, бирок аралаша албайм. “Кызым экөөбүздү элге чыгарба” деп жатам.

Сырга Мусаева, апасы: “КАЙСЫ БИР КҮНҮ ТАЛАНТЫ ЧЫГАТ ДЕГЕН ҮМҮТҮМ БАР БОЛЧУ”

– Бул окуя күтүүсүз болду. Бирок менин башынан эле үмүтүм чоң болчу. Себеби талантты канчалык баскан күндө дагы бир күнү бир жерден чыгат, шибегени капка ката албайсың деген сөз бар го, талант дагы ошондой. Менин да анча-мынча чымындарым бар. Мактангандай болбоюн, бирок район ичиндеги майрам, аттуу-баштуу чогулуштар, ыр кеселер менсиз өтчү эмес.

Кызым кыйын болуп кетти, менин кызыма теңдеш жок дебейм. Мындай ырчылар көп, бааланбай калгандар да көп. Кызымдын талантын силерге окшогон кабарчылар, эл-журт көтөрмөлөп, баалап жатканы үчүн териме батпай сүйүнүп отурам.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1020, 24-30-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан