АЙДАЙ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Бирок күн санап Элдарга көнүп бараттым. Көнбөсөм да “эмне болду эле? Мынчалык шашылыш мага тийип кимден качтың?” деп бир ооз сурап, сөз чыгарбаганына ыраазы болдум. Атүгүл алгачкы күндөрү мага тийишип, баса калган да жок. Күндүзү жанымдан чыкпай, көп кызыкты көрсөтүп, сүйлөп, көңүлүмдү көтөрүп, түнү “жакшы укта” деп жүзүмдөн, маңдайымдан сүйүп, мени диванга калтырып, өзү жерге жатып алып жүрдү. Мен үчүн бул абдан зарыл болчу. Кокус эле кучактап, жакындай баштаса алды-артыма карабай дыр коюп качууга даяр элем. Башка жерде, башка элде жүргөнүм да мени токтото алмак эмес. Күчкө салса болушунча каршылык көрсөтүп анын да, өзүмдүн да көңүлүмдү суутмакмын. Ошону түшүндү окшойт.
Бак-шакка оронгон килейген эки кабаттуу үйдө үчөөбүз жашайбыз. Мен, Элдар жана анын кызы Разия. Кара торусунан келген, бакыраң көз кыз экен. Бирин-бири кандай кабыл алат деп Элдар катуу кабатырланса керек.
– Жаштайынан менден алыс өсүп калды. Жаштык-мастык кылдымбы, шартым, мүмкүнчүлүгүм болгон кезде да кызымды издеп баргым келбеди. Апасына таарынычым, кегим катуу болчу. Бирок адамдын жүзү ысык да. “Ушул сенин кызың” деп татынакай кызды ээрчитип келишкенде жүрөгүм жарылып кете жаздады. Жакшы эле тарбиялаптыр. Мүнөзү оор эмес...
– Тил табыша алабы деп кабатырланып турасызбы?
– Ии-ий, жаным десе, ушундай тил билги кызсың да.
– Тынчсызданбай эле коюңуз. Бул үйдө бирөө-жарым менен урушайын, тирешейин деген ниетим жок.
Эми өпмөкчү болуп келаткан Элдардын кучагынан ойт берип качып чыгып кеттим. Бул адамга турмушумду байлаганымдан бери деле билинбей бир ай өтүптүр. Ойлогум келбей өжөрлөнсөм да, күн сайын күүгүм кирип баратканда түшүнүксүз куса денемди каптап, жанымды эзет. Ошол маалда бул үйдө бир мүнөт да тургум келбей, дикилдей чуркап өзүмдүн үйүмө, атама, Арстанга кетким келет. Мындайда үн чыгарып ыйлабасам да, көзүмдөн жаштар мөлт-мөлт куюлуп кетет. Азыр да өзүмдү кармай алган жокмун. Элдар суроолуу тигилип калды. Демейде бул маалда үйдө болчу эмес, менин ыйымды биринчи көрүшү.
– Не болду? Бул каректерден жаш агышын каалабайм, айтчы, неге сыгылып турасың? Бирөө капа кылдыбы?
Арыз-арманымды сен кайдан түшүнмөк элең? Эмне, “сага айла жоктон тийдим. Өзүм болсо Арстанды сагынып, сыздап жүрөм” деген сөздү уккуң келип турабы? Ичимден ушул сөздөрдү айтып, Элдарга өчөшкөн бир сезим пайда болду. “Эсиңе кел. Эмне иш кылган болсоң, баарына өзүң жоопкерсиң. Башында баш тартып койсоң, бул сени күчтөп ала качмак беле? Өзүң макул болуп келдиң. Мында эмне күнөө?” Кайра ушул ойго кептелип, шаабайым сууй түштү. Азыр тышка чыгып кетпесем, бир акмакчылыктын үстүнөн чыкчудаймын. Үн-сөзсүз гана бакка чыгып кеттим.
Июль ортолоп калганда Асел мени көргөнү келди. Үйдү, катарынан тизилип турган үч машинаны көргөндө оозу ачыла, тамшанып алды.
– Ой-уй, Айдай, тимеле хансарай го? Ушунча чоң үйдө жалгыз отургандан коркпой элесиңби? Бул машина тигиники болсо, берки экөө кимдердики?
Курбумду күч менен токтотпосо суроосу түгөнчүдөй эмес. А менин Аселден сурай турганым өтө көп. Андыктан бир аз катуу сүйлөгөнгө туура келди.
– Билбейм, кайсы машина кимисиники экенин. Эмнеле аңкаясың, сенин үйүң мындан кем эмес. Жүрчү үйгө, сүйлөшөлү!
Менин маанайымды эми араң байкаган Асел шаша-буша артымдан жөнөп калды.
– Сүйлө эми, жашоо кандай? Күйөөң кандай мамиле жасап жатат?
– Меникин коё туралы, өзүң айтчы, кайсы окууга тапшырдың? Качан келдиң?
Чу дегенде эле Арстанды сурагым келген. Жүрөгүм даабады.
– Улуттук университетке, журналистикага тапшырдым.
– Өттүңбү?
– Билине элек. Ошону билгени бүгүн келгем, жыйынтык дагы бир жумадан кийин чыгат экен. Анан сага тие кетүүнү чечтим.
– Неге журналистика? Юрист болом дечү эмес белең?
– Арстан айнытып койду. “Азыр ким көп, юрист көп. Бекер эле беш жылың кетет. Жакшысы, журналистикага тапшыр, кыздарга да ылайык. Ким билет, эртең тележылдыз болуп кетерсиң” дейт. Анан апамдарга айтып, алардын кой дегенине көнбөй, көгөрүп отуруп журналистикага тапшырдым.
Менин телеалпаруучу болушумду каалачу. “Кыргыз-орус тилдеринде бирдей сүйлөгөн, ай чырай, баары суктанган Айдай болосуң. Ошол Айдай бир гана меники болот!” дечү. Охх, жүрөгүм!
– Айдайка, сен Арстан менен дале сүйлөшө элексиңби?
– Кандай дейсиң?
– Экөөңдү айтам, дале сүйлөшө элексиңерби?
– Эми эмнени сүйлөшүшүбүз мүмкүн? Мени Арстан эч качан кечирбесе керек.
– Ал азыр айылда... Кечээ келди. “Эң жакын адамың ачыгын бетиңе айтпай туруп далыңа бычак ургандан жаманы жок экен. Айдайдын бул жоругун эмне деп жооруп, кантип актаарымды билбей турам. Ааламда мен ишенип, таяна турган жан калбай калды. Ушунчалык бактысыз экенимди эми билдим. Жакындарым дайыма мени таштап кетишет. Алгач апам мени атамдын колуна таштап салып кете берген. Анан атам. Кайдагы бир стервага үйлөнүп алып, анысы жашоомду тозокко айлантып жиберген. Анан Айдайга жолуктум. Мынчалык таза, сулуу, назик, жагымдуу, жылдыздуу адамды көрбөгөм. Ишенесиңби, эч жерден кезиктирбегем. Айдай менен таанышкандан тартып менде алга умтулуу, канчалаган пландар жаралган эле. Баары астын-үстүн, сапырылып кетти. Жанымды коёрго жер таппай, алдастап турам. Айдайдын мындай чыккынчылыгын кантип кечирем? Аны кантип башкага кыям?” деп солкулдап ыйлады. Жигиттердин минтип ыйлаганын көрбөгөн элем. Чыдап туралбай мен да ыйладым.
Аселдин карегинен жаштар сызылып жатты. А мен... Алда качан ыйга муунуп калгам. Жүрөктө жаткан букту чыгаралбай жүргөн жаным көзүм караңгылап жыгылып калгыча ыйлаптырмын. Асел жүгүрүп, бетиме суу чачып жатып араң өзүмө келтирди. Кичине дем алган соң кайра каткырып күлгүм келди. “Сооп болот, сага ушул керек эле! Өзүң кылып алып, эми бырылдап ыйлаганыңдан эмне пайда?” Өзүмдү өзүм тилдеп, шылдыңдап, мазактап жаттым.
Түшүмдө Арстанды көрдүм. Жашыл майсандын так ортосунда эч кайгы-капасы жок күлүп жатыптырбыз. Анын тизесине башым таяп, асмандагы бир үзүм булутту тиктеп жатам. Эмне экенин билбейм, бир окуяны айтып берип эле күлдүрүп жатат. Эми эңилип эриндериме жакындай бергенинде ачык асмандан чагылган чартылдап, жарк эткен бир тилке экөөбүздү бөлүп кетти. Бакырып, жулкунуп ыйлап жатам.
– Айдай, Айдай, не болду сага, алтыным? Ойгончу!
Элдардын үнү, ысык колу мени чыныгы турмушка кайра алып келип койду. Болкулдап ыйлап алган экенмин.
– Жаман түш көрдүңбү?
– Ии.
Бирөөнүн кучагында жатып, экинчисин түшүмдө көрүп... Турмуштун не деген мазагы бул? Элдарга жүз багып тиктей албай, суу ичем деп шылтоолой астыңкы кабатка түшүп кеттим. Арстан менен өбүшпөй, сагынычымды тарата кучактап, моюнунан шуу жыттай албай калганыма ичим күйүп жатты. Не деген акмакчылык?!

Жазгүл Калыева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
fak
2010-12-24 17:51:45
Ох кандай гана окунучтуу журогум кысылып чыкты.ушул сериалы учун супер инфону узгултуксуз окуйм 3жылдан бери рахмат супер инфонун жамаатына кенирирээрек жазгылачы суранам!
0
aku
2010-12-24 18:13:24
ozuncho ele zolushka go.jaman machehaga tush bolup anan kaira prins na belom kone kelipalyp ketip.jashai berbeibi jyrgap.
0
Lee Min Ho
2010-12-24 19:42:34
эльдарды колдонуп туруп таштап кетпейби акчасын алып папасын оголтуп .. арстанга кетип калса жакшы болмок )
0
aku
2010-12-24 21:37:35
andan kyiyn Arstan almak bele
0
Akjol
2010-12-24 22:19:47
Журокту оорута турган болду го бул сериал.Бир отуруп окуп алсан жакшы болоор эле.
0
look
2010-12-25 05:25:04
18жашар кызда биринчи акча болмок азыркы заманда а бул тим эле суйуусун элестеткенин карасан.Жыргап жашай бер да дейин десен бул чыгарма да кинодо деле болотко...
0
Tokmok
2010-12-25 15:10:43
Men dele akchagames, suiuugo umtulmakmin!!!
0
Kyzsaikal
2010-12-25 19:53:05
Bashy jakshy bashtaldy ele,azyr kyzyksyz bolup kaldy
0
айжылдыз
2010-12-26 14:58:55
Эхх... бул сериалды куто берип.... негизи канча серия экен
0
mahabaha
2010-12-26 19:23:26
качан бутот
0
aika-b
2010-12-27 08:37:10
Айдайды тушунуп турам,анткени менин да башыман ушуга окшош кундор откон. Конгону конуп кетесин, бирок биринчи суйуун журогундо туболук аруу сезим болуп сакталып кала берет экен.
0
aika li
2010-12-27 16:07:14
уландысын чыдамсыздык менен кутом
0
gilrfkg
2011-01-02 05:29:57
emnege ulandisin kirgizbediner info
0
Jazgulya
2011-02-11 01:33:49
kyzyk, men yilap atam.... kozumdon jawtar kuiulup ketti. Aidaiga boorum a4ydyby,je ozumdun i4im kysylganynanby bilbeim.men da Aidai syiaktuu bir adamdy katuu sagyndym....korgum keldi. Birok al alysta.:(
0
№ 425, 24-30-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан