Съездбек Искеналиев, ырчы: “МЕН БАЙ ЫРЧЫМЫН”

Каарманым 20 жылдан бери сахнада, заман талабына жараша ар кандай стилдеги ырларды жаратып эл оозунан түшпөй келе жатат. “100 чакты ырым бар” дейт ырчы. Съездбек Искеналиев менен ушул 20 жылдык чыгармачылык жашоосу, орусиялык ырчы Евгения Отрадная менен болгон достугу, жарандык көз караштары тууралуу сүйлөштүк.

– Саламатсызбы, Съездбек байке? Чыгармачылыгыңызга 20 жыл болуптур. Концерттериңиз кандай өтүп жатат?

– Саламатсыздарбы, ооба, чыгармачылыгыма 20 жыл болду. Кубанычтуу жыл, себеби 20 жылдын ичинде кыйынчылыгы болду, сонун күндөрү болду. Эл оозунда тандаган кесибим менен турганым өзүм үчүн чоң сыймык. Адам үчүн кенедей кезинен кыялданып, ошол багытта билим алып, анан ал кесиптин үзүрүн көргөн чоң ийгилик. Айылдан чыктым эле, айылдагы элдин батасы менен ушул даражага жеттим деп эң биринчи Кочкорго барып, мектебиме концерт бердим. Чыгармачылыгымдын башаты ошол мектепте башталды да, мугалимдерге белек-бечкегимди бердим. Андан кийин Нарында концерт бердим. Эми бардык аймактарга барып келип, анан күздө Бишкекте элиме ыраазычылык концертин берем.

– 20 жылдагы эң чоң жетишкендигим деп эмнени айтат элеңиз?

– 20 жыл эл оозунда сакталып турганымды, ыр дүйнөсүн кеңири тааный алганымды ийгилигим деп эсептейм. Кичинемде чоң ырчыларды телевизордон көрүп, ушулар менен жөн эле отурсам дечүмүн. Азыр чогуу концерт коюп, ырдап, катташып жүрөм, бул да чоң ийгилик.

– Орусия ырчысы Евгения Отрадная менен дуэт жаздырыптырсыз...

– Ырчылар кыялкеч болот да, мен өзгөчө кыялкеч болушум керек, кыялданганда кээде өзүм байкабай сүйлөнө берем (күлүп). Орус ырчылары менен ырдоо кыялым бар болчу, бирок аны куру кыял деп ойлочумун. Чын жүрөгүмдөн кыялдансам керек, Женя ушул жылы, менин 20 жылдыгымда өлкөбүзгө келип калбадыбы. Мен үчүн чоң белек болду. Аны менен режиссёр Айбек Дайырбеков аркылуу тааныштым. “Дарак ыры” тасмасында Женя орусча котормосунда дубляж кылат, саундтрек ырдайт. Жакшы сүйлөшүп кеттик, “мен сага жардам берем” дедим. Аябай дасторкон жазып, үй-бүлөсү менен үйгө конокко чакырдым. Келип алып “ушунун баары бизгеби?” деп таң калды. Уялып кетишти окшойт. Кийинки келгенинде толтура белек көтөрө келишиптир. Бир ирет “кыргыздар кандай эл экен?” деп сурасам, “эл жакты, меймандос экенсиңер, бирөөгө жардам бергиңер келе берет экен” деди. Азыр үй-бүлөлүк катышыбыз бар. Кээде “жумуштарымды бүтүрүп алайын” деп балдарын үйгө таштап кетет. Алар бул жакка жолдошунун жумушуна байланыштуу 1 жылга келишиптир.

Женяга дуэт ырдоону мен сунуштадым. Бул ырды 2000-жылдары жазгам. Көп ырчыга сунуштап көргөм, сааты чыкпай жүрдү. Карабайсызбы, Женя менен ырдоо буюруптур. Азыр экөөбүздү тойлорго чакыра башташты. Жакында ага обон жазып бердим. Орус акынына сөзүн жаздырды, “Мама” деген ыр. Ыр элге жагып, популярдуу болуп кетсе тарыхын айтып берем. Кызыктуу тарыхы бар. Азыр сыр кылып катып турайын.

– 2000-жылдардагы күйөрмандар менен азыркылардын айырмасы байкалабы?

– Күйөрмандарым менен чогуу чоңоюп келатабыз. Аларды сактап туруш биздин колубузда. Чыныгы күйөрман чыгармачылыкты талап кылат, “ырдабайсыңбы, ыр жазбайсыңбы, сен туура эмес ырдап жатасың, сага бул ыр жарашпайт экен” деп. Бирок ошол күйөрмандар менен калып калбай улам кийинки муундардан дагы күйөрмандарды табыш керек. Ал үчүн замандын талабына жараша ыр чыгарыш керек. Мен бай ырчымын дейм. Себеби 2 жаштан 80 жашка чейинкилер ырларымды угат, кол чабат. “Балабыз “Мына, минтипке” бийлей берет. Миллион көрүүнү биз кылып койдук” дегендер бар. 80 жаштагы апалар келет “айланайын, секет кетейин балам, сени чыккан күндөн бери көрөбүз, батабызды беребиз” деп. Азыр менин 100гө чукул ырым бар.

– “Ортобузда не болорун мындан ары ким билет?” деген ыр хит болбодубу. Бул ыр тууралуу эмне дейт элеңиз, текстин карап көрсөңүз керек?

– Бул ырды аткаруучу чын жүрөгүнөн ырдаптыр. Жүрөктөн ырдалган ыр сөзсүз жүрөккө жетет. Бирок текстин түшүнгөн жокмун. Анткен менен элге жагып жатат. Бул ырдын мага стили жагат, твист деп коёт. Мындай стилдеги ырлар дүйнөдө бааланат. Бул ырдын ушул саптары хайп болду. Хайп болгон сөздү музыкага дал келтирүү чоң изденүүнү талап кылат, бул да чоң ийгилик. Учурда, балким, ошол сөз кырдаалга дал келип жатат. Ушул да маанилүү. Бир учурда “Ооруба, ата, ооруба” деген ырдын саптары актуалдуу болгон. Ошол кезде ата-энелер мигрант болуп кетип, балдардын ата-энеге болгон кусалыгы болгон, ыр учур менен жашайт. Изденүү деген ушул. Эң башкысы, аруу тилек менен ырдаш керек. Канчалык тазалык менен ырдасаң, эл таза нерсеге тартылат. Бир байкеден “тазалыкты кайдан тапсаң болот, пендебиз да, ар кандай учур болот?” десем, “наристени жакшы көрүп кучактап туруп ырдасаң, ошондо дагы тазалык пайда болот” деген. Анан дагы чыгармачылык менен соодалашпаш керек. Ушул ыр чыкса баланча тойго чыгам, үй алам, унаа алам деп чыга элек ырга баа коюп алгандар бар. Анан ыр анча болбой калса наалышат. Кепилдик жок да.

– Саясий окуяларга да кайдыгер эмессиз, казинолорду мыйзамдаштыруу боюнча оюңузду сурагым келип жатат.

– Пикиримди билдирүү жарандык милдетим деп эсептейм. Казиного жалпы эл каршы болду. Мен эл мененмин.

– 18-20 жашка чыкмайын кыздарды чет өлкөгө жалгыз чыгарбоо тууралуу да сунуш болду.

– Кыз бала аяр жан, ата катары айтам, кыздарым мага аманат. Кыздарым эс тарткандан кийин кайда барарын өздөрү чечет. Бирок баёо кезинде, эне сүтү оозунан кете элек учурда эмес.

Ата-эне ата-энелик парзын аткарышы керек. Кыздарымды жакшы тарбиялап, аталык жоопкерчилигимди аткарып, билим берүү – чоң милдетим. Ушул милдетимди жакшы аткарууну күнү-түнү тиленем, Кудайдан ушунчалык суранам. Ата-эне деген жоопкерчилик бар, атанын жоопкерчилиги андан да чоң. Мен дагы бир атанын кызын алгам, ал да мага аманат, ага да жоопкерчилигим бар. Ошол жоопкерчиликти түшүнгөндөн кийин бүлө бузулбайт, жакшы балдар чыгат.

Кыска суроо-жооп

– Өзүңүзгө жакпаган адатыңыз?

– Жиним келгенде, катуу кыялданганда сүйлөнө берем. Жоопкерчиликтүү болгон жакшы, бирок азабын көп тартам.

– Айымдардагы сизге жаккан сапат?

– Жумшактык, назиктик.

– Күлкүңүздү келтирген депутат?

– Баары эле, ар биринин бирден хайпы бар го (күлүп).

– Учурда эмне жөнүндө ойлонуп жатасыз?

– Маегим жакшы чыкса экен деп (күлүп).

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1021, 1-7-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан