Абитуриентке кеңеш: ЛИЦЕЙДИ БҮТКӨНДӨР КӨЧӨДӨ КАЛБАЙТ

Расмий маалыматка таянсак, быйыл өлкө боюнча 108 268 окуучу 9-классты бүтүрдү. Алардын бир бөлүгү кесиптик окуу жайга тапшыруу алдында турат. Биз 9-классты бүтүргөн окуучулар үчүн кесиптик билим берүү лицейлери жөнүндө кызыктуу жана керектүү маалымат даярдадык. Лицейге документ тапшыруу эрежелери, окуу жайдагы артыкчылыктар жана өзгөчөлүктөр боюнча материал даярдоого Башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайларынын башчысы Гүлнур Мамырова жардам берди.

Кесиптик лицейге тапшыруу үчүн керектүү документтер

Директордун наамына жазылган арыз

3x4 көлөмүндөгү 4 даана сүрөт

Ата-энесинин паспортунун көчүрмөсү

Туулгандыгы тууралуу күбөлүк

9-11-классты бүткөндүгү тууралуу күбөлүк же аттестат
(түп нускасы)

ОМСтин көчүрмөсү

Медициналык аныктама 086У

Дело же файл (1 даана)

ЛИЦЕЙ МЕНЕН КОЛЛЕДЖДИН АЙЫРМАСЫ

Кесиптик билим берүү тармагы 3 кө бөлүнөт:

1. Башталгыч кесиптик билим берүү окуу жайлары (лицейлер)

2. Орто кесиптик билим берүү окуу жайлары (колледждер)

3. Жогорку окуу жайлар (университет, институттар)

Кыргызстанда лицейлер менен колледждерди бирдей көрүп орто окуу жай деп эсептегендер көп. Бул эки башка тармак, билим берүү ыкмалары да бөлөк.

• Өлкө боюнча 99 башталгыч кесиптик лицей бар. Бишкекте 15, Чүй облусунда 20, Ысык-Көлдө 8, Нарында 7, Таласта 6, Жалал-Абадда 19, Ошто 13, Баткенде 11 лицей иштейт. Аталган кесиптик лицейлердин ичинен 6 лицей жаза өтөө жайларында жайгашып, ал жакта абакта отурган балдар окушат. 19 лицейде реабилитациялык топтор бар, бул жакта аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, жетим, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар окушат.

• Кыргызстан боюнча кесиптик лицейлерде жылына 30 миңдей студент билим алат. Жылына 15 миң студент бүтүрүүчү болот. 40тан ашык кесип окутулуп, студенттерге 3440 мугалим сабак берет.

• Мыйзам боюнча ар бир Кыргыз жараны 30 жашка чейин каалаган кесиптик лицейде билим алууга укуктуу. Окуу бекер. Студенттерге жатакана берилип, стипендия төлөнөт.

• Акыркы жылдары мезгил талабына ылайык графикалык дизайнер, системдик администратор, веб-дизайнер, программалык камсыздоону иштеп чыгуучу кесиптер окутула баштады.

• Студенттер ширетүүчү, тигүүчү, бычмачы, токарь, автослесарь, эсепчи, троллейбус айдоочусу, чачтарач, ашпозчу, кондитер, тырмак жасоочу, визажист, укалоочу, официант, муздаткыч жана кир жуучу машина оңдоочу, гүл өстүрүүчү, дары чөптөрдү даярдоочу, бармен, шишкебек-бургер жасоочу, электр монтаждоочу, фермер, токой чарба адиси, тоо-кендерин байытуучу жана башка кесиптердин ээси болуп чыгышат.

“ЛИЦЕЙДИ БҮТКӨН СТУДЕНТ КӨЧӨДӨ КАЛБАЙТ”

Гүлнур Мамырова:

– Кыргызстандын эмгек рыногунда биздин студенттерге болгон талап эң жогору. Бизде окуган ашпозчу практика өтөп жүрүп эле белгилүү ресторанга же мейманканага жумушка кирип кетет. Жогорку окуу жайды бүтүп 2-3төн диплом алып, ал дипломдору чаң басып жаткандар толтура. Андыктан абитуриент учурда мезгил талабына ылайыкташкан туура кесипти тандоосу керек. Биздин лицейлерди бүткөн студенттер көчөдө калбайт. 2010-жылга чейин өлкө боюнча 110 лицей бар болчу, кийин оптимизация болуп 99у калды. Бирок контингент, студенттердин саны азайган жок. Биз жакында 3 жылдык окууну 2 жылга кыскартып, лицейдин диплому менен дароо 2-курска орто кесиптик колледждерге кабыл алуу сунушун киргизип жатабыз, эгер тандаган тармагы туура келсе. Мисалы, башталгыч кесиптик лицейде окуган курулушчу, колледжден прорабдыкка 2-курстан баштап окушу керек. Ошондой эле 4 лицейде окуу өндүрүш комплекстери бар. Тагыраак айтсам, окуу жайдын ичинде эле завод бар. Студенттер окуп да, жасап да үйрөнүшөт. №18 лицейде студенттер кадимкидей унааларды оңдоп-жасап, мастерлердей иштеп калышат. Билим алууда тажрыйба абдан маанилүү, ошондуктан студенттер практикалык иштерге көп чыгарылат. Негизи мыйзам боюнча окуу учурунда студенттерге иштегенге болбойт. Бирок мындай эрежелерге да өзгөртүү киргизип, студенттерге окуу менен бирге иштөөгө да мүмкүнчүлүк берсек жакшы болмок.

Борбордогу лицейлердин абалы жакшы, учурда аймактардагы лицейлердин шартын жакшыртууга аракеттер болуп жатат. Айрыкча Баткендеги №70 лицейдин абалы аябай начар, аны оңдоп-түзөөгө демөөрчү издеп жатабыз. Өзүм Тиктокко катталгам, лицейлерди кыдырып алардын абалын сүрөткө тартып киргизип турам. Менин видеолорумду көргөн лицей жетекчилери оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн сүрөттөрүн мага жиберип жатышат. Бул да болсо өзгөрүү, жаңы бурулушка кадам шилтөө деп түшүнөм.

•Быйылкы 2021-2022-окуу жылында кесиптик лицейге тапшырууда жаңылык: эми сиз алыскы аймактан келип документ чогултуп отурбай эле, онлайн катталып окууга тапшырсаңыз болот. Тагыраагы, телефонуңуздан
2020.edu.gov.kg сайтына кирип керектүү документтерди сканерлеп, боштуктарды толтуруп катталасыз.

• Кыргызстан боюнча лицейлерде эң көп: жеңил өнөр жай багытында 24 пайыз, тамак-аш өндүрүшүндө 20 пайыз, курулуш багытында 20 пайыз, айыл-чарба багытында 15 пайыз студенттер билим алышат. 9-классты бүтүп келгендер 3 жыл окуса, 11-классты бүтүп келгендер 10 ай окушат.

• Кесиптик лицейлердин алдында ар бир кесипти үйрөтүүчү кыска мөөнөттүк курстар бар. Бул курстарга Эмгек жана миграция министрлигинде жумушсуз деп катталган жарандарды белгилүү бир кесипке мамлекет бекер окутат. Ошондой эле өз каалоосу менен тез убакыттын ичинде кесип өздөштүрүүнү каалап иштеп кеткиси келгендер окуйт. Курстарда 1,5 айдан 8 айга чейин окуса болот.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1021, 1-7-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан