Бир бүркүм. Курман айт 9-июлда белгиленет...

  • Кытайлык компания келишим түзүлсө Бишкекке электроавтобустарды жеткирүүгө даяр экенин билдирди.
  • Бишкек мэриясы шаардыктарды ичүүчү сууну үнөмдүү пайдаланууга чакырды.
  • Кыргызстанда Курман айт майрамы 9-июлда белгиленери маалымдалды.
  • Кыргыз өлкөсүнүн Бельгиядагы элчиси Муктар Жумалиев кызматынан бошотулду.
  • Башкы прокуратура: “Чыгыш электр” ишканасы мамлекеттик казынага 20 миллион сом зыян келтиргени аныкталды.
  • Бишкектин Биринчи Май райондук соту Алымкадыр Бейшеналиевдин үй камагындагы мөөнөтүн 18-августка чейин узартты.
  • “Аэрофлот” авиакомпаниясы Ысык-Көлгө каттамдарын көбөйткөнүн жарыялады.
  • Кара-Балта шаарында 10 миллион долларга таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу пландалып жатканы айтылды.
  • Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаевге “ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча президенттин жарлыгынын аткарылышын жетиштүү көзөмөлдөгөн жок” деп сөгүш жарыяланды.
  • Чүйдүн дыйкандары сугат суу жетпей жатканын айтып 27-июнда Бишкекте митингге чыгышты.
  • Жанар Акаев: “Манас” жана “Ош” аэропорттору 39 жылга түркиялык компаниянын башкаруусуна берилгени жатат.
  • Москвада Кыргыз кызы сүйлөшкөн жигити тарабынан коркутууга кабылганын айтып милицияга кайрылды.
  • Депутат Тазабек Икрамов “малекеттик кызматкерлерди расмий иш-чараларда ак калпак кийип жүрүүгө милдеттендирүү керек” дейт.
  • Акылбек Жапаров: “Тышкы карызды төлөөнүн оор учуру 2023-жылга туура келет”.
  • Бишкекте жоюлган №47 абактын ордуна көп кабаттуу үйлөр курулары айтылды.
  • Ысык-Ата районунда 13 жашар кыз поезд сүзүп кетип каза болду.
  • Садыр Жапаров: "1-августтан тарта бардык мамлекеттик кызматкерлердин айлыктары көтөрүлөт".
  • Депутат Дастан Жумабеков быйыл Талас облусунан бир да бүтүрүүчү Алтын сертификатка илинбегенине капа экенин билдирди.
  • Алмазбек Осмонов Ысык-Ата районунун акими болуп дайындалды.
  • Кумтөр кенинде жарым жылда 8,5 тонна алтын өндүрүлгөнү маалымдалды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1021, 1-7-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан