28-июнда Министрлер кабинети Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун талкуулады. Темир жол Торугарт–Макмал–Жалал-Абад багыты боюнча курулганы жатат. Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоевдин айтымында, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси үстүбүздөгү жылдын декабрь айында даярдалып бүтөт.
20 жылдык талкуулардан кийин долбоорду ишке ашырууга старт берилгени турат. Кыргызстандын транспорттук туңгуюктан чыгуусуна жол ача турган бул долбоорду ишке ашырууга буга чейин Орусия каршы болуп жүргөнү айтылып келген. Жакында президент Садыр Жапаров бул маселеде Орусия президенти Владимир Путин менен бир пикирге келгенин ачыктады.
Үстүбүздөгү жылдын сентябрында ШКУнун саммитинде долбоорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга 3 өлкөнүн жетекчилери кол коюшары күтүлүүдө.
Аталган темир жолдун Кыргызстандагы бөлүгү – Торугарт–Макмал–Жалал-Абад маршруту 280 чакырымды түзөт. Долбоордун жалпы баасы 5 миллиард доллардын тегерегин түзөт деп божомолдонууда. Темир жолду курууга 7-8 жыл кетерин, темир жол магистралы курулуп калса Кыргызстан экономикалык эркиндикке ээ болорун айтышат адистер.