«ОКОРОЧКА» ЭМНЕ ҮЧҮН УУ КАТАРЫ ЭСЕПТЕЛЕТ?

Сырттан алынып келинип жаткан тооктун сан эттери бизде мал этине салыштырмалуу арзан экендиги менен өтүмдүү. Бирок ошол "окорочкалар" адамдардын организмине пайда алып келип жатабы же уулантабы? Келгиле, ушул жаатта изилдеп көрөлү.

Тоок бат чоңоюп, семирсин үчүн гормондор,
антибиотиктер колдонулат.
Чет өлкөлүк тоок багып жана этин сатуу менен алектенгендер тоокту илгеркидей табигый чөп-чар, жем менен багып семиртпестен, заманбап ыкмалар менен багарын баарыңыздар билсеңиздер керек. Башкача айтканда, жем катары берилген комбикормдун курамына, албетте, жасалма кошулмалар (бензой кислотасы, сорбат, лимон кислоталары, сорбат тузу жана башкалар) кошулат. Булар тиешелүү өлчөмдө кошулса, ден соолукка анчалык зыяны жок деп эсептелет. Бирок тооктор бат чоңоюп, ылдамыраак семирсин үчүн көп өлчөмдө кошулуп жаткандыгы тынчсызданууну жаратат. Бул эле эмес тоок бат чоңоюп, семирсин деп гормондорду, антибиотиктерди да колдонушат. Европада гормондорду колдонууга тыюу салынган. Антсе да АКШда, Кытайда да эттин сапаты жакшы, салмагы көп болсун үчүн кеңири колдонулат. А бизге алынып келинип жаткан "окорочкалар" АКШ менен Кытайдыкы болгондуктан, ден соолукка кандайдыр бир өлчөмдө коркунуч бар.
Тоокторго антибиотиктер берилген соң тооктун денесиндеги микроб антибиотикке көнүп, ыңгайлашып калат. Андай тооктун этин адам пайдаланганда эт менен кошо жанагы микроб да кирет да, адамда ооруну козгойт. Адам антибиотик кабыл ала баштайт, бирок антибиотик ал микробго таасир этпейт. Оору күчөп, татаалдашат. Бул адамды өлүмгө жеткириши мүмкүн. Коркунуч ушунда.Тоокторго берилген гормондор эт менен адамдын организмине кирип, семирүүнү жаратат.

Майларга эң зыяндуу заттар топтолот.
Окумуштуулардын пикирине таянсак, тооктун сан этиндеги майларга тоокко берген жемдерден топтолгон эң зыяндуу заттар чогулат. Мисалы, диоксиндер. Бул зат организмге тиешелүү өлчөмдө кирсе, коркунучу жок. Бирок көбүрөөк кошулганда анык ууга айланат. Уйку безди, өпкөнү, иммундук системаны жабыркатат. Курсак жана көкүрөк көңдөйүндө жайгашкан органдарга таасир берип, өнөкөт ооруларды козгойт. Нерв системасынын иштөөсүн, канды бузат. Ракка да жеткирүүсү мүмкүн. Диоксин уусу организмге аздан кирген учурда адамдын денеси билинбестен ондогон жылдар бою ууланып отуруп, жыйынтыгы айыктырууга мүмкүн болбогон абалга жеткирет.
Кыргызстанга сырттан алынып келинген "окорочкалар" өлкө ичине киргизилбей туруп, текшерүүдөн өткөрүлөт деңизчи. Антсе да "сактыкта кордук жок" дегенди кармануу туура. Андыктан окумуштуулар эскерткендей, "окорочканы" колдонордо жок дегенде майлуу жерин кесип салуу керектигин унутпаңыз.
Жыйынтыгында эмне үчүн АКШлыктар менен кытайлыктар тооктун ак этин (төш жана канат эттери)гана колдонуп, майлуу сандарын экспорттой тургандыктарынын сырын билдиңиз окшойт. Анткени ал жактын көпчүлүк эли тооктун жоон санындагы май – уулуу заттардын кампасы экендигин ("окорочкалардын" бардык партиясы таза текшерилет деп ишенишпейт) илгери эле билишкендиктен, сатып ала беришпейт.

Венера Камалова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
aalam
2010-12-24 21:32:55
Туура жазылган! Окорочканы колдоноордо болгон майларын жана терисин сыйрып салуу керек жана тамактанууда коп колдонуунун кажети жок. Андан коро биздин эле таза тоокторду сатып алып жегенибиз ден-соолукка анан калса УДП (ВВП) ны которууго салым кошот!!!
0
gilrfkg
2010-12-25 00:40:31
tuura AKWda jalgiz gana ak etti jewet eken.
0
pyeon hwa
2010-12-25 20:01:01
rahmat super info! maga kerek bolyp jyrgon maalymatty aldym.
0
alexandra
2010-12-26 06:35:36
jany ele tooktun toshunon sandwich satyp alyp jep buttum ele,
0
aliya-leyla
2010-12-27 14:36:37
рахмат супер инфо
0
aika li
2010-12-27 15:32:36
рахмат
0
operaledi
2010-12-29 21:43:37
Мисалы Россияда бул окорочкаларга тыйуу салынган."Буштун окорочкасы" дешет кобунчо.Бизде да сатканга тыйуу салып коюшса болбойбу.
0
elif
2011-04-25 02:15:15
bizdin kirgizdardan tok fermasi acha turgan azamattar chikbaybi ya,akchasi bolso srazu ele narkozatka,prasentke berip ish kilishat,bolboso KR took ucun ushuncalik ingayluu,sharti bar go,ah aah men KGde bolsom srazu bul ishtin uchunan tutmakmin,bu da ish izdegenderge kenesh bolsun))))
0
№ 425, 24-30-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан