(Башы өткөн сандарда)
Аскар ооруканадан чыкты. Жаш аялы Марал ооруканага бир келген боюнча келген жок, атүгүл телефон да чалган жок.
– Сизди бүгүн үйүңүзгө чыгарганы турабыз, Аскар байке,- деди жаш врач кирип келип.
– Жакындарыңызга чала берсеңиз болот. Акыркы процедураларды жасап коюп кете бериңиз.
– Макул, рахмат.
Аскар телефонун кармап бир топ отурду. Маралга телефон чалайын деди. Бирок ал оюнан тез эле кайтып кетти. Эгер кааласа телефон чалат эле да деди оюнда. Кийинип жыйналып алып, өзү эле үйүнө бара турган болду. Өзүн ушунчалык байкуш сезди. Эч кимге кереги жок, бирөөгө беш тыйындык пайдасы жок бир абышкага айланып калгандай сезим жүрөгүн мыжыга берди. “Ушул эле беле? Менин соңум ушундай бүтөт беле? Кечээгилер кана, көзүмдү карап бүжүрөп тургандар кана? Менин бир сөзүм мыйзам болчу эле го? Качан мен бардык нерсемден кол жуудум? Кол жууп бара жатканымды эмнеге байкаган жокмун?” Кайрадан жүрөгүн эзген, мыжыккан ойлордун жетегинде кетип баратканын байкап ден соолугун ойлоду. Айнекти ачып аптыга дем алды. Көчөдө бактылуу эл, бири баласын жетелеп, экинчиси бир жакка шашып, үчүнчүсү жөн гана күлүп бирөө менен сүйлөшүп бара жатат. Көрсө, бакыт ушул тура, бакыттын жөнөкөй эле формуласы ушул экен, учур менен жашаган адамдар, бир ирмемди, закымды баалаган адамдар бактылуу болушат экен. Мисалы, досу Алмаз. Өмүрүндө эски устаканасынан башка эмне көрдү дейсиң, бирок бактылуу. Учур менен жашайт. Күлсө да жүрөктөн күлүп, кейисе да чын дилинен кейийт.
– Жеттик, ушул үйбү?
Айдоочунун кеби анын оор ойлорунан ойготуп жибергендей болду. Үйүнө келип калыптыр. Ары жак, бери жагын карап, эмнегедир буту тушалып түшкүсү келбей турду. "Аттиң, ошондо башка жакка эле айдатып кетип калбай" деп кийин аябай өкүнүп жүрдү.
– Ме тыйыныңды, иним,- деп жол киресин карматып, чакан сумкасын алып түшүп калды. Өз ачкычы менен үйдүн эшигин ачып сумкасын коюп жатып чоочун эркектин үнүн укту.
– Эй, тиги абышкаң өлүп калса байлыгы сага калабы?
– Байлыгы деле калган жок, компаниясы банкрот болду, ал мурун депутат Аскар, чиновник Аскар, кыйын Аскар болчу. Азыр колунда эч нерсеси деле жок.
– Мындайлардын акчасы түгөнбөйт. Сага билгизбей катканы бардыр...
– Сараңдыгын сураба, майда-чүйдөгө чейин киришчү болду,- деп сүйлөнүп жатты Марал. Аскар нес болду. Аскардын төшөгүндө жаткан чоочун эркек! Маралдын ойношу. Ал үйүнө алып келип алгандан кайра тартпаган экен. Бакыргысы келди. Бирок дем чыгарбай буту тушалып тура берди.
– Ичиңдеги баланы билдирбе, кимден экенин...
– Коркок!
– Мен сага айткам, көңүл эле ачабыз дегем. А сен өзүң “төрөйм эле, төрөйм” дедиң! Эми мага жабыштырба.
– Келесоо, мен сени сүйүп калдым.
– Эй, жок эй, Марал, сен эч кимди сүйө албайсың. Болгону тиги абышкадан чарчап кеттиң. Кызыксыз болуп калды. Ал сага эч нерсе бере албасын билдиң. Ошол үчүн мени кайра чакырып алдың.
– Ишенбесең кой, мен сени сүйдүм,- деди Марал. Эмнегедир ушуну чын дилинен айткандай болду. Кара тору, келишимдүү сулуу жигитти тиктеп турду. Тиги мыскылдай берди.
– Иши кылып баланы эптеп тигинин фамилиясына жаздыр, анан дагы көрөбүз.
Аскар уккан кулагына ишене албай тура берди. Маралдын, демек, эбак эле бул жигит менен байланышы бар, андан боюнда да бар экен. Ачуу бир паста акылды жеңип кетти. Аттап-буттап барып ашканага кире салып колуна бычак ала койду. Уктоочу бөлмөнү ача салды. Көзүнө жарым жыңалач экөө, алардын алайган көздөрү илинди. Андан ары абалды башкара албай калды. Бычакты шилтеп жиберди. Жаш, анын үстүнө карылуу неме да, жигит аттап-буттап качып чыкты. Марал да качып бара жатып буту бир нерсеге чалынып жыгылып кетти. Аскар жетип барып бир нече жолу бычак сайып жибергенге үлгүрдү. Марал чалкасынан оодарыла берди. Акыркы жолу Аскардын ачуу бүрккөн көздөрүн көрдү. Өлүп бара жатканын түшүнө калды. Апасы оюна келди.
– Апа-а!- деген сөз оозуна келди да, колдору шалак дей түштү.
ххх
Аскар өзүнө келип башын көтөрсө жердин баары кан экен. Колунда бычак. Ошондо гана акылына болуп өткөн окуя келди. “Мен өлтүрдүм!” деп алды ичинен. Бирок кайгыруу да, коркуу да калбаптыр сезиминде. Тек бир шалдыроо басты. Өзү туруп барып милицияга телефон чалды.
– Мен аялымды өлтүрдүм!- деди ал.
Жарым саатка жетпей Аскардын батиринде милиция кызматкерлери толуп кетти. Колуна кишен салып алып бара жатканда эшиктен кирип келе жаткан аялы Сүйүндү жана уулу Эркинди көрдү.
– Ата!
– Аскар, сен эмне кылдың?
– Өлтүрдүм...- деди Аскар чарчаңкы үн менен. – Чыдай албадым. Ичиндеги бала да тигиники экен.
Сүйүн эч качан күйөөсүн мындай абалда көргөн эмес. Чыдай албай кучактап ыйлап жиберди. Аскар эч нерсе деген жок. Анын чачынан бир жыттап алып босогодон чыгып кетти. Сайт, гезит дебей баарына Аскар тууралуу жаңылыктар чыгып жатты. “Жаш аялын кызганып бычактаган депутат”, “Кызганыч эмнени гана кылбайт?..” деген темалар менен коштолуп этектей-этектей макалалар чыгып жатты. Эркин эмне кыларын билбей калды. Планы боюнча бардык ишти моюнуна алып милицияга өзү бармак. Иш бул жагына айланып кетти. Атасы камакта. Апасы эмне кыларын билбей эле ары-бери басат. Айсулуудан такыр эле кабар жок. Өзүнчө эле бир коркунучтуу түш көрүп жаткандай.
ххх
Айсулуу телевизорду тиктеп отурду. Кан жайылган бөлмө. Андагы жапжаш аялдын өлүмү, Аскардын колунда кишен байланып чыгып бара жатканы... Мына, ушул киши баарын кылган! Өзүнүн, атасынын ал тургай ичинде чоңоюп келе жаткан баланын да тагдырын ушул адам талкалаган. Бумеранг деген ушул! Апасы акырын жанына келди.
– Айсулуу, ичиңде кандай сезимдер болуп жатат билем. Бирок сени бул адамдан өч алсын деп кир иштерге аралаштырбай, Кудай өзү эле сен үчүн өч алып берди. Сенин эч нерсе кылышыңдын кереги жок. Болгону өзүңдү сактап калышың керек. Ичиңдеги наристени сактап калышың керек. Сен акылдуу кызсың, болду, токтот баарын. Башыңда пландарың бар экенин да билем. Бирок сен өч ала турган адамдарды Кудай өзү жазалады. Эрик түрмөгө кирип, ал жактан нашаакор болуп чыкты, Санжар ичкиликке берилип кетти, Аскар жаш аялын өлтүрүп, калган өмүрү түрмөдө өтөт, Эриктин атасын да атып кетишти. Анвардын өлүмүнө тиешелүүнүн баары өз жазасын алды. Сенин жазалашыңдын кереги жок.
Айсулуу терезени телмире тиктей берди. Кандай деген менен чындык кеп. Бирок ошону менен Айсулуунун жашоосу ордуна келдиби? Келген жок, албетте, шамалга учурулган жалбырактай учту да калды. Сүйдү, сүйүктүү болду, кайра анын баары жалган чыкты. Ичинде толтура боштук калды, ал тургай жүрөгүнүн алдында көтөрүп турган баланы да сүйүүгө акыбалы жетпей калды.
– А Эркинчи? Анын күнөөсү эмне болот?
– Кызым...
– А сенин күнөөңчү?
Альфия жаштуу көздөрү менен кызына тигилди.
– Мени да Кудай жазалады. Өмүр бою мен тозокто жашайм. Анвар менин биринчи сүйүүм болчу, менин таянычым, жашоодо мени сүйгөндөн тажабаган жалгыз адам эле. Мен андан айрылдым. Жалгыз кызым мага душман. Ден соолугум ара жолдо. Жалгызмын. Дагы кандай жазалашы керек? Эгерде, кызым, сага бул дагы аз дей турган болсоң. Өзүң эле өлтүрүп сал. Менин жашагым деле келбей калды.
– Мунун баары сөздөр, бул сөздөр атамды кайра алып келбейт, менин жашоомду жакшы жакка бура албайт. Бул бечара наристенин да тагдырын өзгөртө албайт.
– Ал эмне дегениң?
– Төрөйм да балдар үйүндө таштайм. Атасы таап алып кетсе алып кетсин. Менин атамдын өлүмүнө себепчи болгон наристенин көзүнө карай албайм.
– Эмне деп жатасың, наристе 100 пайыз таза төрөлөт. Сен акылыңдан адашыпсың.
– Адаштым, жолумдан да, акылымдан да адаштым. Менин андан кийин жашаарымды деле Кудай билет.
– Мынчалык ташбоор болбо. Атаң сени карап турат, эгерде бул нерсени билсе аябай капа болмок. Сени ал мындай ташбоор кылып өстүргөн эмес.
– Билем, атам мени башкача кылып чоңойткон, кызым балерина болот деген. “Айсулуунун орду сахнада” дечү дайыма. Ал менин жылдыз болуп жанып турушумду каалачу. Бирок мени тебелешти. Эч нерсемди калтырышкан жок.
Альфия сөз таба албай калды. Сыртка чыгып кетти. Эшикте акмалап турган Эркинди көрдү. Башын чайкай аны көздөй басты...
– Саламатсызбы?
– Жакшы, Москвадан качан келдиң?
– Айсулуунун аркасынан эле келгем, бирок мени менен жолукпай жатат. Жалындым, жалбардым, жүзүн да көрсөтпөдү.
Альфия оор үшкүрө күйөө баласынын жанында отурду.
– Эмне кылсак да анын алдында баарыбыз күнөөлүүбүз.
– Ооба. Бирок адам өзүн күнөөлүү сезгенден эч нерсе өзгөрбөйт тура. Мен өзүм барып берейин дегем. Бирок билсеңиз керек, атам да азыр камакта. Апамдын кан басымы көтөрүлүп жатат. Карындаштарым мени карап отурушат. Бир жагымда Айсулуу менен балам. Эмне кыларымды билбей калдым.
– Ушул маселенин эң маанилүүсү төрөлө элек балаң болуш керек, Эркин. Биз балдардын алдында жоопкерчилигибизди сезбегенден улам ушундай трагедиялар кайталана берет. Мен эне боло албадым, атаң ата боло албады. Сен жана Айсулуу биздин жаңылыштыктарыбызды кайталабашыңар керек. Менин кызыма сөзүм өтпөй калган, бирок аны акылына келтире турган бирөөнү табышыбыз керек...
(Уландысы кийинки санда)